You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Араб дүйнөсү менен алгылыктуу алакага жетели
Ко-ош. Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмиратына иш сапары менен барып келди. Расмий сапар, мамлекеттик визит деңгээлине али чыга элек. Кызматташууга дилгир экенибизди туюнтуп, мамлекет башчысынын араб дүйнөсүнө баш бакканы дурус аракет. Айтымда, араб эмираттары кыргыз делегациясын жакшы кабыл алыптыр, абдан сыйлаптыр, бизге урматын билдириптир.
Абу-Дабидеги эң бийик мунарасы “Буржа Халифа” биздин кырмызы кызыл желектин түсүнө боелуп, шаңкайган экен. Бириккен Араб Эмиратын негиздөөчү, анын туңгуч президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын урматына Кыргызстанда мөлтүр кашка суу башаты ак карлуу тоодогу көк жалтаң мөңгүгө ысымы ыйгарылган экен. Чөл баласына мындан артык белек болбосо керек. Берешендик жагынан кыргыз алдына киши салбайт. Бирок бул жолку марттыгы кесепетсиз тартуу.
Кыргыз делегациясынын ушул сапарында бир нече документтерге, эң башкысы 100 млн долларлык уставдык фонду бар биргелешкен холдинг түзүү келишимине кол коюлду. Келечекте бул холдинг транспорт-логистикалык, IT-инновациялык, энергетикалык, архитектуралык, тамак-аш өнөр жайы тармактарында 1 млрд доллардан ашык инвестициялык долбоорлорду каржылай ала турган кубаттуу ишканага айланат деп маалымдады кошо баргандар.
Куп болуптур. Кубаттайбыз, барсын, сүйлөшсүн, макулдашсын, алар бизге келсин, барды-келди визиттердин майнабы майлуу, сүттү болсо кимге жаман? Биз араб дүйнөсүн али жакшы билбейбиз, араб өлкөлөрү менен ырыстуу кызматташа элекпиз. Кызматташуу жагдайларын, мамиленин өтмүштөгү сабактарын, келечек багытын болжоп, күңгөй-тескейин олуттуу талдай элекпиз.
Араб дүйнөсү чиеленишкен түйүн
Араб дүйнөсү абстрактуу түшүнүк эмес. Жакынкы Чыгыш толук, Африка континентинин теңи (түндүгү жана чыгышы) кирген килейген аймак, стратегиялык Персия булуңу, 400 миллионго чукул калк. Байыркы цивилизациялардын мураскери, калктын басымдуу бөлүгү ислам динин туткан өлкөлөр. 1945-жылы уюшулган, 22 мамлекет кирген Араб мамлекеттеринин лигасы, кийинчереээк түзүлгөн Персия булуңу мамлекеттеринин кеңеши, Араб координациялык кеңеши, Ислам банкы сыяктуу абройлуу эл аралык бирикмелери, финансылык уюмдары бар. Араб дүйнөсү мунай, газ, алтын-күмүш, эбегейсиз байлыкка ээ аймак. Араб дүйнөсү деп аталган менен айырмачылыктары арбын. Табигый байлыгы мол болсо да өнүгүү деңгээли ар кандай өлкөлөр. Бахрейн, Катар, Араб эмираттары, Кувейт, Сауд Аравиясы, Оман сыяктуу байлары да, Сомали, Йемен, Судан сыяктуу жакырлары да бар. Бир кезде гүлдөгөн, “Африканын Швейцариясы” аталган Ливан азыр экономикасы чабал өлкө. Ливияда жарандык жаңжал басылбай, саясий, конституциялык кризис аягына чыга элек. Сирия, Ирак согуштан башы чыкпай келет. Араб аталганы менен түрдүү улуттар, ар кошкон журт, ондогон тилдер, жүздөгөн диалекттер, нечендеген диндер жана конфессиялар. Дүйнөлүк диндердин эң соңкусу ислам дини түркүн агымга, теологиялык мектептерге, жаатташкан топторго бөлүнөт, а тургай алардын ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп, эпкини бизге чейин жетип туру.
