Жоболоңдуу жол кырсыктары: жаңы талап өлүм-житимди азайта алабы?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Кыргызстанда жол кырсыктарынын кесепетинен каза тапкандардын, майып болуп калгандардын саны азайбай келет. Көзөмөл камералары орнотулуп, чаралар күчөтүлгөнүнө карабай жол коопсуздугу маселеси дагы деле көйгөй бойдон калууда. Ошол себептүү бийлик жаңы чараларга бара турганын жарыялады. Андан канчалык майнап чыгат, чындап эле айдоочулук маданиятты жакшырта алабы?
"Отуз үч жолу экзамен тапшырдым"
Үсөнбек Бакиров (аты-жөнү өзгөртүлдү) айдоочулук күбөлүк алганы былтыркы жылдагы эң чоң жеңиши болгонун айтып кубанды.
Ал сынактан улам кулап отуруп, отуз үчүнчү жолку аракетинен кийин документке жеткен.
"Жаз бир кулап, күз бир кулап жатып айдоочулук күбөлүгүмдү колума алдым. Алгач баардык эрежени билем деп даярданбай эле барып алдым эле. Көрсө суроолор кыйла татаал экен",- деп күлдү ал.
Кызыгы, Үсөнбек өмүр бою айдоочулук күбөлүгү жок эле айыл ичинде унаа айдап жүргөн экен.
"Чынын айтсам, айылдан эч жакка чыккан жокмун. Унаамды кылдыратып айыл ичинде эле айдачумун,"- дейт.
Ал үчүн сынакта эң оору медициналык багыттагы суроолор болгон.
"Анан дагы айрым суроолор бири-бирине окшошуп кетет. Өтө кылдат ойлонууну талап кылат. Көптөр жол эрежесин жакшы билип, тесттен ийгиликтүү өтүп келе жатып эле, ушул медициналык суроолордон жаңылып калат экен",- дейт ал.
1-сентябрдан тарта жаңы талап

Сүрөттүн булагы, Facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал ортодо президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузганы аныкталган айдоочулар окуя болгон жерден эле адистердин суроолоруна жооп берүүгө милдеттендирилерин жазды.
"Кимде ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, "Унаа" мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Айдоочу каалаган убактысында "Унаа" мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет",- деди ал.
Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу улам сынак тапшырган сайын анын баасы да жогорулайт. Биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө 500 сом төлөсө, экинчи жолу тапшырууда 1000 сом, үчүнчүсүндө 2000 сом, төртүнчү жолу сынакка кирүү үчүн 4000 сом төлөшү керек болот экен.
"Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы. 1-сентябрга чейин дагы 5 ай убакыт бар. Жол эрежелерин тиешелүү деңгээлде билбегендер, өтүнүч, жаттай баштагыла. 1-сентябрдан баштап айдоочулук күбөлүгүңөр "Унаа" мекемесине жөнөтүлө баштаса, нааразы болбоңуздар. Бул процедуранын баары видео жазуулар менен коштолот. Биринчиден, эч ким МАИ инспекторлорун күнөөлөй албайт. Экинчиден, жол эрежесин билбегендер, өздөрү эле уят болушат",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айтымында, 1990-жылдардан кийин көпчүлүк адамдар айдоочулук күбөлүктү окубастан сатып алган учурлар арбын болгон.
"20-30 пайызы эле окуп алган болушу мүмкүн. 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгени жалпыга маалым. Азыр эми бул көрүнүш кан буугандай токтоп, элдин баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады",- деп жазды Алакозов.
Кырсыкка себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар экенин айтты.
"Жол эрежесиндеги беш эле белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат. Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коёюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны жүздөп саналат. Көбүнчө дал ушул эреже билбегендердин айынан айрымдары жетим, айрымдары алмончоктой уул кыздарынан айрылып, ичтеринен кан өтүп, жер муштап отуруп калып жатышат. Дагы канчасы майып болуп калууда",- деди басма сөз катчы.
Ошондой эле ал ички иштер министри менен "Унаа" мекемесинин жетекчисине 1-сентябрга чейин бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берилгенин кошумчалады.
Бирок бул аракет ийне-жибине чейин ойлонуштурулуп, өтө кылдат иштелип чыкпаса коррупциянын кезектеги уюгуна айланып, тоскон эле жерден "тоорумай" башталат деп коңгуроо каккандар аз эмес. Ал тургай жол кыймылын көзөмөлдөгөн айрым адистер өздөрү дагы жол белгилерин билбей турганын айтышып, андай видеолорду бөлүшө башташты.
"70 пайыз айдоочу жол эрежесин толук билбейт"

