Ракеталар, жумушчулар, туристтер. Путин менен Ким Чен Ындын достугу

Путин менен Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, VALERII SHARIFULIN/TASS

Бүгүн Путиндин Түндүк Кореяга эки күндүк сапары башталат. Украинадагы согуш Москва менен Пхеньянды жакындатты, кеп бул жерде Россияга керек болуп аткан Түндүк Кореянын куралдарында эле эмес. Күн тартибинде кандай маселелер бар экени тууралуу Би-Би-Синин Корей кызматынын материалында.

Владимир Путин КЭДРге экинчи жолу келип жатат. Анын биринчи расмий сапары 2000-жылы, президенттик биринчи мөөнөтү башталганда болгон эле. Анда ал Түндүк Кореянын азыркы лидеринин атасы - Ким Чен Ир менен жолугушкан. Алар эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу декларация кабыл алышкан.

Атап айтканда, аскердик кызматташтык багытында келишим болуп, «кол салуу же коркунучтуу кырдаал болгондо эки өлкө дароо байланышат» деп чечишкен.

КЭДРдин азыркы лидери, Ким Чен Ындын уулу Ким Чен Ын Россияга эки жолу келип кеткен, соңку жолу 2023-жылы күзүндө барып, Путин менен «Восточный» космодромунда болгон. Ошондо төрага Ким Путинди Түндүк Кореяга чакырган.

Түндүк Корея менен Россиянын өткөн жылдагы жолугушуусу мамилелердин пайдубалын бекемдөө болсо, азыркы сапар, жергиликтүү аналитиктердин пикиринде, алака-катыш абдан тыгыз болуп, аскердик байланыштар бекемделип баратканын көрсөтөт.

Бул жолугушуунун көңүл чордонунда Россия менен Түндүк Кореянын армияларынын ортосундагы кызматташтык маселеси болот, бирок ал эле эмес. Путин Түндүк Корея факт жүзүндө өзөктүк куралга ээ экендигин өзүнүн сөзүнө кыстара кетмекчи. 2000-жылы Путин КЭДРга биринчи жолу барганда Түндүк Корея өзөктүк клубдун расмий эмес мүчөсү боло элек эле.

Аскердик кызматташтык: Россияга курал керек, Түндүк Кореяга — техникалык колдоо

Ракеталык даярдык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россия Украинага басып киргендин үчүнчү жылында Түндүк Корея менен Россия бири-биринин керегине жарап, өз ара алакасы өскөнүн эксперттер белгилешүүдө.

Күн тартибиндеги аскердик бөлүктүн негизги маселеси, Корей университетинин унификация жана дипломатия факультетинин профессору Нам Сон Уктун пикиринде, Түндүк Кореянын дагы канча куралы Россияга жибериле турганы тууралуу болмокчу.

Кээ бир эксперттер бул жолу Москва менен Пхеньян жөнөкөй куралдарды берүү боюнча кыска мөөнөттүү келишимдерден өтүп, абдан тыгыз аскердик кызматташтык жөнүндө макулдашат дешет, мисалы куралдар системасын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө.

Ошондой эле, балким, КЭДР Россияга саткан куралынын ордуна азык-түлүк же отун эмес, анда да маанилүү нерсе алгысы келет. Профессор Намдын пикиринде, Түндүк Корея 2023-жылы аскердик чалгынчы спутникти учура албай койгондуктан, бул ишке Россиянын жардамын сурашы мүмкүн. Дагы бир потенциалдуу тема - жогорку сапаттагы спутник сүрөттөрүнүн технологиясын алуу, мындай мүмкүнчүлүк Россиянын колунда бар.

Ал эми өзөктүк курал ачык талкууланбайт болушу керек, дейт Нам. Анткени өзөктүк куралды Корей жарым аралында жана Түндүк-Чыгыш Азияда биргелешип колдонуу же кызматташуу коңшу өлкөлөр АКШ менен Кытайдын каршылыгына кабылары турган иш.

Экономикалык кызматташтык: Россияга жумушчу күч, Түндүк Кореяга — валюта керек

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Россия менен КЭДР экономикалык алака катышты кеңейтүү маселесин да карашы күтүлүүдө. Бул маселенин маанилүү болуп жатканы - эки өлкөнүн тең санкциялардын кысымы астында калганында.

Түндүк Кореяга «жумушчулардын валюталык кирешеси керек», дейт Донг-А университетинин политология жана дипломатия профессору Кан Дон Ван. Бул КЭДРдан Россияга жумушчу күчтөрүн көп жиберүү жөнүндө келишимге алып келиши мүмкүн.

Ал эми Россияга көп сандагы жумушчу күчү зарыл, Украина менен согушта келген зыяндын ордун толтуруу, экономиканы калыбына келтирүү керек.

Бирок КЭДРга каршы санкцияларды киргизген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы бул өлкөнүн жумушчуларына чет өлкөдө иштөөгө тыюу салат. Мурда чет өлкөгө иштегени кеткен түндүк кореялык жумушчулардын баары 2019-жылдын 22-декабрына чейин репатриация болушу керек эле. Эми Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Россия расмий түрдө түндүк кореялык жумушчуларды ишке чакырса, анда бул эл аралык коомчулуктун нааразылыгын туудурушу ыктымал.

Туризм: экономикалык жана маданий кызматташтык

Россиялык туристтер Түндүк Кореяда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Россия февралда Түндүк Кореяга тайпалык турларды жандантты, ковид пандемиясында бул турлар токтоп калган эле. Түндүк Корея менен Россиянын ортосунда төрт жыл мурда үзгүлтүккө учураган жүргүнчүлөр поезди 6-июнда кайрадан жолго чыкты.

Приморск крайынын өкмөтүнүн кабарына караганда, февралдан майга чейинки убакытта КЭДРди россиялык 400 турист көрүп келди.

«Туризм — бул жөн гана чет элдик валюта иштеп табуу эмес, ал өлкөлөр ортосундагы мамилени адамдардын тикелей алакасы аркылуу жакшыртууда маанилүү роль ойнойт»,-дейт Түндүк Корея боюнча изилдөөлөр институтунун профессору Ким Дон Ёп.

Профессор Кимдин пикиринде, чет элдик туристтердин келип жатканы жабык жана кооптуу өлкө атыгып жаткан Түндүк Кореянын беделин жакшыртууга жардам берет.

Бирок туристтик инфраструктурасы жоктугунан жана чет элдиктерге эркин жүрүүгө чектөөлөр болгондуктан, КЭДРда туризмди өнүктүрүү кыйын. Бул тармактагы кызматташтык Путиндин Пхеньянга болгон сапарынын жүрүшүндө дагы бир тема болушу мүмкүн дейт профессор Кан Дон Ван. (КС)