You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айсулуу Тыныбекова күмүш алды
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакка чейинки категорияда Токио-2020 Олимпиада оюндарынын күмүш медалын алды.
Ал финалдык беттеште япониялык спортчу Юкако Каваиге 4:3 эсебинде жеңилип калды.
Кечээ украиналык Ирина Коляденкону жарым финалда 10:0 эсебинде жеңип, Олимпиаданын финалына жолдомо алган.
Ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Тунде менен беттешип, 6:2 эсебинде уткан. Ага чейин биринчи атаандашы латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп алган.
Айсулуу Тыныбекова кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону (2019) жана дүйнө биринчилигинде коло байгенин ээси (2017), Азиянын 4 жолку чемпиону (2016, 2017, 2019,2021). Азия Оюндарынын чемпиону (2018) жана коло байгесинин ээси (2014). 62 кг. салмактагы Дүйнө биринчилигинин Кубогунун чемпиону (2020). Эми ал Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021).
Айсулуунун каршылашы ким болду?
Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешишкен. Биринчи жолу Кытайда Азия чемпионатында кармашышкан. Анда Айсулуу утуп алган. Экинчи беттеш Казакстанда өткөн, анда дагы кыргыз спортчусу жеңишти берген эмес. Эки спортчу кыз үчүнчү жолу Индияда кармашкан. Бирок бул жолкусунда япон спортчусу Айсулууну утуп алган. Экөө төртүнчү жолу Олимпиада оюндарында баш байге үчүн күрөшүштү.
Юкако Каваи 2020-жылкы Азия чемпиону, 2018-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси жана 2014-жылы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болгон.
Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган, бирок Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон. Ал кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат. Айсулууну дене тарбияга жана спортко эмгек сиңирген ишмер жана эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечев машыктырып келет.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу Олимпиадага жолдомо алган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.
23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта аяктайт.