You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп көздөгөн сыйлык Венесуэла оппозициясынын лидерине ыйгарылды
Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо 2025-жылдагы Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алды. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү жаңы мөөнөтү башталгандан бери бир нече согушту токтото алганын айтып, Тынчтык сыйлыгына татыктуу экенин көп жолу кайталаган.
Нобел комитетинин билдирүүсүндө Мачадого сыйлык "Венесуэла элинин демократиялык укуктарын сүрөөдө талыкпас эмгеги жана диктатурадан демократияга адилеттүү жана тынч өтүүгө багытталган күрөшү үчүн" ыйгарылганы айтылат.
58 жаштагы Мария Корина Мачадо 2024-жылы Венесуэладагы президенттик шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкери болуп чыккан. Бирок бийлик анын талапкерлигине бөгөт койгон. Мария оппозициянын праймеризинде добуштардын 90 пайыздан ашыгын чогултуп, анын айланасына ар кандай оппозициялык партиялар, анын ичинде бири-бири менен тирешкен партиялар да биригишкен.
Паймеризге чейин эле бийлик Мачадону Венесуэлага каршы санкцияларды колдоду деп айыптап, 15 жылга шайлоого катышууга тыюу салган. Мачадо апелляциялык даттануу бергени менен курамына Николас Мадуронун тарапкерлери кирген Жогорку Сот арызды четке каккан.
Мачадонун баскан жолу
Мария Корина Мачадо саясий ишмердигин шайлоолорго мониторинг жүргүзүү боюнча Súmate уюмун негиздөө менен баштаган. 2004-жылы бул кыймыл ошол кездеги президент Уго Чавестин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши боюнча референдумга кол топтоо өнөктүгүн жетектеген (Уго Чавес референдумдан кийин кызматында калган).
Референдумдан кийин кыймылдын уюштуруучулары, анын ичинде Мачадо мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган, бирок бул иш сотко өткөн эмес.
2011-жылы Мачадо президенттик шайлоого аттангандан кийин аны "оппозициянын жаңы жүзү" деп атай башташкан; бирок, ошондо ал праймеризден утулуп калган.
2014-жылы Мачадону жаңы президент Николос Мадуронун тарапкерлери ассамблеядан чыгарышкан. Буга Мачадонун Америка мамлекеттеринин уюмунда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Ошол эле жылы Мачадо Мадуронун бийлигине каршы нааразылык акцияларынын лидери болуп, андан кийин өзүнүн саясий радиоберүүсүн алып бара баштаган.
2018-жылы Мачадо Би-Би-Синин "100 аял" тизмесине кирсе, быйыл Time журналы аны планетадагы эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон.
Трампка сыйлык тийген жок
"Алар мага эч качан Нобелдин Тынчтык сыйлыгын беришпейт. Бул сыйлыкка мен татыктуумун, бирок алар эч качан аны мага ыраа көрүшпөйт", - деген эле 2025-жылдын февралында АКШнын президенти. 30-сентябрда америкалык генералдардын алдында сөз сүйлөгөн Трамп бул теманы кайрадан көтөргөн. Эгер бул сыйлыкты башка бирөө алса, "бул биздин өлкө үчүн катуу кемсинтүү болот" деген эле Трамп.
Сыйлыкты эмне үчүн Трамп албаганы тууралуу суроого жооп берип жатып, Нобель комитетинин өкүлү "уюм өз чечимдерин коомдук өнөктүктөргө эмес, Альфред Нобелдин керээзине гана негиздеп кабыл алат" деп билдирди.
Трамптын акыркы, балким эң маанилүү жетишкендиги Израил менен ХАМАС кыймылы шаршембиде кол койгон макулдашуу болду. Бул макулдашууга ылайык тараптар ок атышууну токтотуп, израилдик туткундар барымтадан бошотулмакчы.
Бирок эксперттер Нобел комитетинин акыркы жыйыны дүйшөмбү күнү, башкача айтканда, бул макулдашуу тууралуу кабар чыкканга чейин эле өткөнүн эске салышууда.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Нобел комитетинин катчысы, бул органдын чечим кабыл алган беш мүчөсүнүн бири Кристиан Берг Харпвикен Тынчтык сыйлыгы талапкерлердин акыркы учурда жетишкен ийгиликтери үчүн берилбей турганын белгиледи.
