Германия беш жыл ичинде Европадагы эң кубаттуу армияны түптөгүсү келет

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Жессика Паркер
- Role, Берлиндеги кабарчы
Саясий күчтөрдүн ортосундагы бир нече айга созулган талаш-тартыштан кийин Германиянын коалициялык өкмөтү аскерлердин санын көбөйтүүгө багытталган аскердик кызмат боюнча жаңы планды макулдашты.
Жаңы аскердик планга ылайык, 18 жашка толгон эркек балдар кызматка жарамдуулугу боюнча сурамжылоону толтурууга жана 2027-жылдан тарта медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү болот.
Мындай чечим Берлин Европадагы эң кубаттуу салттуу армияны түптөөнү көздөп жаткан шартта кабыл алынууда.
Германиянын эң ири коргонуу фирмасы "Рейнметаллдын" (Rheinmetall) жетекчиси Би-Би-Сиге максатка беш жылдын ичинде жетсе болорун билдирди.
Армин Паппергердин айтымында, канцлер Фридрих Мерцтин куралдуу күчтөрдү (Bundeswehr) көбөйтүү боюнча максаты "реалдуу" болгон. Ал Би-Би-Сиге "так чечимдерди" кабыл алганын айтты.
Үстүбүздөгү жылдын башында Германиянын коргоо министрлигинин башчысы генерал Карстен Брейер алдыңкы төрт жылда Орусиянын ыктымал кол салуусуна карата НАТО даярданышы керек экенин эскерткен.
Паппергер келечек жөнүндө "так маалыматы жок" экенин, бирок Германия 2029-жылга чейин даяр болушу керектигин айткан.
Үстүбүздөгү жылдын башында коалиция түзүлгөн кезде Мерцтин консервативдик партиясы (CDU/CSU) менен Социал-демократиялык партия (SPD) аскердик кызмат өтөөнү кайра киргизүүнү макулдашкан эле. Кызмат өтөө "башында" ыктыярдуу түрдө болот.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Германиянын армиясында учурда 182 миңдей аскер бар. Аскердик кызмат боюнча жаңы планда бул санды кийинки жылы 20 миңге чейин көбөйтүү каралган. Алдыңкы 10 жылда аскер саны 255 миңден 260 миңге чейин өсүшү күтүлүүдө жана 200 миңдей резервисттер менен толукталат.
Кийинки жылы куралдуу күчтөргө кошулууга кызыкдар экенин билүү үчүн жашы 18ге толгон бардык улан-кыздарга сурамжылоолор жиберилет. Аны эркек балдар милдеттүү түрдө, ал эми кыздар ыктыярдуу түрдө толтурат.
2027-жылдын июлунан тарта 18ге толгон эркек балдардын баары кызматка жарамдуулугун баалоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Эгер өкмөт көздөгөн максатына жетпесе, анда парламент милдеттүү түрдө аскердик кызматка чакырууну караштырышы ыктымал. Эгерде согуш чыгып кете турган болсо, куралдуу күчтөр сурамжылоонун жана медициналык текшерүүнүн негизинде талапкерлерди чакырышы мүмкүн.
Германия саясатындагы айрым солчулдар милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө катуу каршылыгын билдирип жатышат.
Көптөгөн немис жаштары кооптонуп, басымдуу бөлүгү ага каршы. Стерн журналынын акыркы "Форса" сурамжылоосуна катышкандардын жарымынан бир аз көбү милдеттүү кызмат өтөөгө макул деп жооп беришсе, 18-29 жаштагылардын арасында каршы деп жооп бергендер 63% түзгөн.
"Мен согушка баргым келбейт, себеби өлгүм келбейт же окко учууну каалабайм", — деди берлиндик 17 жаштагы студент Жими. - "Адамдарга ок аткым да келбейт". Ал ушул аптанын башында Бундестагдын жанында аскерге чакырууга каршы өткөн акцияга катышкан.
Студент Германияга кол салуу "ыктымалдыгы аз жана абстракттуу сценарий" экенин айтып, өкмөт аны "миллиондогон жаштардын эмне менен алектенгиси келгенин чечүү укугунан ажыратканын" мыйзамдаштыруу үчүн пайдаланып жатканын билдирди.
Ал ортодо 21 жаштагы Жейсон учурдагы "коопсуздук кырдаалына" байланыштуу ушул жылдын башында куралдуу күчтөрдүн катарына кошулууга бел байлаган.
"Тынчтыкты коргоого, эгерде кырдаал начарлап кетсе, демократияны коргоого салым кошкум келет", — деди ал. Аскерге баруу менен ал "коомго пайда келтирип" жатам деп эсептейт.

Коргоо министри Борис Писториус аскердик кызмат өтөө боюнча жаңы план кабыл алынганына карабастан "тынчсызданууга жана кооптонууга эч кандай себеп жок" деп немистерди ишендирүүгө аракеттенди.
"Куралдануу, жеке курамды окутуп даярдоо аркылуу куралдуу күчтөрүбүздүн коргонуу жөндөмү канчалык бекем болсо, жаңжалга аралашпоо ыктымалдыгы ошончолук аз болот", — деди Писториус.
Кансыз согуш аяктагандан кийин Германиянын коргонууга жумшаган чыгымдары азайып, 2011-жылы аскерге чакыруу токтотулган.
Жакынкы өтмүшүнө байланыштуу Германия аскердик күчүн көрсөтүүдөн карманып келген. Бирок Орусия Украинага согуш ачкандан кийин, үстүбүздөгү жылдын башында Фридрих Мерц Германия коргонуу үчүн "болгон күчүн жумшайт" деп билдирген.
Европадагы НАТОнун мүчөлөрү чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылган Доналд Трамптын басымына туш болгон.
Европанын кайра куралдануусу "Рейнметаллдын" кирешесинин көбөйүүсүнө жол ачкан.
Компаниянын башчысы Армин Паппергер "талап көп болгондуктан, көп акча таптык" деген. Компания Украинага да курал жеткирет.
"Транспорт каражаттары, ок дарылар багытында күчтүү болушубуз керек, өзүбүздүн спутниктик жөндөмдөрүбүз болушу керек. Азыр мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде электроника жана жасалма акыл менен иштеп жатабыз", — деген ал.
Былтыр АКШда жарыяланган баяндамада "Рейнметаллдын" башчысына карата Орусия кутум уюштурган болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок бул ошол убакта ырасталган жок. Паппергер болсо "Мен жакшымын, коопсуздугум жакшы" деп баяндаманы этибарга алган эмес.
Европа кансыз же гибриддик согуш ахыбалындабы деген суроого ал "эмне деп атасаңар да, азыр заман тынч эмес" деп жооп берген.















