Жергиликтүү шайлоодо Эрдоган жеңилди: Стамбул менен Анкарада оппозиция алдыда

Эрдогандын партиясы жергиликтүү шайлоодо утулуп жатат: Стамбулда азыркы мэр жеңишке жетсе, башка ири шаарларда да оппозиция алдыда келатат.

Стамбулдун мэрин шайлоодо акыркы беш жылдан бери бул кызматты аркалап келе жаткан Экрем Имамоглу жеңип жатканын добушту алдын ала эсептөөлөр көрсөтүүдө. Имамоглу оппозициялык Республикалык элдик партиянын (РНП) өкүлү.

Дээрлик бардык добуштарды санап чыккандан кийин, Имамоглу башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкери Мурат Курумдан 10% добуш алдыга чыкты.

Бул шайлоодо кармаштын чордону Эрдоган жана АКП кайрадан колго алууга үмүттөнгөн Стамбул болду. Ошондой эле оппозициялык саясатчылар жетектеген Анкара менен Анталья дагы көңүл борборунда болду.

Ошол эле Анкара, Анталья жана Измирде дагы оппозиция жеңишке жетүүдө.

"Биз алган маалыматтарга таянсак, биздин жарандардын бизге болгон ишеними акталды деп айта алам", — деди Имамоглу өзүнүн партиясынын Стамбулдагы баш кеңсесинде журналисттерге. — Бул натыйжа бизди абдан кубандырат".

Түркияда шайлоо участкалары саат 14:00дө жабылды.

"Добуш берүү процесси бир нече инцидентти эске албаганда, эч кандай көйгөйсүз аяктады",-деди журналисттерге жогорку шайлоо кеңешинин башчысы Ахмет Йенер.

Шайлоо инфляциянын жана түрк лирасынын масштабдуу девальвациясы болуп жаткан учурда өттү жана бул көп шайлоочуларды убайым ойго салууда, деп жазды Стамбулдун тургундары менен баарлашкан кабарчы.

43 жаштагы Гүлер Кайя: "баары тынчсызданууда", — деди. - Кризис орто тапты жеп жатат, биз көп иштерибизди жыйыштырдык. Эрдоган жеңсе, андан да жаман болот".

"Жакшы жашоону камсыз кылуу"

Режеп Тайип Эрдоган өзү Стамбулда туулуп өскөн жана 1994-жылы шаардын мэри болуп шайланган. Анын союздаштары 2019-жылга чейин Республикалык элдик партиянын өкүлү Экрем Имамоглу шайлоодо жеңишке жеткенге чейин бийликти колдон чыгарбай келишти.

Имамоглунун Стамбулдагы жеңиши ал 2028-жылы боло турган президенттик шайлоодо башкаруучу партиянын негизги атаандашы боло алат дегенди билдирет.

Эрдоган жана анын партиясы Стамбулда талапкер катары мурдагы айлана-чөйрөнү коргоо министри Мурат Курумду көрсөткөн.

"Стамбул — бул өлкөбүздүн бермети, кенчи жана көзүнүн кареги",-деди 70 жаштагы президент лидер жакында шаарда өткөн митингде Имамоглуну "жарым мэр"деп атап.

"Бул шайлоо биздин өлкө үчүн жаңы доордун башталышы болот", — деди Эрдоган жекшемби күнү Стамбулда добуш бергенден кийин.

Жергиликтүү шайлоодо анын саясий партиясы жеңилгени белгилүү болгондо Эрдоган мындай реакция кылды: "31-март биз үчүн бүткөн учур эмес, бурулуш учур. Түрк эли саясатчыларга шайлоо бюллетенинин жардамы менен белги берди".

Имамоглу түшкө жакын Стамбулда аялы жана эки уулу менен добуш берип, андан кийин тарапкерлерине чыкты.

"Бүгүн мен үчүн жүрөк толкуткан күн",- деди ал жана "партиялуулукту биринчи орунга койбостон теңчиликти камсыз кылууга" аракет кылып жатканын кошумчалады.

"Биз жаштарга, аялдарга жана энелерге жакшы жашоо тартуулоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз".

Жекшемби күнү Түркиянын жарандары 81 провинциянын мэрин, ошондой эле жергиликтүү кеңештин мүчөлөрүн жана башка аймактык жетекчилерди тандашты.

Диярбакырдагы атышуу

Калкынын басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн Түркиянын түштүк-чыгышындагы айылдардын биринде добуш берүүдө куралдуу кагылышуу болуп, бир адам каза болду.

Окуя эртең менен Диярбакыр провинциясындагы агаклидер айылында жергиликтүү шайлоо участогунун жанында болду.

Добуш бергендердин ортосундагы талаш атышууга айланып, күрт азчылыгынын укугун коргогон Элдик Демократиялык партиянын участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү өлтүрүлдү.

12 адам жаракат алып, экөөнүн абалы оор. (КС)