You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкек: иш таштоо эртең бүтөт
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Борбор калаадагы маршруттук каттамдардын айдоочулары экинчи күн катары менен жумушка чыкпай коюшту. Троллейбус, автобустарга эл батпай, шаардыктарга коомдук транспорт жагынан ыңгайсыздык жаралды.
Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Эмил Үңкиев Би-Би-Си аркылуу калаа тургундарынан кечирим сурап, бүгүн-эртең жүргүнчү ташууга байланышкан маселе чечилерин билдирди.
Э.Үңкиев: Айдоочуларда деле үй-бүлө деген бар, аларды багыш керек. Айдоочулардын 100% ошол талапка макул болуп атат деген деле туура эмес болуп калат го. Азыр бизге чалып, жумушка чыгып иштей берсек болот эле дегендер болуп атат. Буга чейин айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери, жолугушуулар болуп атты. Буйруса, эртең бул иш таштоо бүтөт.
Би-Би-Си: Ошондо жол кире 15 сомго көтөрүлгөнү калдыбы же кандай болгону жатат?
Э.Үңкиев: Бул мыйзам чегинде гана чечилчү маселе. Алар силер эле чечип койгула дегендей кылып атат, бирок андай болбойт. Туура эмес болуп калат да. Алардын айтканын мэрия депутаттарга жеткирет. Бирок бул маселе боюнча чечим кылуу үчүн Бишкек шаардык кеңешке жаңы шайлоолордун өтүшүн күтөбүз. Шайлоо болуп, ошондой чечим болсо деле, ал мыйзам бир ай коомдук талкуудан өтүш керек, эрежеси ошондой да.
Бир чети аларга да кыйын, бардык нерсе, анын ичинде азык-түлүк деле кымбаттады. Мэрия буга каршылык көрсөткөн жок. Болгону мыйзам чегинде болсун деп атабыз.
Би-Би-Си: Шаар боюнча азыр канча автобус, троллейбус иштеп жатат?
Э.Үңкиев: 140 троллейбус линияда иштеп жатат. 120 автобус да кызматта. Буга кошумча "Манас" аэпорту, ИИМ жана башка мекемелерден автобустар да ишке киргизилди. Андан тышкары шаардыктар ич ара бири-бирине колдоо көрсөтүп жүргүнчү ташып атышат.
Би-Би-Си: Жүргүнчү ташуу бизнесине Бишкекте канча компания тартылган?
Э.Үңкиев: 38 компания бар экен. Бирок ошол компания жетекчилери менен айдоочулар арасында түшүнбөстүк бар окшойт. Себеби, жетекчилери айдоочуларды тыя алышы керек эле. Жолугушууларды жүргүнчү ташыган компания жетекчилери, айдоочулар менен да өткөрүп жатабыз. Бири-биринин тилин албай жатышат.