Түштүк Кореяда президентти камакка алуу ишке ашкан жок. Кийинки кадам кандай?

Камакка алуу аракети ишке ашкан жок

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камакка алуу аракети ишке ашкан жок

Түштүккореялык тергөөчүлөр кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлду камакка ала алышкан жок. Юндун күзөт кызматы менен бир нече саатка созулган каршылашуудан кийин тергөөчүлөр тобу аны кармоо ниетинен баш тартышкан.

"Биздин баалашыбызга караганда, алардын катуу каршылыгынан улам камакка алуу мүмкүн эмес. Биз ал жерде командабыз үчүн тынчсыздандык. Биз айыпталуучуга карата […] катуу өкүнө тургандай ыкмасын табабыз",- деп билдирди Түштүк Кореянын Коррупцияны иликтөө бюросунун (CIO) өкүлү.

CIO кызматтан кетирилип жаткан президентти камакка алуу операциясын токтотуунун дагы бир себеби - Юн Сок Ёлдун резиденциясына келген тергөөчүлөр тобунун коопсуздугунан улам ушундай чечим кабыл алууга туура келгенин айтышты.

Юндун тарапташтары чогулду

Сүрөттүн булагы, Reuters

3-январдын таңында Юн Сок Ёлдун резиденциясына барышып, аны камакка алууга аракет кылышты, бирок алардын мындай аракети коопсуздук кызматы тарабынан токтотулду.

Келген тергөчүлөр тобунун бир аз эле бөлүгү резиденциянын аймагына кире алды. Yonhap агенттиги билдиргендей, адегенде кирип барган тергөөчүлөрдү кайсы бир аскердик түзүмдүн аскерлери тосуп калган. Бирок алар коё берген менен президенттин күзөт кызматы аны камакка алууга мүмкүндүк берген эмес.

Юн Сок Ёлду камакка алуу аракети токтотулганга чейин президенттин күзөт кызматынын өкүлү тергөөчүлөр менен "сүйлөшүү" жүрүп жаткандыгын билдирген.

Түштүк Кореядагы саясий кризис

Сүрөттүн булагы, Reuters

3-январда Юндун резиденциясына миңге чукул тарапташы чогулуп, "импичментти жокко чыгарып" жана Түштүк Кореянын президентин сактап калууну талап кылышты.

Би-Би-Синин окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы тергөөчүлөр чыгып кетишкенин билдирди. Алар кетип бара жатканда чогулуп тургандар "Биз жеңдик!" деп кыйкырып турушканын айтып берди.

Жума күнү президенттин резиденциясынын айланасына полциянын кордону коюлган. Полиция ушинтип башаламандыктардын алдын алууну көздөгөн жана алар Юн Сок Елдун тарапташары будуң-чан салышы мүмкүн деп болжошкон.

Президент Юндун жактоочулары камакка алууга ордер берүүнү дагы, камакка алуу аракетин дагы мыйзамсыз деп санай тургандыктарын билдиришти.

Күзөт кызматы мурда эле тергөөчүлөрдү президенттин кеңсесине жана анын жеке резиденциясына киргизбей жаткан эле. Тергөөчүлөр тобу болсо тинтүүгө ордер бар экенин билдиришкен.

Түштүк Кореянын тарыхында тарапташтары жана курчап тургандардын физикалык каршылыктарынан улам белгилүү саясатчыларды камакка алуу чечиминен баш тарткан учурлары болгон.

Коррупцияны иликтөө бюросу эми кандай кадамга барып, кандай чечим кабыл алышаарын ойлонуп жатышканын билдирди.

Кореянын президентине каршы өткөн нааразылык акциялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бийликтен түшүрүү жана айыптоо

3-декабрда Түштүк Кореяга аскердик абал киргизүү аракети үчүн президент Юнду камакка алуу ордери ушул аптанын башында Сеулдун Батыш округдук соту тарабынан берилген жана ал 6-январга чейин күчүндө болот.

Бул демек, жакында эс алуу күндөрү тергөөчүлөр бийликте четтеттүү аракетине кабылган президенти кайрадан камакка алууга бир же бир нече жолу аракет кылып көрөт дегенди билдирет. Бирок ал аракеттерге дагы президенттин тарапташтары жолтоо болушу мүмкүн. Алар келе жаткан дем алыш күндөрү резиденцияга чогулуп келүүнү пландап жатышат.

Ошол эле учурда тергөчүүлөр камакка алуу боюнча жаңы ордер берүү боюнча өтүнүч менен кайрылышы ыктымал жана Юн Сок Елду кайрадан камакка алууга аракет кылышы дагы мүмкүн.

Юн Сок Ёл аны камакка алуу аракетине чейин үч жолку суракка чакырууну тоотпой койгон. Натыйжада тергөөчүлөр өткөн аптанын аягында камакка алуу боюнча ордер беришти. Юндун адвокаты бул өтүнүчтү мыйзамсыз деп жатат.