Палестиндер Израилдин Газа шаарын бомбалоосунан качышууда

Миңдеген үй-бүлөлөр Газа шаарынан качып чыгууга аракет кылышууда. Анткени израил армиясы шаарды оккупациялоону көздөгөн ири масштабдагы операциясынын алкагында кургактагы операциясын баштаганын ырастады.

Израил армиясынын шаарды оккупациялоону көздөгөн ири масштабдагы операциясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израил армиясынын шаарды оккупациялоону көздөгөн ири масштабдагы операциясы

32 жаштагы Лина ал-Магреби үч баланын энеси. Ал шаардын Шейх Радван районунун тургуну. Бир израил офицери телефон чалып, эвакуациялоо буйругун бергенге чейин коркунучка карабай, Лина үйүнөн кетпейм деп каршылык көрсөткөнүн Би-би-сиге айтып берди.

"Көчүүгө жана чатырга кеткен каражатты жабыш үчүн зер буюмдарымды сатууга аргасыз болдум. Хан-Юниске жетүүгө он саат кетти, жол киреге бир миң АКШ долларындай төлөдүк. Тизилген жеңил жана жүк ташуучу унаалардын аягы көрүнбөйт," – деп билдирди.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, ХАМАСтын соңку чеби катары саналган Газа шаарында "кубаттуу операциясы" башталганын маалымдады.

Израил армиясы көчүү үчүн жайкын тургундарга жээкти бойлой жайгашкан ал-Рашид жолу аркылуу гана жүрүүгө уруксат берген. Жол тыгыны жаралып, жеңил жана жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралганын жана аба чабуулдары уланып жаткандыктан, үй-бүлөлөр кеталбай жолдо калганын белгилешүүдө.

Израилдин бул операциясын эл аралык коомчулук айыптап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин бул операциясын эл аралык коомчулук айыптап жатат

Операцияны эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУнун адам укуктары боюнча жетекчиси жана Германиянын тышкы иштер министри айыптап чыгышты.

Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер операцияны "таптакыр акылсыздык жана үрөй учурарлык" деп атап, ал дагы көп кан төгүүлөргө алып келерин, көптөгөн күнөөсүз жарандар каза болорун жана калган туткундарга коркунуч жараларын айтты.

Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дүйшөмбү күнү өткөн Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйыны учурунда, "АКШ согуш сүйлөшүүлөр менен аякташын каалаган, бирок кеп ХАМАС сыяктуу топ менен болуп жаткандыктан кээде ал нерсеге жетүү мүмкүн эмес," - деп Израилдин операциясын колдогондой көрүндү.

Шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясы Израил Газада палестиналыктарга каршы геноцид жасап жатат деген баяндамасын жарыялаган чакта Израил чабуулдарын күчөттү. Израил баяндаманы кескин четке кагууда.

Шейшембиге караган түнү Израилдин аскердик учактары Газа шаарын жапырт бомбалашты. Аймактын борборундагы ал-Дараж районуна, батыштагы качкындар лагерине жана түндүктөгү Шейх Радван районуна көбүрөөк сокку урушкан.

Чабуулдар учурунда артиллерия, дрондор жана тик учактар колдонулду.

Израилдин Коргонуу күчтөрү операциянын "кийинки баскычынын" алкагында "акырындап" Газа шаарына жылып келатканын кабарлашты.

Анда аскердик операциянын эмдиги баскычында аскерлердин саны күндөн-күнгө көбөйтүлүп, десанттык күчтөр жана жөө аскерлер тартылары айтылат.

Тургундар түн ичиндеги чабуулдарды "тозоктой эле болду" деп сыпатташты.NT