"Атамды розалар өскөн короого көмүштү". Согушта экиге бөлүнүп, жакындары менен коштошо албай калган украиналыктардын баяны

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC
- Author, Виктория Приседская
- Role, Би-Би-Си украин кызматы
Бул Виктория Приседскаянын макаласынын котормосу. Материалдын түп нускасын Би-Би-Синин украин кызматынын сайтынан окусаңыз болот.
Жакын адам каза болгондо аны акыркы сапарга узатуу мүмкүнчүлүгү — кылымдардан бери кайгыны жеңүүгө көмөктөшкөн маанилүү жөрөлгө.
Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери фронттун эки тарабында калган көптөгөн үй-бүлөлөр бул укуктан ажырап калышты.
Украиналыктардын көбү оккупацияланган шаарлардагы жана айылдардагы үйлөрүнө аскердик аракеттерден жана чек арадагы катуу текшерүүлөрдөн улам да жете албай жатышат.
Натыйжада алардын жакындарын көбүнчө бөтөн адамдар – кошуналар, тааныштар көмүшүүдө.
Жакын адамы менен коштошо албай, кээде анын мүрзөсү кайсы жерде экенин даана билбей калуу маркумдун туугандарынын жан дүйнөсүн эңшерип кетүүдө.
Аларды жакындарыбыз түбөлүк жай тапкан жерге качандыр бир кезде барабызбы же жокпу деген суроо ого бетер кыйнайт.
Түп тамырынан бери жок болгон айыл
"Атамдын, чоң апамдын жана чоң атамдын арты-артынан курман болгонун уктум", — дейт Мария.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин украин кызматы коопсуздук максатында каармандын атын өзгөрткөн. Бирок редакцияда анын жеке маалыматтары жана бул окуяны тастыктаган далилдер бар.
Үй-бүлөнүн үч мүчөсү январда каза болгон, бирок Мария бул тууралуу февралда гана уккан. Ал бир айга чукул жакындарынын тагдыры тууралуу эч нерсе билген эмес.
Мария Донецк облусундагы чакан айылдардын биринде төрөлгөн. Бул аймак 2014-жылдан бери майдан сызыгында турат.
Ал өзү көп жылдан бери Киевде жашайт, бирок атасы, чоң апасы жана чоң атасы Донецк аймагында калышкан.
2024-жылдын күзүндө Угледар шаары оккупацияга кабылгандан кийин орус аскерлери Курахово тарапты көздөй жыла баштаган. Согуш башталганга чейин Мариянын кичинекей, бирок кооз айылында миңге жетпеген киши жашаган. Владимир Путин Донецк облусунун бүт аймагын басып алуу планын ишке ашыра баштаганда бул жер дагы бутага илинген.
Ошондон бери Мария фронт сызыгы ата-энесинин үйүнө тез ылдамдык менен жакындап келе жатканына тынчсыздануу менен көз салып турду.
"Кечээ жайында эле атам огороддо иштеп, бир нерселерди отургузуп жаткан. Жада калса жардам үчүн жумушчуларды да жалдаган", — дейт ал.
Бирок сентябрдан тарта байланыш менен кошо жарык жана суу да үзгүлтүккө учурай баштаган. Ошондон тарта Мария атасы менен зорго сүйлөшүп, дайыма коопсузураак жерге көчүп кетүүнү суранчу.
Кыска сүйлөшүүлөр маалында артиллериянын тарсылдаган үнү угулуп турчу.

"Атам менен байланышууга мүмкүн болгондо кубанасың, бирок телефонду койгон соң, кийинки секундда ал тирүү болбой калышы мүмкүн экенин түшүнөсүң", — дейт Мария.
Мариянын апасы кийинчерээк айылдан көчүп кеткен, бирок атасы 87 жаштагы өзүнүн энеси менен атасын карап, айылда калууну чечкен. Атасы алар жол жүрө албайт деп эсептеген.
Мариянын чоң апасы бала чагында немистердин баскынчылыгын баштан өткөргөн. "Мен немистерден аман калгам, булардан да тирүү калам", деп айтып калчу экен.
"Менимче, алар бул согуштун үрөй учурган чындыгын, анын ырайымсыздыгын толук аңдай алган эмес", — дейт Мария.
Кийин кыска сүйлөшүүлөр да токтоду. Орус армиясы жакындап келаткан.
