«Төрөгөндө коркпогон, согуштан да коркпойбуз". Орус дрондорун аткылаган аялдар отряды

Сара Рейнсфорд, Би-Би-Си

Буча сыйкырчылары

Сүрөттүн булагы, BBC/JAMES CHEYNE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Буча сыйкырчылары" - жалаң аялдардан турган өзүн өзү коргоо отряды

"Сыйкырчылар" Бучага караңгы түшкөн убакта чыгышат. Так ушул учурда россиялык дрондордун чабуулу башталат.

Алар өздөрүн «Буча сыйкырчылары» деп аташат – бул асмандан коргонуу боюнча мобилдүү-аткычтар тобу, жалаң аялдардан түзүлгөн.

Эркектер баары фронтко кетип жатканда, алар Украинанын асманын коргоого жардам беришүүдө.

Ажал чачкан дрондор дагы көбөйдү. Асмандан коргонуу системаларына күч келтириш үчүн Россиядан аларды толкун-толкун кылып учурушууда.

Түнкү нөөмөт аялдарга өздөрүнүн күндүз иштей турган мугалимдик же дарыгерлик иши менен айкалыштырууга мүмкүндүк берүүдө. Булардын арасында тырмак жасаган мастер дагы бар.

Көп аялдар Буча шаарын орус аскери басып алганда пайда болгон мажүрөөлүк, байкуш болуу сезимин ушундай жол менен жеңип жатышканын айтууда.

Шаар 2022-жылы марттын аягында бошотулгандан кийин гана анда болгон адам өлтүрүүлөр, кыйноолор, адам уурдоо сыяктуу кыянат иштер ачыкка чыкты.

Аба чабуулдары жана эски куралдар

Валентина

Сүрөттүн булагы, BBC/JAMES CHEYNE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валентина мобилдик топко ушул жайда кошулган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

«Мен 51 жаштамын, салмагым 100 кг, бирок чуркай алам. Мени үйгө айдап жиберишет го деп ойлогом, бириок мени алышты»,-дейт дарыгер-ветеринар Валентина. Ал ушул жайында мобилдик топко кошулуп, «Валькирия» деген аскердик чакырма атка ээ болду.

Ал фронтко кеткен достору жана согушта курман болгондор анын ушундай чечимге келишине себеп болгонун айтып отурду.

«Мен бул ишти аткара алам. Жабдыктар оор, бирок биз аялдар бул ишке жарайбыз».

Бир нече сааттан кийин Киев областында аба коркунучу жарыяланганда, Валентина өзүнүн эмнеге жарай турганын көргөздү.

Анын отряды токойдо жайгашкан базага бет алды, биз дагы ал түшкөн пикаптын артынан караңгы түндө жөнөдүк.

Машинадан төрт адам секирип түшүп, пикапка орнотулган пулеметтун кулагына барып отурушту. Бул башка доордон калган, 1939-жылкы үлгүдөгү бириктирилген эки «Максим» пулемету. Патрон салынган жашиктердин сыртында совет доорундагы кызыл жылдыздар тартылган.

Бул отряддагы жалгыз эркек Сергей темирге бөтөлкөдөн суу куюп, пулеметун улам суутуп коеюп жатты.

Булардын колунда болгону ушул. Украинанын мыкты куралдары фронттун алдыңкы сызыгында, Киев союздаштардан кайра-кайра курал-жарак сурап келатканы белгилүү.

Бирок бул пулемет эски болсо дагы жаман эмес. «Сыйкырчылар» жайдан бери үч дрон атып түшүрүшкөнүн айтууда.

«Менин милдетим - тыңшоо,- дейт Валентина. - Бул нерв кайнаткан иш, бирок биз ар бир дабышка кулак салып тикчийип кыраакы болушубуз керек».

Аткыч аял
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инна отрядда кызмат кылат, математика мугалими.

Анын курбусу Инна дагы элүүдөн ашты, ал биринчи жолу чыкты.

«Ооба, бул коркунучтуу экен, бирок төрөт дагы коркунучтуу, мен үч жолу төрөдүм»,-деп күлөт. Анын аскердик чакырма аты - «Черри».

«Бул помидор эмес, менин машинамын аты [Chery кытай автоунаасы — Би-Би-Си].

Инна — математика мугалими, кээде ал сабакка түз эле токойдон барат.

«Мен кийимдеримди машинада кармайм. Дароо кийим алмаштырып, оозумду боеп алып сабак өтүп баштайм. Кайра машинага отуруп, бурчка барып кайра кийим которуп, күжүрмөн ишке жөнөйм».

«Эркектер кетти, бирок биз бул жердебиз. Украин аялдарынын колунан баары келет».

Ыктыярлуу мобилдик топтордо канча адам бар экени, канчасы аял экени тууралуу так маалыматтар жок. Россия ар түнү Украинага жардыргыч зат салынган дрондорун учуруп жаткандыктан, бул мобилдик топтор ири шаарлардын айланасында кошумча калкан жасоого жардам беришүүдө.