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда айдоочулардын 70 пайызы жол эрежелерин толук билбейт.
Мекеме айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө курсту кайсыл жактан аяктаганын, айдоочулук күбөлүктү кайсы жылы алганын билбегендери дагы болгон.
"Жол белгилерин жөн эле коелу, кайсыл категорияны бүтүргөнүн билбегендер аныкталып жатат. Демек алар күбөлүктү кандайдыр бир башка жол менен алышкан да",- деди аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Байгазы Айткул уулу.
Расмий маалыматтарды карасак, 2025-жылдын башынан тартып республикада 1300гө жакын жол кырсыгы катталган.
Анын кесепетинен 2000ге жакын жаран ар кандай жаракаттарды алган жана 110 киши каза болгон.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктары 10 пайызга өскөн.
Бирок өтө оор кесепет менен коштолгон жол кырсыктары бир аз азайган.
"Ушундай жагдайларды эске алып, бизге дагы атайын тапшырмалар берилди. Анын алкагында ИИМ жана "Унаа" мамлекеттик мекемеси биргеликте 1-сентябрдан тартып киргизиле турган жаңы эреженин жол-жобосун иштеп жаткан учурубуз. Атайын жумушчу топ, ведомстволор аралык комиссия түзүлөт. Анын алкагында сурамжылоо кандай жүргүзүлөт? Канча мөөнөт берилет? Сынакты тапшыруу канчага созулат? Деген маселенин баарын жумуш тобу иштеп чыгышы керек. Ошондон кийин анан коомчулукка толук кандуу маалымат берилет",- деди Айткул уулу.
2023-жылдын 8-мартында Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын алкагында бир жыл ичинде үч жолу жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды квалификациялык экзаменге жөнөтүү нормасы кабыл алынган.
Мындан тышкары, мас абалында унаа башкаргандар үчүн жаза чарасы катаалдашып, бир жылга айдоочулук укуктан ажыратуу талабы киргизилген.
Бул эреже күчүнө киргенден бери Кыргызстанда 17 928 айдоочу соттун чечими менен бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылган.
"Биздин талдоонун негизинде айдоочулардын айдоо маданияты жок. Катталып жаткан жол кырсыктарынын 91 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Мурдагыдай мамлекет жол салып бербей жатат, жарыктандыруу жок, чуңкурларды жамап бербей жатат дегидей эмес. Мамлекет шарт түзүп бергенине карабай, жол кырсыктарынын саны абдан көп" – деди Байгазы Айткул уулу.
"Абийрсиз кызматкерлер жок эмес"

Сүрөттүн булагы, mvd.gov.kg
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ички көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусовдун айтымында, Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо боюнча лицензиясы бар 330 билим берүү уюму иш алып барат.
Анын 74ү мамлекеттик болсо, калган 256сы жеке менчик мектептер.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 202 миң 528 айдоочуга күбөлүк берилсе, 2022-жылы 167 миң 833, 2023-жылы 125 миң 81, 2024-жылы 125 миң 108 айдоочу күбөлүк алган.
"Салыштырып карасак, мурунку жылдары айдоочуларга күбөлүк көбүрөөк берилген. Маселен, 2021-жыл менен 2024-жылды салыштырсак, айырма 75 миңди түзөт. Жылдан жылга бул көрсөткүчтүн азайышы талаптын жана көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн, сынактардын ачык-айкын өтө баштаганын көрсөтөт. 2024-жылы бир жараныбыз 33 жолу экзаменге кирип, ошол жылдагы эң көп тапшырган адам болуп калды", – деди Жунусов.
Адистин айтымында, буга чейин жеке бизнести текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен, айдоочуларды даярдоо мектептерин текшерүү мүмкүн болгон эмес. Быйылкы жылдан тартып гана аларды пландуу текшерүүгө уруксат берилген.
Ошондой эле Жунусов аталган агенттикке байланыштуу айтылып келген сын-пикирлер тууралуу мындай деди:
"Буга чейин айдоочулук күбөлүк кандай берилип келгени баарына маалым. Акыркы жылдары талап катуу болгондугуна байланыштуу мурункудай коррупциялык көрүнүштөр жокко эсе. Бирок адамдан амал качып курулбайт. Сынактан өтпөй калган айрым жарандар кийинки жолкусунда ийгиликтүү тапшыруу максатында кичинекей камераларды, кулакчандарды колдонууга аракет кылган учурлар болот. Коррупциялык факторлор жок деп белгилеген менен агенттикте дагы абийирсиз кызматкерлер жок эмес. Канча талап кылбайлы арасында коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар адистер чыгып жатат. Бирок мындан ары дагы көзөмөлдү күчөтөбүз".
Кыргызстандагы айдоочуларды даярдоо мектептери көп жылдар бою, совет доорунан бери колдонулуп келген программанын негизинде окутуп, тиешелүү мекеме экзамен алып келген.
Мурда сынакка катышкан талапкерге 10 суроо берилип, 8-9 суроого туура жооп берген курсант экзаменден ийгиликтүү өттү деп эсептелчү. Бирок соңку жылдары талаптар күчөтүлүп, сынактын шарттарына да өзгөртүүлөр киргизилген.
Учурда ар бир талапкерге 20 суроо берилет. Ал 25 мүнөттүн ичинде кеминде 18 суроого туура жооп бериши керек.
Айдоочулук күбөлүк берүүгө карата эрежелер күчөтүлүп, катуу эскертүүлөр киргизилгенине карабай мыйзам бузган фактылар бир топ эле катталды. Ал тургай андай мекемелердин биринде жооптуу адис дүрбү аркылуу көмөк көрсөтүп жүргөнү аныкталганын президент Садыр Жапаров өзү да жазган эле.
Бир унаада баратып бүлөсү менен толук каза тапкан кайгылуу мисалдар четтен чыгат.