Бир аз убакыт Мария менен атасы бири-бирине кыска СМСтерди жөнөтүп турушкан, бирок көп өтпөй мындай билдирүүлөр да кетпей калды:
"Ошондон улам абдан капаланып жүрдүм. Согуштун курчоосунда калып, бир жакка билдирүү жазып жатасың, бирок сенин жазганыңды ал жактан кимдир бирөө окуйбу же жокпу, таптакыр белгисиз".
Декабрда ал өзү чоңойгон турак жай кыйрап калганын укту. Кийинчерээк Мария ал үйдү дрон менен тартылган видеодон таап алды, видео орусиялык ресурстардын биринде жарыяланган эле.
Үй катуу өрттөнгөн, чатыры түшүп, терезелери талкаланып калган.
Атасы коңшусу менен чогуу орус армиясынын соккусуна чейин эле даярдап койгон жер төлөгө көчүп барган. Ал жакка меш коюп, бир аз эмерек киргизип, тамак-аштын да бир аз запасын топтоп алган болчу. Мария ошол жерде атасы аман калат деп үмүттөнгөн.
Бирок атасы күн сайын жашырынып жаткан жеринен чыгып, айылдын наркы четинде жашаган энесине нан жана башка азыктарды жеткирип турган.
Мариянын божомолунда, дал ушундай күндөрдүн биринде атасы дрондун чабуулунан жаракат алган.
Окуя кандай болгонун Мария толук билбейт. Атасы набыт болгонун ага оккупацияланган аймактан чыгып кетүүгө үлгүргөн айыл тургундардын бири айтып берген.
Кыз маалыматты тааныштарынын айткан сөздөрүнөн, андан соң айылдык чатка жазылган үзүк-кесик билдирүүлөрдөн топтогон.
Коңшуларынын көбү согуш активдүү баштала электе эле кетип калышкан, айылда негизинен кары-картаңдар гана калган.
Марияга жеткен маалыматтарга караганда, атасы жаракат алгандан кийин үйүнө жетүүгө үлгүргөн, жарым-жартылай кыйраган турак жайга кирип, диванга жатып, ошол жерде көз жумган. Аны Мариянын үй-бүлөсү роза өстүргөн огородго көмүшкөн.
Ошол эле айылдык чаттан Мария чоң апасы менен чоң атасы коңшу шаарга жөө кетүүгө аракет кылышканын, бирок жолдо каза болушканын укту.
"Эмне болгонун, балким, эч качан так биле албайм. Бирок чоң апам араң басчу. Аларды жөө чыгууга эмне мажбур кылды болду экен?" — дейт Мария.
Мариянын чоң апасы менен чоң атасы бир жарым айдан кийин гана көмүлгөн. Ага чейин мүмкүн болгон эмес.
Январь айынын ортосунда орус армиясы Кураховону басып алды, ал эми февралдын соңунда Мария чоңойгон айыл да оккупацияланды.
Интернеттен табылган видеодон Мария айылдан эмне калганын, орус армиясы басып киргенден кийин туулуп-өскөн жери кандай абалга туш болгонун билүүгө аракет кылган.
"Ар бир сантиметр жери күйүп, тебеленип, талкаланып калган. Эгер кимдир бирөө тирүү калган болсо — бул керемет", — дейт ал.
Мария жакын адамдары өмүрүнүн акыркы күндөрүн кандай өткөргөнүн ойлойт. Эмне жешти болду экен? Кайда укташты? Ысык тамак ичип, жок дегенде чай кайната алышты болду бекен?
"Босогодо кыш эле. Бул жөнүндө ойлогондо санаам санга бөлүнүп, жүрөгүм сыздайт", — дейт Мария.

Бул жан чыдагыс кайгы жакындарын толук кандуу жоктоп, мүрзөсүнө гүл коймок түгүл, алардын сөөгү кайда жатканын так биле албай турганда ого бетер күчөйт.
Мария айрым учурларда жүрөгүнүн тереңинде дагы деле алардын өлгөнүнө ишене албай турганын айтат.
"Мен мурда жерге берүү — бул маанилүү ырасым экенин эч качан ойлогон эмесмин. Адам өлдү дегенге аны көзүң менен көргөндө гана ишенесиң. Ошондо гана жакындарыңдын тагдыры тууралуу "аалам менен соодалашуу" токтойт. Себеби сен алардын жаны жай тапкан жери бар экенин билесиң. Ал жер кандай экенин элестете аласың. Бул нерсе чындап эле өтө маанилүү экенин эми түшүндүм", — дейт Мария.
