"Курсктагы операция". Путин менен Зеленский эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский, ВСУ Курск областында операция өткөрүп жатканын биринчи жолу тастыктады. ВСУнун Башкы командачысынын сөзүнө караганда, украин жоокерлери учурда орусиянын аймагынын 1000 чарчы километрге жакын аймагын көзөмөлдөп жатат. Владимир Путин 12-августта өткөргөн кеңешмесинде бул тууралуу башка цифралар айтылды.
12-августта Орусиянын президенти Владимир Путин жыйын өткөрүп, чек арага чектеш аймактардагы абалды талкуулады.
Жыйынга Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, өкмөт, күч түзүмдөрүнүн башчылары жана Украина менен чектешкен Белгородск, Брянск жана Курск областарынын жетекчилери катышты.
Жыйындын башында Путин өзү Курск областындагы болуп жаткан окуялар тууралуу кыскача сөз сүйлөп, орус аскерлеринен "душманды өз аймагынан кысып, кыйратып жана чек ара кызматынын көмөгү менен мамлекеттик чек араларды ишенимдүү коргогула" деп талап кылды.
Орус президенти бул тема боюнча биринчи ирет эле сүйлөп жаткан жок. Өткөн шаршембиде Орусиянын аймагындагы согуштук аракеттерди "масштабдуу чагым" деп атап, бейшемби күнү — согуштук аймактан эвакуацияланып чыккандардын ар бирине 10 000 рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм берилиши керектигин убада кылган.
Андан соң Путин чек арага чектеш областтардын жетекчилерине сөз кезегин берди. Курск областынын губернаторунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган Алексей Смирнов өз баяндамасында аймактагы абал "оор" экенин айтты.
"Бүгүнкү күндө 28 калктуу пункт душмандын карамаганыда калды. Алар Курск областына 12 км ичкери карай кирип келишти, фронттун аймагы туурасынан — 40 километрге жетти",- деди Смирнов.
Смирновдун сөзү ушул жерине жеткенде Путин анын сөзүн бөлүп, мындай маалыматтарды тааныштыруу Коргоо министрлигинин компетенциясына кире тургандыгын билдирди. Президент мындай кеп-сөздүн ордуна областтагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүү тууралуу сүйлөөнү сунуш кылды.
Ошентсе да Смирнов 28 калктуу пункт тууралуу дагы бир ирет айтып, ал жактагы 2 миң кишинин тагдыры бийликке белгисиз болуп жатканын билдирди. Анын айткандарына караганада, учурда Курск областында эвакуациялоо иштери уланууда. 10 километр аймактагы төрт район жана Сужанск, Кореневский райондорунун калкы толугу менен коопсуз аймактарга чыгарылып жатканын билдирди. Губернатордун убактылуу милдетин аткаруучу украин күчтөрү кирип келгенден тарта Курск областында 12 жай тургун каза таап, 121 киши жаракат алганын арасында 10 бала да бар экенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүгүнкү күнгө чейин орус бийлиги да, украин бийлиги да Курск областындагы айылдарды ээлеп алуу тууралуу эч кандай расмий маалымат бербей келди. Орусиянын Коргоо министрлиги ВСУнун жеке курамынын жана алардын согуштук техникаларынын жок кылынышы тууралуу маалыматттар менен чектелди. Генштабдын башчысы Смирнов болсо 7-августтагы кеңешмеде "думшандын Курск областынын аймагына ичкери карай жылуусу токтотулду" деп билдирген.
Киев өз кезегинде Курсктагы операция тууралуу билдирүү бербей, үн катпай келди.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок 12-августтун кечинде украин президенти Владимир Зеленский атайын кеңешме өткөргөнүн билдирди. "Эң негизгиси башкы командачы Александр Сырскийдин фронтогу биздин коргонуу аракеттерибиз жана Курск областындагы операция тууралуу баяндамасы болду",- деп жазды Зеленский коомдук сайттагы баракчасына.
Видео байланыш аркылуу баяндама жасаган ВСУнун Башкы командачысы, украин күчтөрү "Курск областында чабуул коюу операцияларын улантып жатат" деп билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда ВСУ орус аймагына таандык болгон 1000 чарчы километр аймакты көзөмөлдөп жатат.
Кийинчерээк Владимир Зеленский өзүнүн күнүмдүк кечки кайрылуусунда, Курск обалстында ВСУ күчтөрү ээлеп алган аймактар, Орусия Украинанын Сумск аймагына сокку уруп турган тилкелер болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул операциялар Украинанын чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздайт жана анын эң башкы максаты — "чек ара аймактарын орус күчтөрүнөн тазаалоо" деп кошумчалады. Мындан сырткары ал укриан күчтөрүнүн "алмашуу фондун толуктап жаткандыгы" үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Зеленский Коргоо министрлигине жана дипломаттарга өнөктөштөргө кайрылып, украин аймагын коргоо үчүн ыраакка сокку урчу куралдарга уруксат алуу боюнча зарыл болгон кадамдардын тизмесин даярдоо тапшырмасын бергенин билдирди.
Буга чейин дүйшөмбү күнү Украинанын Коргоо министри Рустем Умеров франциялык кесиптеши менен сүйлөшүп, орусиянын аймагындагы аскердик буталарга сокку уруу боюнча тыюуларды жокко чыгарууга чакырганын билдирген.
"Франциянын Коргоо министри Себастьен Лекорню менен жакшы сүйлөшүү өткөрдүк, - деп жазды Умеров. Х — социалдык тармагына жазган бул билдирүүсүндө ал "душмандын аймагындагы аскердик буталарына сокку урууга тыюну жокко чыгарууну жактадым" деди.








