You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казакстан: Эки кыргыз жараны каза тапты, 150сү алынып келди
Бүгүн Казакстандан 150 кыргыз жараны алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жарандар азыр “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен өтүп жатышат. Алар атайын уюштурулган автобустар менен шаарга жеткирилет. Казакстандан келгендердин арасында улгайган адамдар, жаш балдар жана студенттер дагы бар.
Маалыматта Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган КРнын жарандары З. Юбуров, А. Хуров, А.Р. Джишанло, И. Мачону бошотуу боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү айтылат.
Ошондой эле ЖМКда жана социалдык тармактарда КРнын жараны Б.Торогелдиевдин Шымкент шаарында укук коргоо органдары тарабынан сурак убагында катуу сабалып, оор абалда медициналык жардамга муктаж экендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгиленет, азыркы кезде Министрликтин кызматкерлери Б.Торогелдиев менен байланышта, анын ден соолугу жакшы, коопсуз абалда үйүндө жайгашкан деп билдирет министрлик.
Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулу Назарали Ариповдун билдиришине караганда, Казакстандагы болгон окуяларда эки кыргыз жараны каза болду.
Учурда казак-кыргыз мамлекеттик чек арадан өтүүлөр чектелгендиктен, Казакстанда баш аламандыктар учурунда каза болгон КРнын жараны А. Мусаевдин сөөгүн мекенине алып келүү үчүн энеси С.Иманходжаевага Казакстанга кирүүгө уруксат алынганы кабарланган.
Казакстандын Маалымат министрлигинин Телеграм каналында кабарлагандай, өлкөдө баш аламандыктар башталгандан бери каза болгондордун саны 164кө жеткен. Анын 103ү Алматыда каза болгондор.
Бир нече убакыттан кийин бул маалымат өчүрүлүп, Саламаттык сактоо министрлигиндегилер каза болгондордун саны боюнча маалыматы жок экенин айтышкан. Башында маалымат саламаттык сактоо мекемесине шилтеме менен берилген эле. (MD)