Айылдагы калган жашоочуларды орусиялык ыктыярчылар оккупацияланган аймакка чыгарып кетишкен. Азыр ал жакка эч ким кайта албайт: айылга толугу менен мина коюлган, ал эми жанында айыгышкан салгылашуулар дагы деле уланып жатат.
Мария чоңойгон айыл ушунчалык чакан болчу, айрым карталарда аты да көрсөтүлчү эмес. Эми ал чыныгы турмушта да дээрлик жок болуп кетти.
Ал жерде эми алма менен шабдаалы өскөн ата-энесинин багы жок. Мариянын апасы жасаган, ак чөмүч баштар гүлдөгөн кооз көлмө да, үй-бүлөгө киреше алып келген роза өскөн чакан плантация да жок.
"Ал жер ушунчалык кооз болчу, розалар көз жеткис мейкиндикке чейин өсүп жаткандай көрүнчү… Булардын баарын тебелеп, таптакыр жок кылышты. Сыягы, ата-энемдин, чоң апамдын өмүрү эч нерсеге арзыбагандай, булардын баарын тебелеп, таптакыр жок кылышты", — дейт Мария.
Экиге бөлүнгөн тагдырлар
Азыркы тапта Орусия басып алган аймактарда канча украин жараны калганы так эсептөө кыйын.
Украина бийлиги акыркы жолу былтыр июнь айында айткан маалыматка ылайык, мындай аймактарда болжол менен 6 миллионго жакын киши жашап жаткан. Ал эми Экономикалык стратегия борбору былтыр бул көрсөткүчтү 5 миллионго жакын деп баалаган.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2024-жылы оккупацияланган аймактардан 800 миңден ашуун украин жараны чыгып кеткен. Кийин алардын айрымдары кайра кайтып келген учурлар да болгон. Би-Би-Си мындай учурлардан кабардар. Бирок бул боюнча ишенимдүү расмий статистика жок.
2014-жылы Донецк менен Луганск облустарынын көп бөлүгүн орусиячыл жоочулар басып алгандан кийин, "майдандын чеги" көптөгөн украин үй-бүлөлөрүн экиге бөлгөн. Андан кийинки он жыл ичинде бул чек ара түбү жок жарга айланып кеткен.
Коронавирус пандемиясы учурунда "Донецк элдик республикасы" менен "Луганск элдик республикасы" деп өз алдынча жарыяланган аймактардын жетекчилиги Украина тараптагы өткөрмө бекеттерди толук жаап салган.
Киевдин көзөмөлүндөгү аймакка өтүүнү каалагандар Орусия аркылуу "чек арадан" эки жолу өтүүгө мажбур болгон: адегенде "ДНР" менен Орусиянын Ростов облусу, андан соң Харьков же Сумы облустары аркылуу Орусия–Украина чек арасынан өтүүгө туура келген.
2022-жылы Орусия кеңири масштабда чабуул баштагандан кийин демаркация сызыгы толук кандуу майдан сызыгына айланды. Эми Орусия аркылуу Балтия өлкөлөрүн жана Польшаны аралап өтүү — оккупацияланган Чыгыш Украинадан Киевдин көзөмөлүндөгү аймактарга баруунун жалгыз жолу болуп калган. Бул жол көп күндүк оор сыноого айланган.
Бирок 2023-жылдын октябрынан тарта Орусия бул мүмкүнчүлүктү да чектей баштады. Азыр Донецк, Мариуполь, Бердянск жана башка оккупацияланган шаарлардагы үйлөрүнө жетүүнү каалаган украин жарандар Москвадагы "Шереметьево" аэропорту аркылуу өтөт.
Бул үчүн алар алгач Беларуска барып, ал жактан Москвага учат. Же болбосо башка өлкөлөрдөн түз каттам менен "Шереметьевого" учкан учактардын кызматын колдонууга туура келет. Бул аэропортто Украинанын бардык жарандары сөзсүз түрдө тыкыр текшерүүдөн өтүшөт.
"КрымSOS" уюмунун өкүлдөрү Би-Би-Сиге түшүндүргөндөй, бул эреже колунда Украина жаранынын паспорту барлар үчүн колдонулат.
