Жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнө кайта баштады

Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо келишимине жетишилген соң акыркы эки жыл ичинде жер которууга аргасыз болгон миңдеген палестиндер Газанын түндүгүнө кайтышууда.

Израил аскерлерин макулдашылган жерге чыгарганын кабарлады. Көптөгөн газалыктар болгон буюм-тайымын алып, жөө баратышат. Би-Би-Синин кабарчысынын айтымында, Газа шаарына кайтып жаткан палестиндер кыйроонун масштабын көрүп нес болушууда.

Израил өкмөтү президент Трамп сунуштаган тынчтык планынын биринчи баскычын жактыргандан кийин Газада ХАМАС менен ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргени маалым болду. Ага ылайык, Израил армиясы бомбалоону "дароо токтотушу" керек болчу. Бирок жумага караган түнү алардын чабуулдары уланганы кабарланды.

Би-Би-Синин Стамбулда жүргөн Газа боюнча кабарчысы Рушди Абулаф газалыктар дале өз коопсуздугуна кооптонуп жатканын айтат.

"Таңкы саат 3тө Хан-Юнис бомбаланганын ырасташты. Ал Израил келишимди жактырганын жарыялагандан кийин болууда. Ошондуктан көптөгөн башаламандыктар болууда жана Газанын элине эмне кылышы керектиги тууралуу эч ким маалымат бербей жатат. Аларга түндүккө кайтып барууга уруксат берилдиби? Эми көңүлү тынч жүрө алышабы? Ок атышуу токтогонуна ишенсе болобу? Мындан улам Газада кырдаал канчалык башаламан экенин билсе болот, анткени азыр Газаны эч ким башкарбай жатат," - деп билдирди Рушди Абулаф

Макулдашуунун дагы бир шартына ылайык, Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөлгөн унаалардын киришине да уруксат берилиши керек.

"Ошол биринчи маселе. Биз жогорку калориядагы азыктарды жеткиришибиз керек. Гумжардам жүктөлгөн жүздөгөн унааларыбыз бар. Азыр Газаны жетиштүү азык-түлүк, гумжардам менен камсыздашыбыз зарыл. Газа тилкесинин ар бир бөлүгүнө, түндүк жана түштүк тарабындагы 2 миллион адамга азык-түлүк жеткиришибиз шарт. Ошого зарыл болгон нерселерди алдын ала даярдаганбыз. 172 миң тонна азык-түлүк, дары-дармек жана чатырлар, баары даяр турат. Командалар, унаалар чек арадан өтүүгө даяр жана ошол азык-түлүк зарыл болгон жерге жеткирилиши үчүн коомдук байланыштарыбызды, эксперттерибизди тартабыз," - дедиБУУнун Гуманитардык иштер боюнча өкүлү Том Флетчер.

АКШнын президенти Дональд Трамп 20 пункттан турган тынчтык планын сунуштаган. Анын биринчи баскычында Газада ок атышуу токтотулуп, ХАМАС израилдик барымтадагыларды бошотсо, Израил абактарынан жүздөгөн палестиналыктарды эркиндикке чыгарат жана Израил аскерлерин макулдашылган сызыкка чыгарып кетет.

Ал эми туткундарды бошотуу эмки аптада башталары маалым болду. Жекшемби күнү АКШнын президенти Трамп Жакынкы Чыгышка барары да кабарланган.