Украина: АКШ Россияны алсыраткысы келет

Министр Остин Россиянын Украинадагы согуштагы жоготуулары, анын жетекчилигин мындай аракетти дагы башка жерде кайталоодон токтот деп үмүт артарын билдирди.

“Украинага туура колдоо көрсөтүлсө, анын бул согушта жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү дале бар”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал АКШ Украина жана башка Европа өлкөлөрүнө кошумча $713 млн. аскердик жардам бөлөөрүн жарыялады.

Президент Путин батыш өлкөлөрүн “орус коомун бөлүп-жарып, Орусияны ичинен талкалоого” аракет кылып жатат деп айыптады.

Үч сааттан ашык уланган АКШ менен Украинанын жолугушуусу, Украинанын түштүгү менен чыгышында Россия аскердик операцияларын күчөтүп жаткан учурга дал келди.

Бул сапардан кийин Польшада пресс-конференция берип жатып, Остин мырза журналисттерге АКШ “Россия Украинага басып киргендегидей аракетин кайталай албай калгандай деңгээлге жеткидей алсызданышын каалай турганын” билдирди.

Пентагондун башчысы, АКШ бийлиги “туура жабдуу” жана “туура колдоонун” жардамы менен Украина бул конфликтте жеңе аларына ишенерин кошумчалады.

Би-Би-Синин дипломатия боюнча корреспонденти Жеймс Ландейл, Остин мырзанын Россияны алсыздандыруу чакырыгы адаттан тыш катуу айтылгынын байкаган.

"Украинага орус баскынына каршы турууга жардам берүү – бул бир иш, Орусиянын алсыздандыруу – бул такыр башка кеп”, - дейт ал.

Дүйшөмбүдө президент Путин, Остин мырзанын сөзүнө жооп кылып, батыш өлкөлөрүн “Орусияны талкалоого” аракет кылып жатат деп айыптады.

АКШнын корго министрлиги Украинага $332 миллинго чукул жаңы аскердик жардам бөлүнөрүн жарыя кылды.

Муну менен АКШнын Украинага баскын башталгандан берки жардамынын жалпы көлөмү 3,7 млрдга жетти.

Зеленский мырза бир нече аптадан бери анын армиясына учактар жана башка транспорт каражаттары берилсе, орус аскерин жеңе аларын айтып, батыш лидерлеринен аскерий жардамдын агымын көбөйтүүнү суранып келет.

Өткөн аптада АКШ Украин армиясына аритиллериялык гаубицаларды жана анти-артиллериялык радарларды бергенин алгачкы жолу тастыктады.

Орусиянын Вашингтондогу элчиси Москва АКШдан Украинага курал камсыздоону талап кылган дипломатиялык нота жөнөткөнүн айтты.

Блинкен мырза АКШнын айрым дипломатиялык кызматкерлери эмки аптадан тарта Украинага кайта турганын жарыя кылды. АКШ элчилиги азырынча Львовдо, кийин Киевде кайра ачылышы күтүлөт.

Президент Байден, эки жылдан бери бош турган АКШнын Украинадагы элчиси кызматына адис дипломат Бриджет Бринкти сунуштагысы келет.

Блинкен мырза дагы АКШнын дипломатиялык мамилесин коргойт. Ал журналисттерге Байдендин администрациясы түзгөн батыш биримдиги президент Путинге кысым көрсөтө алганын айтты.

“Стратегия – 30 өлкөнүн биргелешип Украинага чоң колдоо, Россияга чоң кысым көрсөтүү аракети чыныгы натыйжа берди”, - деди Блинкен мырза. - “Орусиянын согуштук максаттары тууралуу айта турган болсок, ал ордунан чыккан жок, Украина ийгиликке жетишти”.

“Суверендүү, көз карандысыз Украина Владимир Путинден көп узак бар болот”, - деп кошумчалады Блинкен мырза.

Жолугушуудан кийин сүйлөп жатып, Зеленский мырза анын өкмөтү Вашингтондун “болуп көрбөгөндөй колдоосун” абдан баалай турганын жана “бүткүл украин элинин жана өзүнүн атынан президент Байденге анын Украинаны колдоодогу лидерлиги үчүн ыраазычылык билдиргиси келгенин” айтты.

Акыркы күндөрү Орусия чабуулун Донбасска багыттап жатат. АКШнын булактары Москва Украинада 76 батальондон турган тактикалык топту кармап турат деп эсептейт.

Дүйшөмбүдө Британиянын коргоо министри, Орусия бул аймакта бир аз артыкчылык алганы менен, логистикалык көйгөйлөрдөн улам “али чоң жылыш кыла элек” экенин айтты. Жаңылыкта: “Украинанын Мариуполду коргоосу көптөгөн орус бөлүктөрүн алсыздандырдып, алардын аскердик майнаптуулугун кыскартты”, - деп айтылат. (CS)