Ким Чен Ын: АКШ Түндүк Корея менен мамиле кылгысы келет, бирок кантип кыларын билбейт

Laura Bicker, Anthony Zurcher

in Bangkok and Washington DC

Түндүк Кореянын армиясындагы кыздар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ондогон жылдар бою Батыш, тактап айтканда, Вашингтон өзүнө “Түндүк Корея сыяктуу көйгөйдү кантип чечсе болот” деген суроону берип келет.

Ким Чен Ын менен Владимир Путиндин катаал санкцияларга кабылган режимдери достуктун жаңы доорун баштап жаткандыктан, ал суроо азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу болушу мүмкүн. Бирок АКШнын мамиле түзүү жаатында идеялары түгөндү көрүнөт.

Москва менен Пхеньяндын ортосунда түзүлгөн келишимдер тууралуу маалымат аз болушу мүмкүн, бирок Россиянын ар кандай технологияны, өзгөчө баллистикалык ракеталар же суу астындагы кемелер үчүн өзөктүн системаларды берүү ыктымалдуулугу эң чоң кооптонууну жаратат.

“Путин ушунчалык айласы кеткендиктен, эч ким мамиле кылбаган өлкөдөн жардам сурап "жалбарып", "шапкесин колуна алып" бүт өлкөнү аралап барууга аргасыз болду” – деп, Вашингтон аталган жолугушууга шылдыңдаган таризде жооп кылып келди. Ага кошумча, АКШ Түндүк Кореяга олуттуу, бирок азырынча такталбаган кесепеттер тууралуу эскертүүлөрдү берди.

Бирок Американын экономикалык арсеналында Түндүк Кореяны жазалоо үчүн дээрлик эч нерсеси калбады. Мамлекеттик департаменттин бир кабарчысы Пхеньянда сокку жебеген болгону бир нече дүкөн гана калган болушу мүмкүн, деп тамашалады.

Кытайга каршы альянстарды куруу менен алек болгон президент Жо Байден Түндүк Кореянын өзгөрмө мүнөздүү лидерин кантип ыкка келтирип, сүйлөшүүгө көндүрө алар болду бекен?

Салам, болгон сөзүм ушул

Өткөн жылдын май айында Сеулга болгон иш сапары учурунда президент Байден журналисттердин Ким мырзага кандайдыр бир айта турган сөзүңүз барбы деген сурооcуна "Салам. ... Болгон сөзүм ушул " деп жооп берди.

Америка Кошмо Штаттарынын Тынчтык институтунун түндүк-чыгыш Азия боюнча эксперти Фрэнк Аум "Эгер Мамлекеттик департамент билдиргендей Байден мырза чындап эле сүйлөшүүгө даяр болсо, минтип айтуу ал даярдыкты көрсөтүүнүн күлкүлүү жолу болду," деди.

Анын айтымында, бул дагы бир колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк болду: "Акыркы жетимиш жылда эки тараптын тең бир катар каталарынын жана колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы бүгүнкү күндөгү чечилгис кырдаалга алып келди".

Видео

Путин менен Кимдин Орусиядагы жолугушуусу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ким мырза кызыкдар эместей көрүнөт. Ал Вашингтондун каерде жана кайсыл убакта болбосун сүйлөшөлү деген учурдагы сунушуна жооп кайтарган жок. Бирок ал ядролук арсеналын күчөтүп, өзүнүн эсептеше турган коркунуч экенин далилдөө үчүн колунан келгендин баарын жасады. Ал 2022-жылдан бери 100дөн ашык ракеталык сыноолорду өткөрдү жана эки жолу тыңчы спутник учурууга аракет кылып, анысы ишке ашкан жок - мунун баары анын режимине карата эң катуу санкциялар салынган кезде ишке ашты.

"Менин оюмча, АКШ Түндүк Кореянын эл аралык кысымга каршылык көрсөтүүдө канчалык туруктуу жана чечкиндүү экенин эске албай койду" деди Аум мырза. "Ар түрдүү администрациялардагы көптөгөн адамдар Түндүк Корея маселесин үчүнчү деңгээлдеги коопсуздук маселеси катары мүнөздөшкөн жана ал кичинекей өлкө болгондуктанбы же дайыма кыйроонун босогосунда тургандыктанбы, ага толук көңүл бурушкан эмес."

Эксперттердин пикири боюнча, Ким мырза приоритеттик тизмеде өтө эле төмөн түшүп кеткен.

Crisis Group’тун кореялык талдоочусу Кристофер Гриндин айтымында, Пекинден келип чыккан тобокелчилик "Пхеньяндын коркунучунан жогору турат ".

"Менин оюмча, АКШ азыр болгону алдын алуу жана ооздуктоо стратегиясын колдонот. Мен мунун себебин түшүнүп турам. Биз Түндүк Корея Орусия менен Кытайга мурдагыдан да көбүрөөк таяна ала турган кырдаалда турабыз. АКШ Түндүк Корея менен эмненин негизинде мамиле түзмөк эле?

Ал "чыгармачыл дипломатия жакшы болмок" дейт, бирок "менимче, азыр алдыга жол жок" деп кошумчалайт.

Сергей Шойгу Түндүк Кореяда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Шойгу Түндүк Кореяда

Өрт, каар жана достук

2017-жылы Пхеньян өзөктүк дымагындагы эң чоң кадамды жасап, ракеталарга орнотуу үчүн иштелип чыккан кичирейтилген суутек бомбасын ийгиликтүү жасаганын жарыялады.

