You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
The Economist рейтинги: Борбор Азия жана Кыргызстандагы демократиянын абалы
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
The Economist басылмасы демократиянын индекси боюнча кезектеги талдоосун жарыялаган соң түрдүү талкуулар жүрүп жатат. Басылма 2024-жылы дүйнө жүзүндө демократия олуттуу соккуларга кабылганын жазган. Басылманын жылдык отчетунда былтыр жетимиштен ашуун өлкөдө шайлоо өткөнүнө карабастан, көпчүлүк мамлекеттерде добуш берүү демократиянын чыныгы принциптерине шайкеш келбегени айтылат. Жылдык баяндамада Борбор Азиядагы мамлекеттердин дээрлик бардыгы авторитардык өлкөлөрдүн катарында экени көрсөтүлгөн.
Журнал 2006-жылдан бери 167 өлкөдөгү демократиянын деңгээлин беш негизги критерий менен баалап келет. Анда мамлекеттердеги шайлоо процесси, өкмөттүн иши, саясий активдүүлүк, саясий маданият жана жарандардын эркиндиги сыяктуу жагдайлар каралат.
Бул көрсөткүчтүн жыйынтыгы менен өлкөлөр төрт негизде категорияларга бөлүнөт:
- Толук демократия
- Жарым-жартылай демократия
- Гибриддик
- Авторитардык режим
Басылма мамлекеттердеги демократиянын көрсөткүчүн 10 баллдык шкала менен баалайт.
Былтыркы демократиялык индекс соңку 20 жылдагы эң начар көрсөткүчтөрдүн бири катары бааланган.
2024-жылы дүйнөлүк орточо көрсөткүч 5,17 баллга түшүп, рекорддук төмөнкү чекке жеткен. Буга чейинки эң төмөнкү көрсөткүч 2015-жылы катталып, индекс 5,55 балл болгон.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, учурда дүйнө калкынын болгону 6,6 пайызы толук демократиялык шартта жашайт. 2014-жылы бул көрсөткүч 12,5 пайызды түзгөн.
Андан тышкары ар бир бешинчи адамдын экөөсү авторитардык башкаруу астында жашап жатканы көрсөтүлгөн.
Басылманын анализине караганда, Норвегия он алты жыл катары менен дүйнөдөгү эң демократиялуу өлкө болуп калууда. Быйыл анын көрсөткүчү 9,81 баллды түзгөн.
Андан кийинки орундарды Жаңы Зеландия жана Швеция ээлеген. Демократиялык индексте эң акыркы баскычында турган өлкө Ооганстан экени айтылган. 2021-жылдан бери анын көрсөткүчү өзгөрбөй, 0,25 балл бойдон калууда.
Мындан тышкары, Пакистан, Орусия, Франция, Түштүк Корея, Румыния жана АКШда демократиялык абалдын начарлаганы байкалган.
КМШ мамлекеттеринин ичинен Армения гибриддик режимге киргизилсе, Кыргызстан баш болгон калган мамлекеттер авторитардык башкаруу категориясына кошулган.
Кайра кароо мезгили
Берлиндеги Карнеги борборунун эксперти Темур Умаровдун айтымында, индекстер ар дайым эле чыныгы кырдаалды толук чагылдыра бербейт.
"Биринчиден, кандай гана демократиялык индекс болбосун, ал так аныкталбаган реалдуулукту сандар аркылуу чагылдырууга жасалган аракет экенин түшүнүү керек",- деди Би-Би-Сиге.
Демократиялык көрсөткүчтөрдүн төмөндөөсүн АКШ жана Европа мамлекеттериндеги саясий көрүнүштөр, дүйнө жүзүндө авторитардык режимдердин бекемделиши менен байланыштырды.
"Маалыматтык мейкиндикке байкоо салган ар бир адам муну сезип турат. Бирок биз трансформацияны эмес, кайсы саясий режим коом үчүн, экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр үчүн эң ыңгайлуу болот деген кайра кароо мезгилин баштан кечирип жатабыз",- деди эксперт.
Ал Борбор Азия мамлекеттери тууралуу сөз кылып жатып, Кыргызстандагы учурдагы саясий түзүлүштү демократиялык деп атоо кыйын экенин айтып, бирок өлкө классикалык авторитардык башкарууга да толук өттү деп айтууга негиз жок экенин кошумчалады.
"Кыргызстандагы саясий режим азырынча бийликтин узак мөөнөттүү, алмашкыс башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин көрсөтө элек. Мамлекет башчынын мыйзамдуу шайлоо институттары аркылуу алмашпай калганы бул авторитаризмдин негизги белгиси. Эгер кийинки шайлоолордо Садыр Жапаров кайра келе турган болсо, ошондо авторитардык режим өзүнүн туруктуулугун көрсөттү десек болот. Бирок азырынча андай боло элек",- деди ал.
"Экономист" басылмасынын демократиялык индексине ылайык, Борбор Азия жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер төмөнкүдөй рейтингди көрсөткөн.
