"Сулайман-Тоону" курчаган курулуштардын чыры

Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Си, Бишкек

Сулайман-Тоонун бийиктен көрүнүшү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сулайман-Тоонун бийиктен көрүнүшү

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музей комплексинин коругуна (буфердик аймагына) курула баштаган имараттар адистерди кабатыр кылууда. ЮНЕСКОнун талаптарын бузуу менен курулган үч имарат ээси менен музей-комплекстин жетекчилиги азыркы учурда соттошууда. Эгерде турак-жайлар улам курула берсе, Оштун негизги символу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгышы мүмкүнбү?

“Сулайман-Тоонун” коргоого алынган аймагында жыл сайын жаңы имараттар пайда болууда. ЮНЕСКОнун талаптары буфердик аймакка жаңы курулуш курууга тыюу салбайт, бирок анын бийиктигине чек коёт. Тагыраагы анын жайгашкан жерине карап, курулган имарат 4-5 кабаттан ашпоого тийиш.

Аны көзөмөлгө алуу Маданият министрлигине жүктөлүп, куруучулар андан атайын уруксат алуусу керек. Бирок айрымдары бийик имараттарды куруп алып, эми соттошуп жатат. Бул өз кезегинде "Сулайман-Тоонун" эл аралык уюмдун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучун жаратууда.

Сулайман-Тоонун түбүндөгү бузулуп жаткан үйлөр.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сулайман-Тоонун түбүндөгү бузулуп жаткан үйлөр

Музей-комплекстин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев Ош шаарынын аймагына кирген эки, Кара-Сууда жайгашкан бир имарат ээлери уруксаты жок турак-жай үйлөрүн кургандыгы үчүн соттошуп жатканын билдирди.

"Өлкө аброюна шек"

Убайдуллаев "Сулайман-Тоо" ЮНЕСКОнун тизмесинен чыкса кандай кесепети болушу мүмкүн экенин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

"Эгерде бул дүйнөлүк объектибиздин табийгый турпаты, андагы маданий мурастардын маңызы же өзүнүн турган турпатынын бузулуу коркунучу болсо, заманбап нерселер кирип кеткен болсо, алар биринчи эскертүү берет. Чыгып калуу коркунучундагы эстеликтердин тизмесине катталат, андан кийин гана чыгарылат. Эгерде бул чыгып кетсе, кыргыз элибиздин, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна шек келтирет. Демек алар өзүнүн тарыхына, маданиятына болгон мамилеси жакшы эмес экен деп дүйнөгө чыгып калат. Дүйнөлүк бардык маалымат каражаттарына таралат”.

“Сулайман-Тоо” Маданият министрлигинин карамагына кирет. Бирок көп жылдар бою Ош шаарынын мэриясы музей комплексти өз карамагына алып, буфердик зонанын аймагын кичирейтүү жөнүндө айтып келген. Анын негизги максаты Сулайман-Тоого жакындатып бийик имараттарды куруу.

 Маданият министрилигинин уруксатысыз курулган имараттар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маданият министрлигинин уруксаты жок курулган имараттар

Мындан улам “Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тизмесинде болуусуна Ош шаардык бийлиги кызыкдар эмес дейт.

"ЮНЕСКОнун курамынан чыгып калуу бийликти коркутпайт. Ал эми министрлик бул жөнүндө кандай ойдо экенин мен билбейм. Бул маселе министрликтин өзүнө, президентке алардын аброюна, Кыргызстандын өзүнө терс имидж алып келчү нерсе. Ошол себептен дагы жергиликтүү бийлик өзүнүн жоопкерчилигин сезбей жатат окшойт”.

"Корректировка"

Жергиликтүү бийлик "Сулайман-Тоо" музей-комплекси каралбай калды деген жүйө менен аны бир нече жылдан бери өз курамына алууну көздөп келген. Мэриянын бул аракетин шаардын так ортосундагы тоого жакын жерлерди буфердик зонадан чыгарып, курулуштарды эркин куруу аракети катары баалагандар да бар.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов да муну четке какпайт. Анын айтымында ички инвесторлор шаарды "өстүрүүнү" каалагандыктан мэрия бул демилгени көтөргөн.

Бүгүнкү күндө калаа бийлиги музей комплексти карамагына алуу оюнан кайтып, бирок корук аймагынан айрым жерлерди чыгарып алууга жетишти.

“Бишкекке көп жолу бардык. Ошол ЮНЕСКОнун өкүлдөрү менен жолугуп, "буфердик аймакты кыскартып бергиле, биздин ички инвесторлорубуз шаарыбызды өстүрүшү керек, көп кабаттуу үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк жок болуп" жатат деп айтсак, алар биздин сунушту четке какты. Биз аларга ынандык. Бирок өзгөртүүлөрдү (корректировка) киргиздирдик”.

Сулайман-Тоонун күнгөйү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сулайман-Тоонун күнгөйү

Шаардык мэриядан корректировка киргизилгенден кийинки буфердик аймактын аянты такталып жатканын билдиришти.

Учурда Сулайман-Тоонун этегиндеги Курманжан Датка көчөсүндөгү үч кабаттуу турак-жайлар атайын бузулуп жатат. Бул жайларга жаңы имараттар курулат деген маалымат гана айтылып, бирок аны кайсы компания, канча кабат кылып кураары азырынча белгисиз. Музей-комплексинин жетекчилиги курулуш компаниянын ээси Маданият министрлигинен тиешелүү уруксат да ала электигин билдирди.

“Сулайман-Тоо” музей-комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Ага жыл сайын 100 миңге жакын зыяратчы келет. Жалпы аянты 134 гектар жерди ээлеп, анда төрт жүздөй петроглиф, орто кылымдагы мончонун калдыктары жана Абдуллахандын мечити орун алган.