Кытайдын Жаңы жылы кандай майрамдалат?

Ванюан Соң & Жереми Хауэлл, BBC News

Кытайдын жаңы жылы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1-февраль, шейшемби күнү Ай эсеби боюнча 2022-жылдын Жаңы жылы. Бул күндү Кытайда, Чыгыш Азияда жана дүйнө жүзүндө белгилешет.

Бул майрамды адамдар жакындары менен бирге дасторкон жайып, парад көрүп жана алдыдагы жыл жакшылыктарды алып келсин деп тилеп өткөрүшөт.

Майрамда эмнелер болот?

Кышта эң кыска күн катталгандан (21-декабрь) кийин экинчи ай жаңырган соң майрамдоо башталат.

Ал 21-январь менен 20-февралдын ортосунда кайсы бир күнү болушу мүмкүн.

Жазгы фестиваль катары да белгилүү болгон Жаңы жыл майрамында эски жылды узатып, кирип келаткан жаңысы ийгилик жана өнүгүү алып келсин деген тилек айтылат.

Үй-бүлөлүк банкеттер өткөрүлүп, сыртта фейерверктер атылат жана ажыдаарлар менен бийлешет. Эң чоң салтанат Жаңы жылдын алдында жана Жаңы жыл күнү болот.

Кытайда миллиондогон адамдар үй-бүлөсү менен чогуу майрамдаш үчүн кээде алыс сапарларга чыгышат.

Кытайда жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда кызыл — ийгиликтин түсү

Адамдар үйлөрүн ийгилик алып келсин деп кызыл түс менен жасалгалашат. Ачык кызыл түстөгү конверттере акча салышып жаш балдарга беришет.

Майрам эки аптага чейин созулат. Ал 15-февралда, Ай толгондо, чырак фестивалын өткөрүү менен аяктайт.

1990-жылдан бери кытайлыктарга Жаңы жыл майрамында эс алуу үчүн бир апта берилип келет. Кытайдын Соода министрлигинин маалыматы боюнча, аталган убакыт аралыгында адамдар соода жана тамак-аш сатып алуу үчүн 820 млрд юандан ($130 млрд) ашуун каражат жумшашат.

Жолборс жылы

Кытай жылсанагында ар бир жыл 12 жаныбардын бирин менен байланыштырылат.

Үстүбүздөгү жыл жолборс жылы. Быйыл жарыкка келген бөбөктөр эр жүрөк, кыйын жана күчтүү болору айтылат.

Түштүк Кытайдын жана Гонк Конгдун негизги колдонгон кантон тилинде Жаңы жылда “Гоң Хей Фат Чой” (恭喜發財) деп куттукташат. Мааниси “сизге өнүгүү каалайм” дегенди билдирет. Мандарин тилинде “Шин Нян Куай Ли” (新年快乐) дешет, ал жөн гана “Жаңы жылыңыз менен” деген маанини туюнтат.

Кытайда жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолборс жылында төрөлгөн бөбөктөр эр жүрөк, кыйын жана күчтүү болору айтылат

Кытайдагы Жаңы жыл салтанатынын келип чыгуу тарыхы кандай?

Кытайдын Жаңы жылынын тарыхы биздин заманга чейин 14-кылымга, Шан династиясы өкүм сүргөн доорго, барып такалат.

Анын келип чыгуу тарыхы уламыштарга бай. Бир уламыш боюнча, Ниан аттуу түрү суук макулук ар жылдын башында айыл тургундарына кол салып турат. Ниан катуу үндөрдөн, жарыктан жана кызыл түстөн корккон болот. Адамдар ушул буюмдардын жардамы менен макулукту кууп салышат.

Ажыдаар Кытайда бийликтин жана ооматтын белгиси болгондуктан өлкөнүн көптөгөн аймактарында ажыдаар менен бийлешет. Көчөлөрдөгү параддарда узун, түстүү ажыдаарлар жасалып, салтанатты шаанисине келтиришет.

Эски жылдан калган жамандыктарды тазалоо үчүн Жаңы жылда адамдар үйлөрүн жыйнап, жууп-тазалашат.

Башка Азия өлкөлөрү кантип майрамдашат?

Вьетнамда бул күнү адамдар үйлөрүн тазалап, гүлдөр менен жасалгалашат.

Түндүк жана Түштүк Кореяда үч күнгө созулган Сеоллал майрамын өткөрүшөт. Кореялыктар Чарйе деп аталган жөрөлгөнү жасашып, ата-бабаларга тамак-аш арнашат жана кирип келген жылда ыраазычылыгын алууга аракет кылышат.

Түштүк Кореяда Спам Жаңы жылда берилген эң сүйүктүү белекке айланган. Адамдар консерваланган эт салынган белек себети үчүн $75 чейин төлөшөт.

Монголияда бул майрам Цагаан сар деп аталат. Айрым монголиялыктар бул күндү Ак Ай майрамы деп коюшат. Адамдар алтар же күмбөз катары колдонулган таштардын алдында сыйынышат. Алар адамдарды бириктирет деген ниетте жыттоочу бөтөлкөлөрдү бири-бирине беришет.

Кытайдын жаңы жылы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдөгү эң чоң Жаңы жыл салтанаттарынын бири Нью-Йоркто өтөт

Ай эсеби боюнча Жаңы жыл дүйнөдө кандай белгиленет?

Нью-Йорк шаарында фейерверк салтанаты өткөрүлүп, Сара Рузвельт атындагы паркта 600 миңдей фейерверк атылат. Андан соң Чайнатаундын көчөлөрүндө арстан бийлери жана парад болот.

Сингапурда Чингай аттуу көчө парады өтөт. Анда жасалгаланган транспорттор, түстүү костюмдар, жандуу чыгармалар жана фейерверктер болот.

Британиядагы эң чоң жана тарыхый кытай коомчулугу Манчестерде жайгашкан. Жаңы жылда алардын 53 метрлик ажыдаары көчөлөрдөн өтүп, шаардагы Чайнатаунду көздөй парадга чыгат. (EA)