- Армения – гибриддик режим
- Кыргызстан – авторитардык режим
- Казакстан – авторитардык режим
- Өзбекстан – авторитардык режим
- Орусия – авторитардык режим
- Беларус – авторитардык режим
- Тажикстан – авторитардык режим
- Түркмөнстан – авторитардык режим
Кыргызстан 167 мамлекеттин ичинен 111-орунду ээлеп, демократиялык индекс боюнча 3,52 баллдык көрсөткүчкө ээ болгон.
Маселени талдап жатып, Карнеги борборунун эксперти Борбор Азиянын башка мамлекеттерине караганда, Кыргызстан салыштырмалуу ачык коомго жана жарандык активдүүлүккө ээ экенин кошумчалады.
"Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө бийлик лидерлери ээлеген ордунда өмүрүнүн акырына чейин калары шексиз. Биологиялык абалын эске албаганда дагы, алар бийлигин канча убакыт сактай алса ошончо убакытка чейин калат. Бул мамлекеттер Конституциясын өзгөртүп, алардын катышуусу жок институттар маанилүү чечим кабыл ала албай тургандай кылып койгон",- деди Темур Умаров.
"Авторитардык траектория"
Казакстандык эксперт Димаш Алжанов соңку жыйырма жылда дүйнөдө демократиянын деңгээлинин төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын айтты.
"Ар түрдүү факторлордун фонунда демократиялык институттардын эрозиясын көрүп жатабыз. Бирок анын себептери бардык өлкөлөрдө бирдей эмес. Айрым демократиялык өлкөлөрдө экономиканын төмөндөөсү, теңсиздик жана бийликтин бышпаган миграциялык саясаты коомдо чыр-чатак жана нааразылыктарды жаратты. Акыры түбү ал либерализм жана стеблишментке каршы популисттерди, радикал күчтөрдү колдоого алып келди",- деди эксперт.
Алжанов Борбор Азиядагы дээрлик бардык режим башында эле авторитардык траектория менен өнүгүүгө багыт алганын баса белгиледи.
"Көптөгөн президенттер бийликти узурпациялоо жана экономикалык ресурстарды өз колуна топтоо үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ болду. Алар демократияга багыт алууну көздөгөн жок. Демократия бар экенин көрсөтүмүш этип реформаларды жана шайлоолорду өткөргөн учурлар гана болду. Авторитардык саясий системалар туруктуулукка ээ болуп, президенттерин Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу алмаштырып жатат. Мындай шартта демократиялык өзгөрүүлөр саясий кризис учурунда гана мүмкүн. Мисал катары Бакиев бийликтен кулагандан кийинки Кыргызстандагы абалды алалы. Бийликке бир нече топ келди. Бийликти бөлүшүүгө умтулган бул топтор президент менен тең салмактуулукту сактоо үчүн парламенттин ролун күчөттү. Бул реформалар толук кандуу демократиялык башкарууга өтүүгө жетишсиз болгон, бирок саясий атаандаштыкты пайда кыла алды",- деди ал.
Эксперт Кыргызстан тууралуу пикирин билдирип жатып, демократияны чыңдоонун маанилүү шарты болгон саясий атаандаштыкты өлкө сактап кала албаганын айтты.
"Кыргызстан тездик менен багытын терс жакка өзгөрттү. Азыркы бийликке көп деле убакыт болгон жок. Бирок биринчи кезекте конституция өзгөртүлүп, өлкөнүн ыкчам автократияга айланышына негиз болду. Кыска убакытта оппозицияга, жарандык коомго жана көз карандысыз медиага сокку урулду",- деди Би-Би-Сиге.
Соттун чечими
Ал ортодо марттын соңунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аталган райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимди дагы бир жолу узартты.
Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктап, райондук администрациянын 1-апрелден 30-июнга чейин тынч жыйындарды өткөрүүчү жерлерди чектөө боюнча арызы сот тарабынан канааттандырылганын маалымдады. Чектөө жыл башында дагы узартылган эле.
Бишкектин борбордук бөлүгүндө жана мамлекеттик мекемелердин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салган сот чечими 2022-жылы март айында чыккан.
Ошондон тартып "Ала-Тоо" аянтында, Эркиндик бульварынын бир бөлүгүндө, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында, Панфилов паркында, Турсунбаева атындагы скверде, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин, УКМКнын, ИИМдин имараттарынын алдында тынч жыйынга чогулууга уруксат берилбей келет.
Митингди Рыскулов көчөсүндө жайгашкан М. Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө болот.
Жарандык активист Адил Турдукулов Бишкектин борбордук аянтында тынч жыйындарды өткөрүүгө коюлган чектөөнү демократиялык принциптердин жана жарандардын конституциялык укугунун бузулушунун ачык белгиси катары сыпаттады.
"Конституцияда жарандар каалаган жерде, каалаган убакта жыйын өткөрүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн. Ага эч бир орган тыюу сабашы керек",- деди ал.
Айтымында, тынч жыйындар демократиялык коом үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бийлик аларды кооптуу көрүнүш катары эмес, тескерисинче, өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден-бир жолу катары кабыл алышы керек.
"Бул бийликке кайсыл көйгөйгө маани берүү керек деген сигнал. Бирок тыюу салуу менен элдин үнүн басуу мүмкүн эмес",- деди активист.