Эгер жүргүнчүдө Орусия берген паспорт да болсо (Орусия оккупацияланган аймактарда жашагандарга күчтөп паспорт берүү жараянын ишке ашырып келет), анда ал өзү каалаган маршрут менен жүрө алат. Бирок мындай учурларда да фильтрация чаралары колдонулат.
"Оккупацияланган аймактарга кирүү рулетка оюнуна окшош — өткөрүшөт же өткөрүшпөйт, же камап салышат", - дешет укук коргоочулар.
"Шереметьево"
Мындай сапарга чыгууга бел байлоо — физикалык жактан оор, кымбат жана кооптуу. Ал адамдан өтө олуттуу себептерди талап кылат.
Светлана жолго чыгууга аргасыз болчу. Анын ысымы жана айрым жеке маалыматтары коопсуздугу үчүн өзгөртүлдү.
Өткөн күздө Светлананын жолдошу каза болуп калды. Экөө өмүр бою кол кармашып, балдарын тарбиялашып, небере күтүп калышкан.
Бул окуя алардын Лугансктагы батиринде болгон.
2014-жылдан кийин Светлана балдарынын жанына, Киевге көчүп кеткен, ал эми күйөөсү ал жакка баруудан баш тартып, өмүрүнүн көп бөлүгүн өткөргөн үйүндө калган. Ал мезгилде Светлана маал-маалы менен оккупацияланган Луганскка барып турчу, бирок кийин ал жакка жетүү абдан оор болуп калган.
Толук масштабдагы согуш башталганда Светлана Чехияда эле. Ал жакта кызы бир нече жылдан бери жашайт. Светлана неберелерине каралашууга барган.
Күндөрдүн биринде күйөөсү анын чалууларына жооп бербей калат. Ошондо Светлана менен кызы тынчсыздана башташкан. Луганскта алардын туугандары да, жакын тааныштары да калган эмес. Батирге кошунасы эртеси күнү гана кире алган.
Ал күйөөсүн акыркы сапарга узатуу иштерин уюштурууга да жардам берген. Тажияга Светлана же анын жакын адамдарынын бири да катыша алган эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images/BBC
Күйөөсүн жоготкон Светлана кайгыга баткан абалда Луганскиге кантип барса болорун билүүгө аракет кыла баштайт. Ал Телеграмдагы чаттарга кошулуп, башкалардын тажырыйбасын, аэропорттогу текшерүүлөр тууралуу жазгандарын окуйт. Көптөрүн чек арадан артка кайтарып жиберишкен.
Би-Би-Си иликтеп чыккан мындай чаттардын бири "Отказники Шереметьево" деп аталып, анда 20 миңден ашуун адам катталган. Алар өз ара жолду, аэропортто коопсуздук кызматтары жүргүзгөн текшерүүлөр жана эң башкысы — "фильтрациядан" өтүп, оккупацияланган аймактардагы үйүнө же туугандарына жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Күйөөсү каза болгондон бир нече жума өткөн соң, Светлана бул сапарга чыгууга бел байлайт. Ага кызы билет алып берүүгө көмөктөшөт. Анткени жалгыз пенсия менен мындай сапарга чыгуу мүмкүн эмес болчу.
Светлана "Шереметьевого" үч күн аралыгында жетет. Алгач Вильнюска түнөп, андан кийин автобус менен Минскиге барат. Ал жерде да бир күн калууга туура келет. Себеби учак Москвага эртең менен гана учмак.
"Шереметьево" аэропортунда Светлана жана анын жанындагы башка адамдарды — фильтрациядан өтө тургандарды дароо эле текшерүүгө өтүшөт: манжа издерин алышат, паспортторун текшеришет, анан күтүп турууну айтышат.
Светлана менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жаткандардын арасында балалуу аялдар, кары адамдар, ал тургай майып арабасы менен жүргөн киши да бар болчу.
Алардын айрымдары Мариуполго, айрымдары Бердянска сапар алган.
Бир маалда Светлананын телефону менен планшетин алып, социалдык тармактардагы аккаунттарына кирүү үчүн сыр сөздөрүн сурашат. Светлананы суракка чакырышканда буюмдарын кайра кайтарып беришет.
"Мен, демек, шектүү эч нерсе табылган жок экен деп ойлодум", — дейт Светлана.
Анын айтымында, ал социалдык тармактарды көп колдончу эмес, болгону айрым блогерлерге катталган болчу, бирок жолго чыгарда алардан да чыгып кеткен.
