You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эрдоган менен "эрегишип" келген Экрем Имамоглу кармалды
Стамбул Башкы прокуратурасы Стамбул шаарынын мэри менен чогуу 100дөн ашык кишини түрдүү айыптар менен кармады. Стамбул шаардык башкармалыгы "Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) кеңсесиндеги акча санап жаткандагы сүрөттөрдөн" улам паракорлукка шектелип. жапырт кармоо чечими кабыл алынды.
Стамбул Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө караганда, Имамоглу Террордук кылмыштарды иликтөө бюросу жана Уюшкан кылмыштарды иликтөө бюросу биргелешип жүргүзгөн эки тараптуу иликтөө ишинин алкагында кармалган.
Кармалгандар "уюшкан кылмыш тобун түзүү, опузалоо, паракорлук, алдамчылык, тендерлерди бурмалоо" беренелери боюнча айыпталууда. Башкы прокуратуранын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Имамоглу "кылмыштуу топтун лидери" катары сүрөттөлгөн.
Ошондой эле, Стамбул шаардык медиа (İBB Medya A.Ş.) Башкаруу кеңешинин төрагасы Мурат Онгун, Тунжай Йылмаз, Фатих Келеш жана Эртан Йылдыз "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" катары кармалды.
Башкы прокуратуранын коррупцияны иликтөө иштерине байланыштуу билдирүүсүндө, аты аталган кишилер менен байланышы бар деген айыптоо менен баары биригип 100 киши бир убакта кармалып, тергөө иштери башталды. Аларга кылмыштуу топту уюштуруу, кылмыштуу топко мүчө болуу, опузалоо, паракорлук, алдамчылык, жеке маалыматтарды мыйзамсыз тартып алуу, тендерди бурмалоо айыптары тагылууда.
Мындан сырткары "Күрдистан Жумушчу Партиясы (PKK/KCK) террордук уюмуна жардам берген" деген айып менен Имамоглу менен биргеликте башкалар да кармалды. Алар: Стамбул шаардык башкармалыгынын Башкы катчысынын орун басары Махир Полат, Шишли районунун жетекчиси Ресул Экрем Шахан, Реформа институтунун жетекчиси Мехмет Али Чалышкан жана Шишли районунун жетекчисинин орун басары Эбру Өздемир болуп жети киши.
Бул окуядан кийин Республикалык Элдик Партиянын (CHP) Башкы катчысы Өзгүр Өзел Стамбулга келди.
Имамоглунун бүгүн саат 14:00до пландалган Малтепе Митинги токтотулду.
Республикалык Элдик Партиянын (CHP) жетекчисинин орун басары Гөкхан Зейбек жекшемби күнү Имамоглу жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, бардык мүчөлөрдүн катышуусу менен президенттикке талапкерликтин баштапкы шайлоосу болорун айтты.
Бир тараптан Гези Паркы боюнча тергөөнүн алкагында журналист Исмаил Саймаз кармалды.
Имамоглу: Оор зомбулукка туш болдук, бирок багынбайбыз
Таң эрте социалдык тармакта Имамоглунун үйүнүн алдында жүздөгөн милиция кызматкери жүргөнү тартылган видео жарыяланган.
"Терең кайгыруу менен билдирем, улутубуздун эркин мокотууга аракет кылган бир ууч топ, сүйүктүү милициябызды жаман ишке колдонуп, 16 миллион калкы бар Стамбулдун алдына жүздөгөн милиция кызматкерин топтоду",- деди Имамоглу.
Ал күрөш мындан ары да уланаарын билдирди.
"Оор зомбулукка туш болдук, бирок багынбайбыз. Мен өзүмдү элиме аманат кылам. Жыгылбай, башымды көтөрүп турарымды баары билсин. Бул процессти курал катары колдонгондор менен күрөштү улантам. Жүздөгөн полиция кызматкерин Стамбул шаарынын мэринин үйүнө алып барышты",- деди.
Көп өтпөй Стамбул шаарынын мэри Ватан проспектисиндеги полиция департаментине жеткирилгени белгилүү болду.
Мэрди кармоо боюнча чечимди эң алгачкылардан болуп Республикалык Элдик Партиянын (CHP) жетекчисинин орун басары Гөкхан Зейбек социалдык тармактагы баракчасын жарыялады.
"Кутман таң. Учурда Экрем Имамоглунун резиденциясына 20 унаа менен укук коргоо кызматкерлери келди",- деп жарыялады Гөкхан Зейбек.
Өзгүр Өзел: Болочок президентибизге каршы сокку болду
Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) жетекчиси Өзгүр Өзел бул чечимге реакция катары өзүнүн социалдык баракчасында "Элдин ордуна чечим чыгаруу, элдин эркиндигин тартып алуу же ага тоскоол болуу- бул төңкөрүш", - деди.
