You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ грин-карт лотереясын убактылуу токтотот
АКШ бийлиги грин-карт лотереясын токтотууну көздөп жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Ноэмдин билдирүүсүндө, 2017-жылы Браун университетинде ок чыгарган Клаудио Мануэл Невеш Валенте АКШга Diversity Visa (DV 1) программасы менен кирип, кийин туруктуу жашоочу статусун алган. Министр анын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилбеши керек болчу деп билдирди.
Ноэм ошондой эле 2017-жылы АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин визалык лотерея программасын токтотууну жактаганын эске салды. Анда DV1 программасы боюнча АКШга кирген ИГИЛ согушкери жүк ташуучу унаа менен адамдарды качыра сүзүп, кесепетинен сегиз кишинин өмүрү кыйылган
Министр өз билдирүүсүндө президент Трамптын көрсөтмөсү менен АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматына (USCIS) бул программаны тез арада токтотуу тапшырмасы берилгенин айтты.
Грин-карт - бул АКШга кирүүгө, туруктуу жашап калууга мүмкүнчүлүк бере турган документ. Аталган лотерея жыл сайын өткөрүлүп, жыйындыгында дүйнө боюнча 10 миңдеген адамга АКШда туруктуу жашап калууга мүмкүнчүлүк берилет. 2025 жылы Кыргызстандан 3 000ден ашуун киши грин-карт утуп алган.