Израил-ХАМАС тынчтык келишиминен үмүт үзгүсү келбеген туткундун окуясы

шараби
    • Author, Лүси Менниң
    • Role, Атайын кабарчы

7-октябрдагы окуяларда ХАМАС тарабынан аялы менен кыздары өлтүрүлгөн израилдик мурдагы туткун үстүбүздөгү жылдын башында эркиндикке чыккандан бери "позитивдүү болуп жүрүүгү аракет" кылып жатканын айтып берди.

Өзүнүн сейрек берген маегинде Эли Шараби эки жыл мурда болуп өткөн окуяларды эскерди. Израилге куралчан адамдар кирип барып, адамдарды барымтага алганда, арасында ал да бар болчу. Ал барымтадан бошотулгандан кийин үй-бүлөсү өлтүрүлгөнүн укканын айтат.

Ал Израил менен ХАМАС согушту токтотуу боюнча соңку тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашпай калышы ыктымал деп тынчсызданып жатат. Анын айтымында, Израил менен Газанын ортосундагы согуш 20 туткундун өмүрүн коркунучка кириптер кылышы мүмкүн.

Шараби өзүн кармап кеткен ХАМАСка "эли үчүн, Жакынкы Чыгыш үчүн" келишимди кабыл алуусун жана "эки тарапка тең согуштун терс кесепети тийип жатканын" айткан.

Эки тарап бир келишимге келет деген "үмүттү өчүрбөшүбүз керек", — деп кошумчалады ал.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху тарабынан макулдашылган 20-пункттан турган планда согушту тез арада токтотуу, 72 сааттын ичинде бардык туткундарды бошотуу сунушталат. Анын негизинде Израил да жүздөгөн газалык жана палестин туткундарын бошотот.

ХАМАС азырга чейин Шарабинин бир тууганы Йоссинин сөөгүн барымтада кармап турат. Шараби сөөктү көмүү үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтат. Ошондой эле 24 жаштагы Алон Охел да барымтада. Аларды Газанын астындагы тоннелде чогуу кармап кетишкен.

Барымтада 491 күн кармалган Шараби 2025-жылдын февралында боштондукка чыгарылып жатканда гана аялы Лианна менен 16 жаштагы кызы Ноия жана 13 жаштагы кызы Йахел курман болгонун уккан. Шарабини кармап кеткенде аларды атып салышкан экен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал Израилге кайтып келгенде аны тосуп алган эч бир үй-бүлө мүчөсү калган эмес. Ал "эң жаман сценарий орундалганын" түшүнүп, өзүн таштап койгон.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын куралчан мүчөлөрү чек арадан Израилге кирип барышканда 1200дөй киши каза болуп, 251 адам барымтага алынган.

Андан бери эки жыл өттү. Шараби башына түшкөн сыноолор жана жашоосун мындан ары улантууга эмне түрткү бергени жөнүндө Би-Би-Сиге айтып берди.

Борбордук Израилде күн батарга жакын 53 жаштагы Шараби тынч чалкып жаткан Ак деңизди карап турат. Азыр ал деңиздин абасынан кере дем алып жатат. Мындай эркиндик ушул эле жылдын башында ал ач калып, зомбулукка туш болгон кезде ага өтө алыстай туюлчу.

Ошол 7-октябрдын таңында Шарабинин үй-бүлөсү Бээри кибуцундагы коопсуз бөлмөдө бир нече саат бою жашырынып отурушкан. Газа менен чек арага жакын жайгашкан аталган кибуцта 1000дей израилдик бар эле. Ал күнү Бээридеги дээрлик ар бир онунчу израилдикти өлтүрүп же кармап алып кетишкен.

ХАМАС аскерлери бастырып кирип ок чыгарышканда аялы Лианна экөө кыздарын коргоо үчүн жабылышкан. Лианна Англиянын Бристолунда төрөлгөн эле.

Шараби куралчандарга Лианна, Ноия жана Йахел британ жарандары экенин айтса да аны сыртка сүйрөп алып кеткенин кошумчалады.