"Бул сыйлык негизинен 2024-жылы жана ага чейинки жылдарда жасалган иштерге тиешелүү, ал акыркы жумаларда же айларда жасалган иштер үчүн берилбейт", - деди Харпвикен жума күнү Норвегиянын NRK коомдук телеканалына.
Кээ бир абройлуу уюмдар жана эксперттер Тынчтык сыйлыгына кимдер талапкер боло алары тууралуу кенен көрсөтмөлөрдү калтырып кеткен Альфред Нобелге Трамптын бардык эле аракеттери жага бермек эмес деп белгилешти.
Ослодогу Тынчтыкты изилдөө институтунун директору Нина Грегердин айтымында, АКШнын азыркы президентинин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан жана Париж климаттык келишимдеринен чыгуу тууралуу чечими, ошондой эле дүйнө жүзү менен жүргүзгөн тарифтик согуштары Нобелдин керээзине карама-каршы келет.
"Альфред Нобелдин керээзинде үч чөйрөгө басым жасалган: бири – бул тынчтык жаатындагы жетишкендиктер, башкача айтканда, тынчтык макулдашууларын түзүүгө көмөк көрсөтүү", - деп жазат Reuters. "Дагы бири куралсыздануу аракеттерин сүрөө багытындагы иш, ал эми үчүнчүсү – эл аралык кызматташтыкты сүрөө".
Буга чейинки лауреаттар
Буга чейин Нобелдин Тынчтык сыйлыгын АКШнын төрт президенти алган. Алар: Барак Обама (2009-жылы), Жимми Картер (2002-жылы), Вудро Вильсон (1919-жылы) жана Теодор Рузвельт (1906-жылы).
Сыйлык ыйгарылган учурда Картерден башкасы президент болуп иштеп жатышкан, ал эми Обама Тынчтык сыйлыгын инаугурациядан сегиз ай өткөндөн кийин алган, башкача айтканда, ал Трамптын азыркыдай эле позициясында болчу.
Нобель комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдагы Тынчтык сыйлыгына 338 талапкер, анын ичинде 244 адам жана 94 уюм көрсөтүлгөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу кыйла көп – өткөн жылы 286 талапкер көрсөтүлгөн эле. 2016-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына рекорддук сандагы талапкер көрсөтүлгөн – 376 талапкер болгон.
Акыркы жылдары сыйлыкты кимдер алды:
2024: Nihon Hidankyo өзөктүк куралсыздандыруу уюму
2023: Наргиз Мохаммади (Иран)
2022: Алесь Беляцкий (Беларус), "Мемориал" укук коргоо борбору (Орусия) [*Орус бийлиги аны чет элдик агент деп таанып, жойгон], Жарандык эркиндиктер борбору (Украина)
2021: Дмитрий Муратов (Орусия), Мария Ресса (Филиппин)
2020: БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
2019: Абий Ахмед Али (Эфиопия)
2018: Денис Муквеге (Конго Демократиялык Республикасы), Надя Мурад (Ирак)
2017: Өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык өнөктүк
2016: Хуан Мануэль Сантос (Колумбия)
2015: Улуттук элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулардын төртилтиги (Тунис)
2014: Кайлаш Сатиартхи (Индия) жана Малала Юсуфзай (Пакистан)
Нобелдин Тынчтык сыйлыгы деген эмне?
Тынчтык сыйлыгы – Швеция эмес, Норвегиянын Нобель комитети ыйгарган сыйлык. Чечимди беш адам кабыл алат.
Норвегиялык комитеттин эрежелерине ылайык, Тынчтык сыйлыгына каалаган адамды көрсөтүүгө болот, бирок талапкерлерди сунуштоого чектелген сандагы адамдар гана укуктуу.
Талапкерлерди көрсөтүүдө Альфред Нобелдин керээзинде көрсөтүлгөн үч критерий эске алынат: куралдуу күчтөрдүн санын кыскартууга кошкон салымы, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүү жана элдердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы.
Комитеттен түшүндүрүшкөндөй, акыркы 120 жыл ичинде Нобель белгилеген түшүнүктөргө эл аралык кызматташтык, жеке адамдардын гана эмес, уюмдардын да тынчтыкка кошкон салымы жана адам укуктарын коргоо сыяктуу бир нече тактоочу туюндурмалар кошулган. (ZMa)