You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкекте жол кире кымбаттайт
Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысы 1-ноябрдан тарта кымбаттайт. Бул боюнча 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чечим кабыл алышты.
Жол кире маршруткаларда 15 сом, ал эми автобус менен троллейбустарда 11 сомдон болот.
Буга чейин борбор калаада жол кирени көтөрүү боюнча көп жолу талкуу болуп келген. Алардын эң соңкусу быйыл июнь айында кичи автобустардын айдоочуларынын иш таштоосу менен коштолгон.
Анда айдоочулар жол кирени көтөрмөйүн каттамдарга чыкпай турганын айтышкан. Троллейбус, автобустарга эл батпай, шаардыктарга коомдук транспорт жагынан ыңгайсыздыктар жаралган болчу.
Бир жумадай иш ташташкан маршруткалардын айдоочулары акыры кайра жумушка чыга башташкан. Бирок жол кире көтөрүлгөн эмес.
Баш калаадагы жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан.