Кытайда мышык менен иттин клону массалык түрдө сатыла баштады

Сүрөттүн булагы, Sinogene Biotechnology Company
Кытайдын Sinogene ("Синоджин") компаниясы Россия менен биргеликте үй жаныбарларынын клонун жаратуу долбоорлорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Бул компания мышык менен иттин клонун массалык түрдө өстүрүп сата баштаганы белгилүү.
Аталган компаниянын башкы директорунун орун басары Ван Инин ТАСС агенттигине берген маегинде Россия менен үй жаныбарларынын клонун өстүрүү жана сатуу багытында биргелешип иштөө боюнча болуп аткан сүйлөшүүлөргө, компаниянын өзү илимий-изилдөө иштеринин масштабын кеңейтип жатканына токтолгон:
"Мен биз абдан чоң прогресске жетебиз деп үмүт кылам. Рынокто жаныбарларды клондоо боюнча кызматты абдан жеткиликтүү кылабыз деп ойлойм",-деди компания өкүлү.
Sinogene июль айында мышыктын клон көчүрмөсүн ийгиликтүү өстүрүп чыгарып, андан кийин клон мышыктарды массалык сатууну баштаганын жарыя кылган.
Клон жасоо үчүн үй жаныбарынын клеткасын алып, аны суррогат энеге салып өстүрүп алышат. Бул ишке болгону эки ай убакыт кетет.
Компаниянын башкы илимий кызматкери клеткасы көчүрүп алынган мышыктын өзү менен анын клону бипбирдей көрүнүштө экенин, бирок мүнөздөрү ар башка болуп калганын билдирген эле.
Sinogene ошондой эле иттерди да клондоштуруп жатканы белгилүү, жакынкы планда почта көгүчкөндөрүнүн, аттардын клонун жасоо иштери турат.
Расмий статисткага караганда, Кытайда 73 млн адамдын колунда 91 млн мышык жана ит бар. Ири мегаполис шаарларда кээ бир адамдар балалуу болгондон көрө үй жаныбарын кармаганды артык көрүшөт. Ошондуктан үй жаныбарлардын клонун өстүрүп сатуу кирешелүү бизнес болуп калды. Ɵлкөдө мышык менен иттин базарында он миллиарддаган доллар акча айланып, жыл сайын көбөйүп жатат.
Sinogene компаниясында мышыктын клонун жасоо 250 миң юань (2,4 миллион сом) турат. Ал эми иттики кымбатыраак - 380 миң юань (3,6 миллион сом). Кытайда бир нече адам өздөрүнүн мышыгынын клонун чыгарып алыш үчүн бул компанияга кайрылганы белгилүү. (КС)