"Ошондо мени туткундап алып кетип жаткан болушу мүмкүн экенин түшүнгөм. Дароо кыздарыма башымды буруп, мен кайтып келем деп кыйкырдым. Ошону менен аларды кайра көргөн жокмун".

Кибуц иштери боюнча мурдагы жетекчи Шараби айтып бергендей, аны башында Газадагы мечитке алып барышып, палестиналык жарандар кол салышкан.

ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында кол салгандан кийин өрттөлгөн үйлөрдүн бири. Бул Шарабинин үйү эмес

Сүрөттүн булагы, Bloomberg via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында кол салгандан кийин өрттөлгөн үйлөрдүн бири. Бул Шарабинин үйү эмес

"Көзүмдү таңып койгон эле, бирок эркек кишилер менен жаш балдардын үнүн угуп жаттым. Алар мени колдору менен токмоктой башташты. Жерге жатып калганымда жаш балдар бут кийимдери менен мени тээп жатышты".

Дээрлик 16 айлык барымтадагы жашоосунда анын колу-бутун таңып коюшканын айтат. Билектери менен согончогун биринчи аркан менен, анан темир чынжыр менен кишендешкен. Буту-колу катуу ооруганда ал эс-учун жоготуп койгон.

Аны сабашып, кабыргасын сындырып койгондо да бир айдай деми кыстыгып турса дагы ал чечкиндүү түрдө аман калууну көздөгөнүн айтат.

"Өтө коркунучтуу. Эркиндигиңди алып коюшканда кор болосуң", — деп эскерет ал.

"Дем алыш үчүн, сүйлөш үчүн, дааратканага барыш үчүн уруксат сурап турушуң керек. Тамак-аш, суу, бүт баарын суранып жалынып алышың керек. Бирок мен кыздарыма кайтып келем деп сөз бергем".

"Эмне болсо ошол болсун дегем. Колумду кесип салабы же жокпу, бутумду кесип салабы же жокпу, иши кылса үй-бүлөмө кайтып келеримди билгем. Башынан бери эле аман каларыма ишенгем".

Шараби айтып бергендей, аны ХАМАСтын тоннел тармагына алып барып, башка үч туткун менен бирге тар жана өтө катаал шарттарда тазалык шарттары начар жана азык-түлүксүз бир нече ай кармашкан.

Акыркы алты айда аларга күнүнө бир жолу тамак беришкенин айтат. Көбүнчө аларга бир жарым калама берилчү. "Эң жаманы ач калуу… килемге түшүп калган ушактарды терип жейсиң", — дейт ал.

Ал боштондукка чыккандан кийинки сүрөттөрүндө арыктап, алсыз турган адамды көрүп дүйнө жүзүндө кызуу талкууланган. Анда Шараби 25 кг салмак таштаган эле.

Бошотуларына бир апта калганда аны кармап тургандар кабар беришкен. Ошондо ага бир тууганын да кармап кетишкенин жана ал Газада каза болгонун билдиришкен. Бир тууганы Израилдин Газага чабуулунан набыт болгон болушу ыктымал. Эркиндикке чыгарына аз калганда Шараби аялы Лианна жана кыздары Ноия, Йахел менен аялынын туугандарына жакыныраак болуу үчүн Англияга көчүп барып жашоону кыялданган.

ХАМАС аскерлери Шарабини өткөрүп берерден мурда сүрөткө түшкөн

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАС аскерлери Шарабини өткөрүп берерден мурда сүрөткө түшкөн

Шарабини бошотор күнү ХАМАС ондогон куралчан адамдын курчоосунда салтанат уюштуруп, аны теледен көрсөткөн. Иш-чарада ага үй-бүлөсүн чыдамсыздык менен көргүсү келип жатканын айттырган. Бирок көрүп жаткандар ал билбеген бир нерени билишет эле.

Эркиндикке чыгуу кубанычы көпкө созулган эмес. Израилге кайтар замат аны оор жоготуу күтүп турган.

"Соцкызматкер мага келип, мындай деди: апаң менен эжең сени күтүп жатат. Мен ага Лианна менен кыздарымды алып келчи дедим. Ал болсо, апаң менен эжең айтып берет деди. Эмне болгону түшүнүктүү эле. Эң жаман сценарий орундалды".

