ДСУ Африкада маймыл чечегинин эпидемиясын өзгөчө кырдаал деп жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жер шарына коркунуч туудурган маймыл чечеги илдетинин Африкадагы эпидемиясын өзгөчө кырдаал деп жарыялады. 2022-2023-жылдары эле аталган илдет дүйнөнүн чар тарбынан аныкталган эле, бирок бул ирет андан да кооптуу штаммы таралууда.
Бул жолку жаңы эпидемиянын очогу Конго республикасы болуп калды. Анда 450 киши илдеттен көз жумуп, андан соң Борбордук жана Чыгыш Африкага жайылып кетти.
ДСУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус быйылкы жылдын биринчи жарымында эле илдетти жугузуп алгандардын саны өткөн жылдагыдан ашып түштү. Мындан улам ал аталган уюмдун тиешелүү комитетинин сунушу менен эпидемиянын жаңы толкунун "коомдук саламаттык тармагындагы эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" деп жарыялады.
"Илдеттин мындай тез таралышын ооздуктап, адам өмүрүн сактоо үчүн эл аралык коомчулуктун координацияланган жообу керек",- деди Гебрейесус.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Маймыл чечеги өтө жугуштуу вирустук оору. Вирус кишиден кишиге денеси аркылуу жугат. Мисалы жыныстык катнаш. Мындан сырткары эгерде ооруган адам башкалардын бетине жакын туруп сүйлөшсө, дем алса дагы жугат.
Илдет сасык тумоонукуна окшош симптомдор менен коштолот жана териде суу толгон ыйлаакчалар пайда болуп, жүз учурдун биринде өлүмгө чейин жеткирет.
ДСУнун сайтындагы маалыматтарга караганда, илдет 2022-жылы Европада, Түндүк жана Түштүк Америкада тездик менен тарап, андан соң 110 өлкөдө аныкталып, 87 000 киши ооруду. Анын 112си каза тапканы жазылган. Ковид пандемиясы так көрсөткөндөй, статистикалык каттоого алынбай калгандардан улам чыныгы сандан кыйла аз болушу да ыктымал. Көбүнчө гейлер жана бисексуалдар жугузуп алышкан, бирок илдет алар менен эле чектелбейт.
Мурда анчалык кооптуу эмес деп эсептелген "клада II" штаммы аркылуу жайылган.
Учурда Африкада "клада I" штаммы жайылып, ага кабылгандардын он пайызга жакыны каза табууда.
Конго республикасында жыл башынан бери 13 700 учур катталып, кеминде 450 киши каза тапты.
Конгодон сырткары Түштүк Африкада, Бурундиде, Кенияда, Руандада жана башка өлкөлөрдө аныкталды.
ДСУ өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо менен Африкадан сырткары мамлекеттер бул илдетти изилдеп жана ага каршы күрөшүү үчүн көбүрөөк каражат бөлүп, эмдөөгө өзгөчө көңүл бурат деп эсептейт.










