“Кыргыз Туусу”: Бизде журналисттик эркиндик бар

“Кыргыз Туусу” гезитинин “Батыш саясатынын башкы максаты” макаласындагы талкуу жараткан учурларды, гезиттин редактору Мырзакат Тыналиев Би-Би-Сиге берген маегинде журналисттик эркиндик катары сыпаттады.

“Кыргыз Туусу” гезитинде 15-февралда жарыяланган “Батыш саясатынын башкы максаты” макаласында, президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”мыйзамдын долбооруна кол койгону бейөкмөт уюмдардын тынчын алып жатканы айтылып, жалпысынан Батыш өлкөлөрү каржылаган эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн сындайт. 

Макаланы фактчекинг кылган медиалар, макалада журналист өзүнүн субъективдүү оюн айтканын, журналисттик иликтөөлөрдү каржылаган уюмдар тууралуу маалыматтар далилсиз экенин жана Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет тууралуу жалган маалыматтар берилгенин белгилешкен.

Бул макала боюнча элчи Чарльз Гаррет дагы кайрылуу кылды.

Гезиттин редактору Мырзакат Тыналиев, гезиттин жалпы редакциялык саясаты жалпы эле маалымат каражаттары иштеген эрежелерге ылайык жүргүзүлөрүн айтат.

“Бизде катуу чектелген саясат жок. Биз жалпы эле басма сөз эркиндиги маалымат каражаттарына тиешелүү, Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаада иштегенге аракет кылабыз. Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында журналисттер жалаң көрсөтмө менен иштейт деген стереотип жаралып калган. Бирок бизде журналисттердин өзүнүн эркиндиги бар”.

“Биз эми өкмөттүк гезит болгон соң, өкмөт, президент жүргүзүп жаткан белгилүү бир учурдагы иштерге көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк чагылдаргынга аракет кылабыз. Калган учурда жеке менчик коллегаларыбыздай эле иштейбиз”, – деди Тыналиев.

Журналисттер берип жаткан маалыматтар жарыяланардан мурда текшерилеби деген суроого, айтылып жаткан макаланын мисалында: “Бул, менин редакторлук көз карашымда, өтө деле, орусча айтканда, “одиозный” материал болгон эмес. Болгону журналист макаланын акыркы бөлүгүндө мурда башка медиаларда жарыялаган маалыматтарды берип койгон. Ал өзгөчө комментарий деле берген эмес”, – деп жооп берди. 

Тыналиев ызы-чуу чыккандан кийин макаланы дагы бир жолу кайра окуп чыкканын жана анда айрым бир кемчиликтер бар экенин байкаганын дагы айтты.

Басылманын уюштуруучусу өкмөт болгону менен, гезит өкмөттөн каржыланбаган, толук чарбалык эсептеги мекеме экенин белгиледи.

“Басылмага жарыяланган маалымат өкмөттүн позициясы катары кабыл алынышы – бул стереотип”, – дейт Тыналиев. “Бул өкмөттүн позициясы эмес, бул редакциянын позициясы”.

Редактор өкмөт басылманын редакциялык саясатына кийлигишпей, өкмөттүк материалдар кандай чыгышы керектиги боюнча көрсөтмө бербей турганын белгилейт.

Бирок “белгилүү бир учурларда, кайсы бир токтом же мыйзам кабыл алынса, ушуга бир көңүл буруп койгула деген рекомендация келет. Мен бул туура деп эсептейм. Анткени мамлекет өзүнүн саясатын өзүнүн массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткириши керек”, – дейт ал.

Ошол эле учурда факт чекинг кылгандар дагы өздөрү айрым так эмес маалыматтарга орун беришкен деген пикирде.

Бул такталбаган маалыматтар интернетте мурда эле жүргөн. Бирок башкалар ага көңүл бурбай келе жатканда аларга өкмөттүк басылмадан орун тапканы албетте суроо жаратпай койгон жок.

Тыналиев басылманын журналисти Британиянын элчиси менен жолугуп, анын позициясын тактаган маек алганын жана ал гезиттин жакынкы санында чыгарын кошумчалады. (CS)