Андан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяны "буга чейин эч качан көрбөгөн өрттү жана каарды көрөт” деп коркутуп, чыңалууну күчөткөн.

Андан соң Ким Чен Ын анын толук өзөктүк арсеналы жана колунда баскычы бар экенин жарыялады - бул өлүм коркунучу аркылуу ал санкциялардан арылуу жолдорун табууга үмүттөнгөн.

Акыры Дональд Трамп ага мурда болуп көрбөгөндөй сүйлөшүүлөрдү сунуштады жана Ким Чен Ын менен биринчи жолу 2018-жылдын июнь айында Сингапурда кол алышып учурашты.

Бул "чыгармачыл дипломатия" деп эсептелгени менен, эки лидер тең Сингапурда, Ханойдо жана эки Кореянын чек арасында өткөргөн үч сүйлөшүүгө тең начар даярдыкта келген сыяктуу болгон.

Ошентсе да ал саммиттер Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы дипломатияны өзгөрттү. Пхеньянда келишимге жетүү үчүн бетме-бет сүйлөшүү гана керек деп күтүштү. Ким Чен Ын өзүнүн аскердик күчүн көрсөткөндөн бир жыл өтүп дипломатиялык оюнга жетише алган болчу.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ын Кореянын чек арасында жолугушкан учуру, 2019 - жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп жана Ким Чен Ын Кореянын чек арасында жолугушкан учуру, 2019 - жыл

2019-жылдын февраль айында Ханойдогу саммитте бурулуш учур болду.

Кабарларга караганда, Трамп Кимге жарым-жартылай санкцияларды жеңилдетүүнү сунуштады - анын ордуна Түндүк Корея Йонбендеги негизги өзөктүк объектиден баш тартышы керек эле. Трамптын ошол кездеги улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун айтымында, Ким Чен Ын бул сунушту четке каккан. Андан кийин ал поезд менен абдан узак жол жүрүп, өлкөсүнө куру кол кайткан.

Ошол жылдын аягында эки Кореяны бөлүп турган Демилитаризацияланган Зонада (ДМЗ) үчүнчү жолугушуу болду. Ал жолугушуу спектаклден кем өткөн жок, бирок натыйжасы аз болду. Сүйлөшүүлөргө жарака кетти.

"Ханой сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин, менин оюмча Ким дагы күчтүүрөөк позицияны ээлеп — чоңураак, коркунучтуу арсеналга ээ болууну чечти деп ойлойм" – дейт, Пхеньянда Ассошиэйтед Пресстин биринчи бюросун ачкан Түндүк Кореянын эксперти Жан Ли.

"Ал 2018 жана 2019-жылдары анын арсеналы АКШны келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн жетишсиз болгонуна таң калды. Ал Ковид пандемиясындагы үч жыл убакытты арсеналын кайра калибрлеп түзүү үчүн пайдаланды. Бул ага өз позициясын жакшыртууга жана күчтүүрөк рычагдарга жетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле Ким АКШдагы кийинки шайлоодо эмне болорун күтүп жаткан болушу мүмкүн, анткени ал тыгыз мамиледе болгон президент Трамп Ак үйгө кайтып келиши мүмкүн.”

Ким Чен Ын менен Владимир Путиндин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бээжин фактору

Трамп менен Ким өткөргөн саммиттерден кийин Вашингтон үчүн эң олуттуу тынчсызданууну Кытай жаратып калды.

Жо Байден жана анын администрациясы Кытай менен жогорку деңгээлдеги диалогду кайра баштап, альянстарды бекемдөөгө жана аймактагы таасирин арттырууга жетишип, Азияда чоң дипломатиялык кадамдарды жасады. Бирок ошол тушта Түндүк Кореяга өтө узак убакыт бою көңүл бурулбай калды. Учурда дипломатиялык каналдар калбагандай сезилет.

Ошол эле учурда Москва жана Пхеньян менен мамилелери бар Бээжин АКШнын Түндүк Кореяга байланыштуу эсептөөлөрүндө маанилүү оюнчу болуп саналат.

Жо Байден Ким Чен Ынды сүйлөшүүгө көндүрө алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Байден Ким Чен Ынды сүйлөшүүгө көндүрө алабы?

Биринчиден, аймактагы туруктуулук Бээжинге ылайыктуу. Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы кеңири кызматташтык АКШнын Чыгыш Азияга көбүрөөк аскерий активдерин алып келиши мүмкүн, Бээжин болсо муну каалабайт. Си мырза ошондой эле өзүн глобалдык тынчтык орнотуучу катары көрсөтүүгө аракет кылып, Украинадагы согушту Кытай аркылуу чечүүнү сунуштады. Ал Пхеньянды же Москваны колдоп, согушту узарта турган кандайдыр бир аракеттерге барып жаткандай көрүнгүсү келбейт.

Башка жагынан алганда, Кытай Россия-Түндүк Корея альянсын АКШнын Азиядагы таасирине каршы туруу жолу катары көрүшү мүмкүн.

"Мен Түндүк Корея, Кытай жана Орусия ортосундагы ыктымалдуу мамилелер "жаңы кансыз согуш" тууралуу баянды кайра жаратышы мүмкүн экенин элестетип турам" деди Грин мырза, бирок ал аны "ашыкча жөнөкөйлөштүрүлгөн окуя" катары четке какты.

"Мен Ким Чен Ын өзүнүн мамилелерин ар тараптуу кылгысы келет жана Кытай менен Орусияны бири-бирине каршы тукурууну каалайт деп ойлойм", - деп кошумчалады ал. "АКШ азыр аларга кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай аларын карап көрүшү керек."