Эркектер калган жок

Полковник Верлатый армияда азыр аялдарга болгон мамиле өзгөрдү дейт

Сүрөттүн булагы, BBC/JAMES CHEYNE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полковник Берлаго армияда азыр аялдарга болгон мамиле өзгөрдү дейт

Ыктыярчылар тобунун командири жаңы эле айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Донбасстагы Покровскиден келди.

«Ал жакта жарк-журк эткен эле асман», — деп Андрей Верлатый ал жактагы кырдаалды күлүп сүрөттөдү.

Анын карамагында мобилдик-аткычтар тобуна кирген 200 эркек бар эле. Алар коменданттык саат убагында бүт регионду кыдырып көз салышчу.

Алардын көбү аскердик ишке жараксыз болчу.

Бирок Украинага аскер абдан керек болду, ошондо мобилизация жөнүндө мыйзамды кайра карашып, көптөр фронтто кызмат кылууга жарактуу болуп калышты.

«Менин кишилеримдин 90% армияда, 10% келемишке окшоп жашынып калды. Бизде киши калган жок,-дейт полковник. — Буту жок же жаагы сынган эле кишилер калды».

Ошондо анын алдында суроо турду: мобилизациялык курактан төмөн эркектерди алуу керекпи же аялдардыбы?

«Аялдарды алабыз деген адегенде бул тамаша сөз болчу. Куралдуу Күчтөрдө аларга анча ишеним жок эле. Азыр болсо кырдаал өзгөрдү".

«Сыйкырчылар» дем алыш күндөрү аскердик даярдыктан өтүшөт. Биз барган күнү алардын биринчи сабагы болуп жаткан экен. Алар эски фермаларга барып машыгууда, акырын жылып басып, автоматтарын соройтуп эшик-терезеден чыгарып, чабуулга өтүүнүн ыкмаларына үйрөнүшүүдө.

«Баскынчылык өз башыман өттү, баламдын кыйкырыгын кантип унутам, — дейт Валентина үшкүрүп. — Биз качып чыкканда ок тийип өлгөн адамдар болду”.

Анын үй-бүлөсү Бучадан качканда күйүп калган танкаларды, ок тийип өлгөн аскерлер менен адамдардын денесин аралап өткөн. Орустардын блок-постуна келгенде солдат алардын машинасынын терезесин ачтырып, баласынын башына куралын такаган күндү эстегенде жүрөгү зырп этет.

Каргыш тйиген согуш башталгандан бери миң күн өтүп, көп адамдар шалдайып турганда, Валентина Украина жеңип чыгат деп бекем ишенет.

«Жашоо өзгөрдү, биздин пландардын баары талкаланды. Бирок биз согушту тездетип бүтүргөнгө жардам берүүдөбүз. Биздин кыздар айткандай, бизсиз бул согуш бүтпөйт».

Пикапка орнотулган пулеметту башкаргандардын бирөө гана эркек жана калганы жалаң аялдар.

Сүрөттүн булагы, BBC/JAMES CHEYNE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пикапка орнотулган пулеметту башкаргандардын бирөө гана эркек жана калганы жалаң аялдар.

Айнектин сыныктарын аскердик батиңке менен бырчалай басып, колунда мылтык кармаган офис-менеджер Аня келатат. Ал дагы сыйкырчылардын бири. Жашы 52де, аскердик даярдыктан кийин күчтүү болуп калганын айтат.

«Оккупация башталганда менин колумдан эчтеке келбейт деп калгам. Мен бирөөгө жардам бермек түгүл, өзүмдү коргой албай калдым. Ошондо курал колдонгонду үйрөнөйүн деп чечтим».

Аялдар инструктор менен шыңкылдап сүйлөшүп, үндөрү шайыр угулат. Бирок кечинде токойдогу базага барганда алардын бирөө жүрөк ооруткан окуяны айтып берди.

Бучаны орус аскери басып алганда үйлөргө кирип, каалаганын кылып, өлтүрчүсүн өлтүрүп, башкаларын зордуктай баштаган. Ошондо баскынчылар балдарды дагы аябайт экен деген каңшаар угулду.

«Ошондо мен орустарды эч качан кечирбейм, келсе катыгын берем деп чечтим», -дейт аял.

Мен бул аял айткандын баарын кайталап айтып бербейм, бир гана айтарым, баскынчы аскерлер анын үйүнө келишкен жок. Бирок ошондон бери анын кыжыры кайнап, жанына тынчтык бербей келди.

Акыры өзүн коргогонду, үй-бүлөсүн жана өлкөсүн коргогонду үйрөнө баштаганда гана кичине жазылды.

«Бул жакка келгеним жакшы жардам берди, — деп акырын айтты мага. — Анткени мен эми жөн эле жем болуп коркуп отура бербейм». (КС)

Аткыч аялдар

Сүрөттүн булагы, BBC/JAMES CHEYNE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аткыч аялдар