Светлананын ФСБ кызматкери менен сүйлөшүүсү болжол менен 40 мүнөткө созулган.
Ага бүтүндөй жашоосу тууралуу суроолор берилген — кайсы жерде окуганын, Луганскиде кандай жумушта иштегенин, 2014-жылы эмне үчүн Киевге көчүп кеткенин сурашкан.
Анын чет өлкөдөгү жашоосу, балдары тууралуу да кызыгышкан. Кызматкер балдарынын бардык маалыматтарын жана байланыш номерлерин жазып алган.
"Мен аябай тынчсызданып турдум, бирок чындыкты айтып бердим, эч нерсени жашырган жокмун", — дейт аял.
Сүйлөшүү бүткөндөн кийин Светлана аны чек арадан өткөрүшөт деп ишенген.
Бир аз убакыттан кийин аны башка бөлмөгө чакырышып, анализ үчүн оозунан мазок алышкан, манжа издерин кайрадан алышып, кандайдыр бир документке кол коюуну сурашкан. Андан соң башка бөлмөгө алып барышып, ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын билдиришкен.
"Мен дүрбөлөңгө түшүп калдым , эмне үчүн мындай болуп калганын сурадым, бирок эч ким эч нерсе түшүндүргөн жок", — деп эскерет Светлана.

Светлана кийинчерээк гана ага Орусия Федерациясынын коопсуздугуна коркунуч жаратуу беренеси менен бул өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганын билген. Бул тыюу "атайын аскерий операция" деп аталган Украинадагы согуш бүткөнгө чейин күчүндө болот.
Орусиянын чек ара кызматынан алынган маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын октябрь айынан тарта "Шереметьево" аэропортуна Украинадан 135 миңден ашык жаран келген.
Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү медиа аркылуу дайыма билдирүү жасап, фильтрация маалында "Украинадан келген кооптуу адамдар аныкталып жатат" деп маалымдап турушат.
Орус күч кызматкерлеринин айтымында, украиналыктардын телефондорун жана ноутбуктарын текшерүүдө "Киев режиминин жоочуларына колдоо көрсөткөн посттор, орус армиясын мазактаган билдирүүлөр жана Адольф Гитлердин сүрөттөрү" табылган учурлар болгон.
"Отказники Шереметьево" деген телеграм-чатта да жакындарын акыркы сапарга узатуу же өлүм алдында жаткан туугандары менен коштошуу үчүн баргандарга да чек арадан өтүүгө уруксат берилбегени тууралуу көптөгөн окуялар жазылган.
Тайпанын айрым катталуучулары ал жерде эч кандай гумандуулук принциби иштебей турганын, жалгыз шарт — фильтрациядан ийгиликтүү өтүү экенин белгилешет.
Чаттагы көптөгөн комментарийлерден байкалгандай, документ текшерүү маалында Орусия бийлигине берилгендикти көрсөтүү маанилүү.
Украина жарандарына өз мекенинде жүрүп жаткан согушка, орус армиясынын аракеттерине көз карашы тууралуу суроолорду беришет. Айрымдарынан камера алдында украин паспортун айрып салууну сурашат.
Орус паспорту гана жарактуу
Украиналык укук коргоочулар билдиргендей, Украина аймагынын оккупацияланган бөлүгүндө адамдарды жерге берүү зыйнаты дагы жикчил администрация колдонуп жаткан басымдын бир куралына айланган.
Чыгыш укук коргоо тобунун негиздөөчүсү Павел Лысянский билдиргендей, орус паспорту жоктор үчүн жакынын жерге берүү зыйнатына катышуу дээрлик мүмкүн эмес.
Анын айтымында, көрүстөндөн орун алуу, көр казуу, аза күтүү кызматтарынын акысын төлөө үчүн да ушул документ талап кылынат.
"Паспорт жок болсо, моргдон маркумдун сөөгүн да ала албайсың. Ал эми орус өлүкканалары сөөктү жети күн гана сактап, андан кийин утилизация кылып салышат", — дейт укук коргоочу.
Эгер олуттуу себеп болсо, бул мөөнөттү 14 күнгө чейин узартууга болот. Бирок эки жума ичинде сөөктү алып кетпесе, эч кимге керексиз деп эсептелип, мамлекеттин эсебинен көмүлөт.
Укук коргоочу Вера Ястребова болсо Донецктеги жерге берүү чыгымдары өтө эле чоң экенине көңүл бурат.
