Курсктагы салгылашуу: чабуулдар уланып, кошумча күч тартылууда

Курсктагы салгылашуулар боюнча эки тараптын тараткан маалыматтарында айырма бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курсктагы салгылашуулар боюнча эки тараптын тараткан маалыматтарында айырма бар

Орусиялык блогерлер фронт линиясы турукташа баштаганы тууралуу билдирүүлөр менен чыгууда. Анткен менен украин аскерлери Курск аймагындагы жүрүшүн илгерилетип, жаңы конуштарды көзөмөлгө алууну улантууда. Кагылышуулар барган сайын күч алып бара жатат, эки тарап тең резервдерди түзүүдө. Бул тууралуу АКШнын согушту изилдөө институту (ISW) билдирүүсүн жарыялады.

Курск облусунда азырынча фронттун линиясы жок, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн соккулары түрдүү багыттар боюнча биринин артынан бири уланууда. Ошол эле учурда орус армиясы Донбасста акырындап, өжөрлүк менен алдыга жылууда. Согуш жүрүп жаткан аймактарда абал кандай?

Украин аскерлери Курск облусунун батышында, тагыраагы Слободка-Ивановка кыштагында (Сумы шаарынын түндүк-батышында жана чек арадан эки чакырым алыстыкта), Тёткино аймагында (Слободка-Ивановканын түштүгүндө), Гордеевка, Успеновка жана Викторовка айылдарында (Сумы шаарынын түндүгүндө чек араны бойлой жайгашкан, Коренево райондук борборунун түштүгүндө) бир катар жаңы чабуулдарын жасады, — деп билдирет АКШнын согушту изилдөө институту.

Орусиялык ишенимдүү булактардын айтымында, Слободка-Ивановка, Успеновка жана Викторовка айылдары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат, ал эми Снагость жана Кремяное айылдарынын аймагында (Кореневонун түштүк жана чыгышында) салгылашуу жүрүп жатат. Украин аскерлери Кореневонун түндүгүн карай жылып, бул конушту айланып өтүүгө аракет кылууда.

Картадан көрүнүшү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Картадан көрүнүшү

АКШнын согушту изилдөө институту геолокация кадрларына шилтеме жасап, аскер жана техникасы жагынан батальонду түзгөн Украинанын куралдуу күчтөрү Каучук (Льговдун түштүк тарабында жана чек арадан 27 чакырым алыстыкта) багыты боюнча токойлуу аймакка жылганын ырастады.

Жогоруда айтып өткөн багыттар, ошондой эле стратегиялык маанилүү деп эсептелген Мартыновка кыштагындагы украин армиясынын чабуулдары тууралуу орусиялык пропагандист Семён Пегов төмөнкүлөрдү айтып чыкты:

"Душман чабуулун улантууда. Украин куралдуу күчтөрү Мартыновка айылында көзөмөлдү колго алууга аракет кылууда. Алар Кореневого да кирүү аракетин жасоодо. Рыльскка баруучу жолду кесип, Суджадан түндүккө карай илгерилеп жатат".

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Дүйшөмбү күнү украин аскерлеринин бөлүгү Псел дарыясынан өтүп, Суджанын чыгышындагы Гуев айылын ээлегенин тастыктаган видеолор чыкты. Гуеводон ары чыгышка карай жайгашкан — Спальное жана Плехов — айылдарында кармаш жүрүп, алар дагы укриан күчтөрүнүн карамагына өткөнү тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок бул маалымат азырынча тастыктала элек.

Орусия тараптан согушка катышкандар, украин тараптын күчтөрүнүн алдыңкы бөлүмдөрү орусиялык аскерлер менен бетме-бет салгылашпоого аракет кылып, эркин маневр жасап, алардын флангаларын айланып өтүп же чалгын менен чектелүүдө.

Курск аймагындагы кыргызстандыктар

Соңку кырдаалдан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" учкай маалымат берди. Министрликтин маалыматына караганда, Курск облусунда каттоодо турган 199 кыргызстандык бар. Орусиядагы кыргыз элчилиги облустун окуу жайларында билим алып жана иштеп жаткан Кыргызстандыктар менен байланышта экени айтылган. Министрликке жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат түшкөн эмес.