"Эркиндик, адам укуктары сакталууда"
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан толугу менен демократиялуу мамлекет деген пикирин билдирди.
"Бизде азыр демократиялык жол менен шайланган президентибиз, демократиялык жол менен шайланган Жогорку Кеңешибиз бар. Баардык бийлик бутактары иштеп жатат. Башкысы эл үмүтүн актап, эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда. Бул негизги критерий",- деди Байсалов.
Мурдагы укук коргоочу эл аралык рейтингдердин дагы мааниси чоң экенин белгилеп, мамлекет аларды четке какпай турганы кошумчалады.
"АКШнын демократия боюнча эл аралык негизги институту январда жарыялаган сурамжылоосунда 91-95 пайыз азыркы бийликтин саясаты туура экенин көрсөттү. Биз туура, өнүгүү жолунда бара жатабыз. Муну эч ким четке кага албайт. Ал эми айрым эл аралык уюмдар кыргыз элинин кызыкчылыгын билип-билбей алыстан сындай бергени алардын иши. Биздин негизги приоритет Кыргызстан элинин ишенимин актоо",- деди Байсалов.
Төрага орун басары демократиянын өнүгүшү жана адам укуктарын корголушу өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы менен байланыштуу экенин айтып, Кыргызстан учурда туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн кошумчалады.
"Ошол критерийлерди караганда азыркы бийликтин жүзү жарык. Анткени соңку төрт жылда мамлекеттик киреше үч эсе, ички дүң өндүрүм эки эсе көбөйдү. Учурда жоон топ делегация иш сапар менен Страсбург шаарында Европа кеңеши, Венециялык комиссия, Европа парламенттин депутаттары менен жолугуп жатабыз. Алар дагы социалдык-экономикалык өнүгүү канчалык маанилүү экенин айтып жатышат. Азыр Кыргызстан эли демократиялык жол менен шайланган президенттин, парламентиин, мамлекеттин саясатын колдоп жатат. Бизде эркиндик, адам укуктары баары сакталууда. Негизги биздин мүдөөбүз өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу",- деди Байсалов.
"Эл эмне дейт, эл эмне жейт"
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Кыргызстандын көрсөткүчүнүн төмөндөөсүн өлкөнүн реалдуу абалын билбеген эл аралык уюмдардын сырттан берген баасы катары сыпаттайт.
"Силер Борбор Азиядагы демократия аралысыңар деген упчуну көп жыл эмгенбиз. Бирок, ал президенттердин тушунда демократия да болгон эмес, өлкөбүз дагы оңолгон эмес. Азыр Кыргызстан чет элдиктер эмне дейт эмес, элибиз эмне дейт, элибиз эмне жейт деген жолго түштү",- дейт ал.
Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев эл аралык уюмдардын индексин абсолюттук чындык катары кабыл албоо керек деген пикирде.
"Кандай гана башкаруу болбосун эгер ошол мамлекеттин эли жетекчисин колдоп жатса, экономика, ички дүң өндүрүм өсүп, социалдык маселелер чечилип жатса эмнеге ал рейтингге ишенишибиз керек? Башкысы жыйынтык болуп жатат да. Эгер ошол өлкөлөрдүн стандарты менен карасак анда Кытай такыр эле диктатура болуп калабы? Бирок бул өлкө болуп көрбөгөндөй өсүп жатпайбы? Ошондуктан эл аралык стандарттарды дагы башкача өңүтүнөн караш керек. Эл аралык институттардын анализдерин акыркы чындык деп кароого болбойт",-деди Акматалиев.
Ал демократиялык элементтин бирден-бир белгиси катары жарандардын саясий процесстерге катышуусу тууралуу айтып өттү.
"Өлкөдө саясий процесстерге катышуусу аябай жогорку деңгээлде. Маалымдоо каражаттары ачык иштеп жатат. Социалдык тармактар аркылуу ким эмне кааласа ошону жазат. Шайлоого катышуу жаман эмес. Саясий партиялар бар. Бул демократия эмеспи? Алар ушундай нерселер менен спекуляция кылып жатат. Ошол жыйынтыкты чыгарган өлкөлөрдүн өзүндө көйгөйлөр толтура",- деди философия илимдеринин кандидаты.
Ошондой эле ал Биринчи май райондук сотунун аталган райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин чектөө эмес, эреже катары кабыл алуу керек деген пикирин билдирди.
"Баш мыйзамда сөз эркиндиги, тынч жыйынга чогулуу укугу бар деп турат. Аны мамлекет танбайт, камсыз кылат. Бирок чектейт жана эрежесин аныктайт",- деди ректор.
Соңку жылдары Кыргызстан демократия жана сөз эркиндиги боюнча бир катар эл аралык уюмдардын сынына кабылып, дүйнөлүк индекстерде көрсөткүчү төмөндөп кеткендиги коомдо ар кандай пикир жаратууда.
Бирок жогорку бийлик бул боюнча өз позициясын билдирип, өлкөдө демократия бар экенин жана ал мындан ары да сактала турганын байма-бай айтып келет.