Украинадагы согуш: соңку күндөрдүн негизги окуялары

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN DEFENCE MINISTRY HANDOUT
Economist: Орусия Курск облусуна Украина күткөндөй күчтөрдү жөнөтпөй жатат
Курск аймагындагы операция украиналыктардын согуштук духун сөзсүз көтөрөт, бирок бул аймактагы иш-аракеттер тууралуу көп жагдай белгилүү эмес. Орусия фронттогу башка бөлүктөрдү Курск аймагына украин командачылыгы каалагандай темп менен чыгарбай жатат. Мындай пикирин Economist журналы жазып чыкты.
"Согушта негизги секторлор саналган Харьков менен Донбасстан орус аскерлерин азайтуу украин командачылыгынын максаттарынын бири болсо керек. Азырынча жыйынтыктар тууралуу айтууга эрте. Орусия Харьковдогу фронтунан аскерлерин башка аймакка чыгара баштаганы белгилүү, бирок азырынча Донбасс фронтунан аз эле аскер чыкты", - деп жазат Economist.
"Алардын дагы планы бар. Орустар күчтөрдү бөлүштүрүп жатат, бирок биз каалагандай эмес. Биз логистиканы 80-100 чакырымга созо албай турганыбызды алар билишет", - деп Украинанын Башкы штабындагы анонимдүү булак Economist журналына айтып берген.
"Бирок бул операция абдан маанилүү нерсеге таасир этти, аскерлерде согуштук дух көтөрүлдү. Киевдеги мамлекеттик мекемелерде, жарадарлар дарыланып жаткан фронттогу госпиталдарда, ошондой эле жалпы украин журтунда Владимир Путинди жеңүүгө болгон жаңы кадам ташталды деген ишеним бар", - деп белгиледи аталган журналдын кабарчысы.
Журналисттин айтымында, Курск облусунда жарадар болуп ооруканада жаткан украин аскерлеринин сөздөрү да муну тастыктайт.
"Биз көптөн бери алгачкы жолу алдыга жылып жатабыз. Мен өзүмдү жолборстой эле сезип жатам", - деп "Ангол" каймана атын алып жүргөн жоокер кабарчыга айтып берген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусия Киевди көздөй чоң сокку камдап жатат
Times басылмасынын булактары билдиргендей, Курсктагы операцияга жооп ирээтинде Орусия жасай турган ракеталык чоң чабуулдарга Киев даярданып жатат.
Курск облусуна басып кирүүнүн өчүн алмакка Орусия Украин парламентинин имаратына жана башка өмөттүк имараттарга ракеталар менен массалык сокку урууга камынууда. Бул тууралуу Украинанын аскердик мекемесинин жогорку даражалуу жетекчилеринин бири Times басылмасына купуя маалымат берди.
"Орусия абдан катаал жооп берип, Курск областындагыдай иштер жазасыз калбай тургандыгын көрсөтүп, алардын колунан келбей турган эч нерсе жок дегенди бүткүл дүйнөгө шардана кылгысы келип турат",- деди басылмага маалымат берген жетекчи.
"Бул төрт ракета эмес, жүздөгөн ракета болушу мүмкүн. Канаттуу ракеталар, баллистикалык ракеталар жана "шахеддер" аралашкан чабуул болуусу ыктымал. Бул биздин абадан коргонуу системабызга чоң көйгөй жаратышы мүмкүн, бирок биз чабуулдардын мизин кайтара алабыз деп ойлойм",- деп кошумчалады маектеш.
Орусия согуш башталган алгачкы күндөн тартып Киевге ракеталык сокку урууну көздөп келет, бирок Украинанын аба чабуулдарынан коргонуу системасы дээрлик алардын баарынан коргоно алды.
Запорожье АЭСиндеги өрт өчүрүлдү
Запорожье АЭСиндеги өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургун кабарлады.
Запорожье атом электр станциясындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ошол эле окуппацияланган аймактын Орусияга ыктаган ишмери Владимир Рогов билдирди.
"Украин куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан кийин АЭСтин бир бөлүгүндө тутанган өрт толугу менен өчүрүлдү" деген маалымат Запорожьенин окуппацияланган аймагынын администрациясынын телеграм каналына жарыяланды.
Орусия тарап Украинанын дрон чабуулунан улам өрт чыкты деп баса белгилеп жатат. Украин тарап болсо станция кызматкеринин коопсуздук эрежелерин сактабагандыгынан улам өрт чыкты деп билдирүүдө.
Эки тарап тең өрттүн натыйжасында эч кандай радиация тарап кеткен жок деп ишендирүүдө.
Өрт АЭСтин градирнясында чыккан.
Градирня - электростанциянын түтүгү аркылуу бууну пайда кылып, муздата турган мунара.