Эзелки империялардын урандысы, эски колониялар, жаңы мамлекеттер. Албетте, бул өлкөлөрдүн аймагында байыркы гүлдөгөн цивилизациялар, мамлекеттер болгону анык, бирок азыркы турпатындагы эркин аталган суверендүү өлкөлөр кийин, соңку жүз жыл аралыгында пайда болушту. Аймак эзелтеден ар кандай империялардын, кубаттуу мамлекеттердин талашынын объектиси болуп келген. Эми да ири мамлекеттердин, согуштук-саясий уюмдардын, экономикалык блоктордун араб дүйнөсүнө таасир этүүгө кусаматы күч, анын кен байлыктарына (нефть, газ, жер астындагы таза суу, асыл таштар ж. б.) ээлик кылуу үчүн атаандаштыгы курч.
Араб дүйнөсү кылдат жана жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат
Араб өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилебиз, айрымдарында элчиликтерибиз бар, бирок мамилебиз тыгыз, соода-экономикалык алакабыз ургаалдуу дешке али эрте. Мамиле бир тараптуу. Араб мамлекеттеринин кубаттуулары жана дымактуулары СССР кулаган соң Борбор Азия деген жаңы мейкиндикке баш багып көрүштү. Адеп идеологиялык, маданий долбоорлор аркылуу кирди. Ислам дининин түрдүү идеяларын жайылтты, мечиттердин курулушун каржылады, жаштарды алып барып диний окуу жайларында окутту, кыскасы таасир этүүнүн көп жылдык стратегиясын түзүү аракетинде болду. Тышкы дүйнөгө эптеп чыксак, өң-түсүнүн, ниет-пейилинин эмне кереги бар, жардамы тийсе болбодубу деген маанайда түркүн шартта, түркүн субъектер менен алака түзгөнгө умтулдук. Ылгабай кучак жайдык, эки жакка абай салбай баш урдук. Аңгыча дипломатияда осол иш кылып, чекилик кетирдик.
1993-жылы алгачкы президент Аскар Акаев Иерусалимге (арабча аталышы - Аль-Кудс) элчилик ача турган болдук деп жар салды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын бул боюнча резолюциясын эске алганды койдук, араб-еврей ортосундагы эзелки талаштын “башын ачып”, Иерусалимди еврейлерге таандык деп тааныбасак да ошого тете бул кадамга араб дүйнөсү катуу реакция кылган. Айрымдары эмдигиче кечире элек. Ислам конференциясы сыяктуу уюмдардын форумдарында да кээ бир талылуу маселелерде, жамы мусулман, түрк мамлекеттери карманган позицияны колдобой, бир-эки курдай ойт берип, кеп болдук. Ушул сыяктуу саясий алешемдиктер бир себеп болушу ыктымал.
Экинчиден, убагында алдым-жуттуму көп, жемкору арбын, сөзгө турбаган мамлекеттей таасир калтырып, кызматташуудан чочулай башташты көрүнөт. Балким бизге белгисиз башка да себептери бар чыгар. Айтор ошондон тарта кызматташуу деп аталган алакаларыбыз идеологиялык багыттагы бир тараптуу агымга түштү. Башкача айтканда арабдар мечиттерин салып, балдарыбызды окута берди, товарын киргизди, экспорт-импорт операциялары биз үчүн эселеген тескери сальдо менен чыгып турду. Биз товар чыгарбадык, бизге товарлар келди, жаштарыбызды күргүштөтө жибердик, идеялар жайылды. Асты жарытылуу инвестиция салынбады, технология, өнөр-жай, айыл чарбасы, энергетика сыяктуу тармактарда майнаптуу иш кылбадык. Мисалы, эгемендик жылдары жалпы араб дүйнөсүнүн салган ивестициясынын суммасы Кыргызстанга кирген жалпы инвестициянын 10% жетпей келди.