"Элдин кийинки президентти тандоосуна тоскоол болгон бир күч бар. Келечектеги президентибизге каршы сокку болду",-деп кошумчалады өзгүр Өзел.
Кийинчерээк Halk TV каналындагы билдирүүсүндө Өзел, президент Эрдоганга кайрылып: "Бардык төңкөрүштөр бийлик менен жасалат... Мен "зомбулукка каршы демократияны коргойбуз" дедим. Бүгүнкү төңкөрүштүн кайсы жериндесиң? Адилеттүүлүк жана Өнүгүү Партиясы (AKP) менен Улутчул Кыймыл Партиясынан (MHP) сурап жатам: "Силер бул төңкөрүштө кайдасыңар?" "Силердин хунтадан кандай айырмаңар бар? Жекшембиде боло турган шайлоого каршы төңкөрүш жасап жатасыңар. Уят силерге",- деп сын айтты Өзгүр Өзел.
Өзел Республикалык Элдик Партиясынын (CHP) депутаттары менен Стамбулга келет.
Демократтар Партиясы (DEM Parti) камоолордон кийин өкмөткө кайрылуу жасап, "дароо бул иш-аракеттерден баш тарткыла жана сот системасын курал кылууну токтоткула",- деп жазылган партиянын билдирүүсүндө.
Демократтар Партиясынын тең төрагасы Тунжай Бакырхан камоолорду "демократияга жана элдин эркине ачык чабуул" деп сыпаттады жана камалгандарды бошотууга чакырды.
Демократтар Партиясынын теңтөрагасы Түлай Хатимогулдары да: "Бул операция мыйзамдын чектерине дал келбеген саясий операция. Урналар, добуштар жана позициялар үчүн Түркиядагы социалдык чыңалууну жана жиктелүүнү максималдуу чекке жеткирүү",-деди.
Түркия Жумушчу Партиясынын төрагасы Эркан Баш: "Колдо болгон бийликти пайдаланып, элдин эркин сындыруу аракеттерин улантышууда. Бул төңкөрүш. Эмне болбосун, биз бул өлкөнү төңкөрүш жасоочулардын чеңгээлине таштабайбыз"- деди.
Чечимге реакция кылган Анкаранын мэри Мансур Яваш: "Бул өлкөдө мыйзамдуулукту, демократияны жана улуттун эркиндигин коргогон ар бир адам, мэрге каршы жасалган бул аракеттер кабыл алынгыс экенин билиши керек",- деди.
"Кечээги дипломдун жокко чыгарылышы, эртең менен эрте жетекчибиз Экремдин үйүнүн алдына чогулган полиция кызматкерлери жана алардын командасына карата камоо процесси... Бул абал мыйзамдуулукка туура келбейт",- деп кошумчалады.
Журналист Исмаил Саймаз Гези Паркы боюнча иликтөөнүн алкагында кармалды
19-март күнү эртең менен Стамбул Башкы прокуратурасы журналист Исмаил Саймазды камакка алуу чечимин чыгарган.
Башкы прокуратуранын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Саймаздын Гези Паркы окуясынын айыпталуучулары менен байланышта болгондугу, нааразылык акцияларында активдүү роль ойногону, социалдык медиада чындыкка туура келбеген маалыматтарды берүү менен жарандарды укук коргоо органдарына каршы үгүттөөгө аракет кылгандыгы боюнча кармалганы белгиленди.
Стамбул шаардык башкармалыгы демонстрацияларга 4 күнгө тыюу салды
Стамбул шаардык башкармалыгы 19-мартта ар кандай жыйындарга, демонстрацияларга жана басма сөз билдирүүлөрүнө 4 күнгө тыюу салынганын жарыялады.
Мындай чечимге "коомдук тартипти сактоо жана чагымчыл аракеттердин алдын алуу" себеп болгон.
Мындан тышкары, мэриянын маалыматына караганда 19-мартта саат 06:00гө карата Йеникапы-Ататүрк аэропортунун Полиция-Фатих станциясы жана Йеникапы-Киразлы метро линиялары жана Йеникапы-Сейрантепе-Хажыосман метро линиясынын Таксим станциясы жокко чыгарылып, тейлөөгө жабылды.
Стамбулда бир топ көчөлөр жол тыгындарынан улам жабылды.
NetBlocks: Түркияда социалдык тармактарга чектөө коюлду
Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөгөн NetBlocks Түркияда социалдык тармактарга кирүү чектелгенин билдирди.
Платформа 19-март күнү эртең менен Экрем Имамоглу баш болгон ондогон адамдар кармалгандан кийин X, Youtube, Instagram жана TikTok тармактарына кирүү оор болуп жатканын тастыктады.