Анын айтымында, адамды жерге берүү үчүн ритуалдык кызматтарды көрсөткөн жалгыз компания менен келишим түзүү керек. Ал компания монополист болуп эсептелет. Көмүү иштерине айрым учурда 80 миң рублга (40 миң гривенден ашыгыраак) чейин каражат кетет. Ал эми мамлекеттен каралган компенсация болгону 4,5 миң гривенди түзөт. Аны алуу үчүн да орус паспорту болушу шарт.

Жакында Жогорку Рада көп жарандуулук тууралуу мыйзам кабыл алды, анын айрым жоболору Украинадагы оккупацияланган аймактарда жашаган адамдарга да тиешелүү болушу мүмкүн.
Президент кол коюп, мыйзам күчүнө кирсе, украин жарандары башка мамлекеттердин да паспортун алганга укуктуу болот, бирок бул орус жарандыгын алган адамдарга тиешелүү эмес.
Укук коргоочулардын айтымында, мындай жагдай оккупация шартында орус паспортун аргасыз алган адамдар үчүн чоң маселе жаратат. Анткени алар эми Украина жарандыгынан ажырап калуу коркунучуна туш болушат.
Ошол эле маалда, өкмөт өкүлдөрү мыйзамда жарандыктан ажыратууга алып келе турган негиздер так жазылганын, бул нормалар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына каршы аракеттери далилденген адамдарга гана тиешелүү болорун белгилешет.
Мындай учурларга Украинага каршы согушка катышуу, Орусия басып алган аймактардагы жикчил администрацияда иштөө, же Украинага каршы кылмыш жасоо кирет.
Укук коргоочу Павел Лысянский Орусия паспорттоштуруу ишин аскерий агрессиясын актоо үчүн дагы колдонуп жатканын айтат.
"Алар Донбасста толук масштабдуу согуш баштала электе эле паспорт тарата башташкан. Андан кийин бул аймакта миллиондогон орус жарандары жашай турганын жарыялашты. Дал ушундай эле ыкма Абхазияда, Приднестровьеде, эми болсо Украинага колдонулууда. Бул алдын ала ойлонулуп жасалган иш-аракет", — дейт ал.
Ошол эле маалда укук коргоо уюмдары оккупацияланган аймактарда туугандарына каза болгон адамдардын өлгөнү тууралуу украин күбөлүгүн алууга жардам берип келишет.
Мындай күбөлүк алыш үчүн сот аркылуу адамдын өлгөндүгүн юридикалык жактан тастыктоо керек.
"Биз сотко мүмкүн болушунча көп документтерди топтоп беребиз. Оккупацияланган аймактын администрациясы берген өлүм күбөлүгү, медициналык маалымкат, көмүлгөнү тууралуу маалымкат, кээде мүрзөнүн сүрөтү да тиркелет", — дейт "КрымSOS" коомдук уюмунун юристи.
Соттун чечимин алуу оңой эмес. Кээ бир судьялар документтердин түп нускасын сурашат же паспорттун мөөнөтү өтүп кетпеши керек деп талап коюшат. Юрист согуш маалында бул талаптар милдеттүү эмес болушу керек эле деп эсептейт.
Украинадагы сот чечимдеринин реестрине ылайык, мындай иштер он миңдеп саналат. Анткени украин аймагынын бир бөлүгү 11 жылдан ашык убакыттан бери оккупацияда.
Юрист бул фронттун эки тарабындагы кишилер үчүн оор экенин белгилейт:
"Адам өзү ал жерге бара албайт, жакындары менен коштошо албайт. Маркумду башка адамдар — кошуналар, тааныштар жерге берет. Бул абдан оор".
Мария болсо бир күнү өзүнүн туулуп-өскөн айылына барып, ал жактан атасынын, чоң энеси менен чоң атасынын мүрзөсүн таап, гүл коюп, татыктуу коштошом деп үмүт кылат.
Ал бала чагы өткөн жер менен да коштошкусу келет.
"Эгер мындай мүмкүнчүлүк болбой калса, бул эч качан айыкпай турган жарага айланат. Бул окуяга чекит коюу мен үчүн өтө маанилүү", — дейт Мария.
Ал ата-энесинин бакчасынан жыйналган розаларды кургатып, азыркыга чейин кутусунда сактап жүрөт.