"Бир нече мүнөттөй көз жашым тыйылбады. Анан өзүмө, бир күн кечке ыйласаң да Лианна, Ноия жана Йахел кайтып келбейт дедим. Ал эми мага үй-бүлөм керек. Соцкызматкерге, кеттик анда, апам менен эжемди барып кучактайын деп айттым".

Шараби өзү жана аялы Лианна, кыздары Ноия, Йахел менен түшкөн сүрөтүн кармап турат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шараби өзү жана аялы Лианна, кыздары Ноия, Йахел менен түшкөн сүрөтүн кармап турат

Эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы телефон чалуусун эстегенде ал токтоно албай кетет. Анда Шараби Уэлстеги кайын журтуна күйүтүн бөлүшүү үчүн байланышкан эле. Ал "өтө эмоционалдуу", бирок "орчундуу" байланыш эле. Үй-бүлөсүнүн тажыясы ал ХАМАСтын туткунунда болгон кезде эле Израилде болуп өткөн.

Шараби андан бери болуп көрбөгөндөй өжөрлүгүн көрсөтүп келет. Ал дүйнө жүзүн кыдырып, барымтадагылар үчүн өнөктүк өткөрүп келатат, ал тургай Доналд Трамп менен жолугушкан. "Мен андан ишти бүтүрүүсүн жана калгандардын баарын кайтарып келүүгө көмөктөшүүсүн өтүндүм", — дейт ал.

Ал февралдагы туткундарды айырбаштоо демилгесинде Трамптын салымы чоң болгон деп ишенет. Акыркы айларда Трамп Израил менен ХАМАСты тынчтык келишимин түзүүгө чакырып келет.

Жаңы тынчтык келишими жөнүндө Би-Би-Синин суроосуна Шараби тынчсызданып жатканын айтып жооп берди. "Балким мен билбеген айрым нерселер бардыр, бирок мени таң калтырсаңар кубанычта болот элем".

Анын айтымында, аталган тынчтык келишими "жакшы жаңылык" болгон. Ал адамдар "бир күнү келишим түзүлүп калат деген үмүтүбүздү өчүрбөшүбүз керек" дейт.

Ал Израил аскердик операциясын күчөтүп жаткан маалда ХАМАС барымтада кармап отурган туткундар кандай азапты баштан өткөрүп жатканын жакшы билерин айтат. ХАМАС жетектеген саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Израилдин Газага урган соккусунан 66 миңден ашуун киши набыт болгон.

"Согуш улана берсе, туткундардын жашоосу коркунучка кептелерин баары билет. Бул сыр эмес. Мен бардык 48 туткунду бүгүн, эртең бошотулушун кааласам, согуштун токтошун да каалайм. Согуш жаман нерсе. Адамдар согуштан жапа чегип жатышат. Бирок аны ким баштаганын, ким жакшы, ким жаман экенин унутпашыбыз керек".

Ал башына түшкөн сыноо жөнүндө адамдар билип жүрүшү үчүн "Туткун" деген китеп жазган. Аялы Лианна китеп окуганды жакшы көрчү. Ал Шарабиге китеп аз окуйсуң деп айтчу экен. Эми ал аялы сыймыктана турган иш кылдым деп ойлойт.

Үй-бүлөсүз күндөрү оор болуп жатса да аларды эстеп туруу үчүн эскерүү күнү керек эмес дейт ал.

"Йосси, Лианна, Ноия жана Йахел жашоомдо күн сайын, ар бир көз ирмемде мени менен бирге".

"Үй-бүлөм, досторум мен үчүн 500 күн күрөшкөндөн кийин мен төшөктө жатып алып, ыйлактаганга акым жок. Андай кыла албайм".

Израилде ага чоочун кишилер келип, баатыр экенин айтышат. Үй-бүлөсүн жоготконуна карабастан жашоосун улантууга анын барымтада көргөн күндөрү күч берет.

"Ал күндөр ушунчалык оор болду, бирок мен жашоону аябай сүйөм… Мен позитивдүү болууга аракет кылам. Ошонун үстүнөн иштеп жатам".