You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп Ак үйдө Сирия президенти менен жолукту
10-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа менен жолукту. Мурда Вашингтон аны террорист деп таанып, аны кармоо үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыялаган болчу.
Ак үйдүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Сирия президенти Ахмед аль-Шараа Ак үйгө келип, президент Трамп менен жолукту.
Жолугушуудан кийин журналисттер аль-Шараанын кортежин Ак үйдөн чыгып бара жатканын көрүштү. Эки лидер биргелешкен билдирүү жасаган жок
Reuters агенттигинин билдиришинче, бул визит адаттагыдай салтанаттуу өтпөй, аль-Шараа Ак үйгө негизги эмес, капталдагы эшик аркылуу кирип чыккан.
Бул сапар тарыхый окуя катары бааланууда. Себеби буга чейин бир да сириялык президент расмий түрдө АКШга келген эмес.
Акыркы жолу сириялык жогорку даражалуу өкүл Ак үйгө 1999-жылы барган. Ал кезде тышкы иштер министри Фарук аль-Шараа Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан.
Дамаскты "Хайят Тахрир аль-Шам" (Орусияда жана башка өлкөлөрдө террордук уюм катары тыюу салынган) күчтөрү басып алгандан кийин Асаддын режими кыйрап, анын ордуна келген Ахмед аль-Шараа Батыш өлкөлөрү менен мамилени жандандырууга аракет кылууда.
Вашингтондогу расмий сапардын алдында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шарааны жана ички иштер министри Анас Хаттабды санкциялык тизмеден чыгарган.
Аль-Шараа 2014-жылдан бери "Хайят Тахрир аль-Шам" уюмунун мүчөсү катары БУУнун санкцияларына илинген эле.
"Бул документтин кабыл алынышы менен Коопсуздук Кеңеши Сирия жаңы доорго кадам таштаганын саясий жактан тааныганы боюнча күчтүү белги берди", — деген добуш берүүдөн кийин АКШнын БУУдагы өкүлү Майк Уолтц.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Вашингтон бир нече ай бою калган 14 өлкөнү аль-Шараадан санкцияларды алуу зарылдыгына ынандырууга аракет кылган. Резолюцияны АКШ дипломаттары даярдап, добуш берүүгө алып чыккан. Ошондой эле декабрда АКШ бийлиги аль-Шарааны кармоо үчүн жарыяланган 10 миллион долларлык сыйлыкты да алып таштаган.