2015-жылга карата Араб координациялык тобу салган биргелешкен инвестиция болгону 270 миллион доллар. Араб өлкөлөрүнө бир нече ирет жогорку деңгээлдеги визиттер, өкмөттөр аралык жолугушуулар, бизнес-форумдар болду. Ошол жолугушууларда жана бизнес форумдарда Кыргызстан өкмөтү араб өнөктөштөрүнө ондогон долбоорлорду сунуштаганын шардана кылып келебиз. Маселен, акыркы жыйырма жыл ичинде ар бир араб өлкөсү менен жолугушууда энергетика тармагында (ГЭСтер), жолдор (Суусамыр-Талас-Тараз жолу, Түндүк-Түштүк альтернатив жолу, Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолу, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу), логистикалык долбоорлор (“Манас” эл аралык хабы), чайкама жана казып алма алтын-күмүш, асыл таш кендерин иштетүү, айыл чарба азыктарын өндүрүү, мөмө-жемиш өстүрүү сыяктуу долбоорлор сунушталат. Бир караганда башы бош акчасы арбын, капиталдык салымга кубаты жеткен араб бизнесмендери чындап киришмек турсун, даай элек.
Туура, 1975-жылдан бери ургаалдуу иштеп келе жаткан Араб координациялык тобу (Ислам өнүгүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүгүү фонду, Абу-Даби өнүгүү фонду жана башка бир катар мамлекеттер жана уюмдар кирет) Кыргызстанга гранттык жардамдарын, гуманитардык колдоосун көрсөтүп келет. Бирок тике жана ири, ийгиликтүү жана реалдуу инвестиция негедир азырынча көзгө чалдыкпайт. Араб дүйнөсүнүн биздин өлкө менен эки тараптуу соода алакасына, экономикалык кызматташуусуна тоскоол болгон жагдайлар бар өндөнөт. Жакшылап талдап, алар менен тактап, тоскоол болгон себептерин жойгон соң сунуштабасак, адеп эле ар кимге мына, ГЭС салам же идишке куюп ташып кетсең көк кашка суу турат, казсаң кадам сайын кен жатат, иштетсең кара жер, өстүрсөң мал, эс алам десең ажайып тоо, ыйык Көл турат дей бергенден майнап чыкпайт окшобойбу. Байыган сүзөнөөк уйдан кутула тажагансып, ар кимге сунуштай берип, жер-суубуздун баркын кетирип, алтын-зердин ашмалтайын чыгарып албайлы.
Албетте, араб дүйнөсүнө кирген айрым мамлекеттеринин экономикалык потенциалы чоң, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү зор. Арабдар ийгиликтүү инвестиция кылган мисалдар жетиштүү. Маселен, ошол эле Монголия Персия булуңуна эттин ири экспортеру.
Ар тараптуу алака алгалай берсин
Араб дүйнөсүн биздин коңшулар да потенциалдуу инвестиция булагы гана эмес, ири рынок катары да эсептейт. Персия булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтыгы Кеңешинин баш катчысы Найеф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф Казакстанга расмий сапарында бул бирикмеге кирген өкөлөргө Казакстандын унун, өсүмдүк майын, айыл чарба азыктарын сатып алуу көлөмүн көбөйтүүгө дилгирлигин билдирген. Казак, өзбек туугандар арабдарга товарларын сатып келген, дагы сатмакчы, кызматташып келген, улантмакчы.
Демек алдардын тажрыйбасын үйрөнүү кажет. Араб дүйнөсү татаал, көп кырдуу, андыктан алардын ар бири менен жекече жана кылдат мамиле талап кылынат. Алар бизге не бере алат, биз аларга кай оокатты сунуштай алабыз, алаканын шарттары кандай, биз кандай пайда табабыз, алардын көздөгөнү эмне деген сарэсеп саясат, сабаттуу дипломатия, жоопкерчиликтүү мамиле зарыл.
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.