You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Каркырадагы маараке-той - сүрөт баян
Дилде Шатанова, журналист, Бишкек
Ысык-Көл облусундагы атактуу Каркыра жайлоосунда Балбай баатырдын 230 жылдыгы, мамлекеттик ишмерлер Казы Дикамбаев жана тарыхчы, академик Курман-Гали Каракеевдин 110 жылдык мааракеси белгиленди.
Жайлоодо өткөн иш-чаранын башталышы атайын театрлаштырылган сахна жана концерттик программа менен ачылып, маданият өкүлдөрү элге өнөрүн тартуулашты.
Кыргыздын улуттук кийимдери, каада салты, элдик оозеки чыгармачылыгы көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү өттү.