Эколог: Кыргызстандын түндүгүндө кызыл карагайлуу токойлор жоголуу коркунучунда

Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы кызыл карагайларды зыянкечтер бүлгүнгө учуратып жатат. Токой кызматы быйыл 600гө чукул ийне жалбырактуу даракты кыйып, өрттөп жок кылууну мерчемдөөдө. Экологдор сырттан ташылып келген көчөттөр, курулуш материалдары жакшы текшерүүдөн өтпөй, алар менен кошо келген зыянкечтер токойлорду байырлап, экосистемага олуттуу доо кетирип жатканын билдиришүүдө.
Чүй облусундагы Кегети капчыгайы кооздугу менен жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып келет. Бирок өрөөндүн кызыл карагай өскөн аймагынын тагдыры кейиштүү. Карагайларды зыянкеч каптаган.
Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун энтомология лабороториясынын кызматкери Дмитрий Милько жер шарында азыр бул "душманга" каршы күрөшүүнүн ыкмасы табыла электигин, жеринде өрттөп жок кылуудан башка арга жоктугун айтат:
"Токойду кызыл карагай мурутчан деген жандык талкалап жатат. Зыянкечтин өзү анчалык кооптуу эмес, анын денесинде жашаган нематода коркунучтуу. Коңуздун микроорганизмдери карагайдын ичине кирип, бир жылда сөңгөктү толугу менен жеп коюуга кудурети жетет. Натыйжада карагайдын ичи көңдөй болуп, таптакыр жарактан чыгууда".

Сүрөттүн булагы, Facebook
Быйыл 600 түп кызыл карагай кыйылат
Токой кызматынын маалыматына караганда, Кегетиде 180 гектардай аянты кызыл карагай ээлеп турат. Бул 257 футбол талаасынын аянтына барабар, же Ватикан мамлекетинен аймагынан төрт эсе чоң дегенди билдирет. Ушундай ири өрөөн карантиндик зонага айланган.
"Эмнеге карантиндик зонага киргенин түшүндүп кетейин. Бул кызыл карагайлар өлкөнүн башка жерлеринде да өсөт. Эгер карагайлар сыртка ташылып чыкса, аларга да жайылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан зыянга учураган отун Чүй токой чарбасынан тышка чыкпашы керек. Курт жеген карагайлар жеринде өрттөлүп жок болушу керек", – дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Айбек Байдалиев.
Расмий маалымат боюнча, былтыр бул жерде курт жеген 400дөн ашуун кызыл карагай кыйылган жана өрттөлгөн. Экологдор соңку текшерүү учурунда зыянкечтер өтө көбөйүп кеткенин аныкташкан. Быйыл дагы 600гө чукул карагайга белги салынды. Эми аларды да жок кылууга туура келет.
Экономика эле эмес, экология...
Энтомолог Дмитрий Мильконун божомолуна ылайык, кызыл карагай мурутчаны Кыргызстанга тыштан кирген. Кегетидеги токойду байыр алганы 2009-жылы эле аныкталган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Зыянкечтин Кегетиде кантип пайда болуп калганынын бир эле түшүндүрмөсү бар. Муну өкмөткө жолдогон отчетто да белгилеген элем. Кегети капчыгайындагы Көл-Төр аймагына туристтер үчүн жакшынакай, эки кабаттуу мейманкана курушкан. Ошол жерге зыянкеч уялаган жыгач материалдары ташып келинген болушу мүмкүн. Себеби биздин чек арада карантин дээрлик иштебейт".
Илимдер академиясынын кызматкерлери тыштан ташылып келген көчөттөрдүн, курулуш материалдарынын текшерилишин катуу көзөмөлгө алуу керектигин эскертип жатышат.
Соңку мезгилде арча-карагай жыш өскөн аймактарга эс алуу жайлары жапырт курулуп жатканы белгилүү.
Адистердин пикиринде, курулуш материалдары менен келген зыянкечтер жана вирустар шамал, чымчыктар аркылуу тарап, миндеген гектар токой аянттарын зыянга учуратууда.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Марат Асыпбеков тыштан ташылып келген товарлар эрежеге ылайык текшерүүдөн өтөрүн белгилеп, бирок адамдык фактор – шалаакылык болбойт деп кепилдик берүү мүмкүн эместигин моюнга алат:
"Тыштан ташылып келген көчөттөрдү, курулуш материалдарын жүз пайыз текшерүүдөн өткөрүү дээрлик мүмкүн эмес. Адис ташылып келе жаткан товардын үлгүсүн гана лабораториялык анализге алат. Жүктү толугу менен текшере албайбыз. Күмөн жараткан жагдайлар болгондо, фитосанитардык талаптарга жооп бербегенде, жүктү артка кайтарабыз, же зыянсыздандыруу иштерин жүргүзөбүз, болбосо жок кылабыз".
Энтомолог Дмитрий Милько зыянкеч Кегетиден башка аймактарга – Кемин, Токмоктогу Шамшы капчыгайы жана Ысык-Көлгө да тарап жатканы жөнүндө тастыкталбаган маалыматтар бар экенин айтат. Ал вирус аныкталганда эле ага каршы катаал күрөш жүрүшү керек эле деп эсептейт.
"Кызыл карагай мурутчаны отчет жазылган кагаздан коркпойт. Ал аракеттен коркот. Ал эми феромондук тузакчаларды илүү менен акчаны гана коротушту, ал эч кандай мааниге ээ эмес. 15 жыл мурда Кегетиде бирин-серин гана карагайды зыянкеч каптаган болсо, азыр дээрлик баары ооруп жатат. Эми жерди эрозияга учуратпай, алардын баарын кыйып, өрттөөдөн башка арга жок. Тилекке каршы, 5-15 жыл аралыгында Кыргызстандын түндүгүндө кызыл карагайлар толугу менен жок болушу мүмкүн".
Өлкөдөгү башка токойлорду да зыянкеч менен илдет тооруду
Расмий маалыматка караганда, 2024-жылы 16 миң гектардан ашуун токой аянты зынкечтерден жана илдеттерден жабыркаганы аныкталган. Өзгөчө Арсланбаптагы жаңгак токой зыянкечтерден катуу жапа чегип жатат.
"Жалал-Абаддагы жаңгак токоюнда түгөйсүз жибек көпөлөгү бар. Мала курт деп коебуз. Ошол көпөлөк жаңгактын жаан тийбеген, шамаал тийбеген жерлерине жумурткалап, тукумун көбөйтөт. Жыл сайын 5-6 тоннадай жумуртка жаздыкчасын кол менен терип чыгабыз. Мындан тышкары биологиялык ыкмалар менен дарыланат. Бул курт мурда деле болуп келген, азыр деле бар", – дейт Айбек Байдалиев.
Биология илимдеринин доктору Азамат Усупбаев Арсланбап жаңгак токоюнда абал оор экенин, бак-дарактар куурап, экосистемага олуттуу доо кетирип жатканын айтат.
"Мына ушул сүрөттөрдү Арсланбаптагы жаңгак токоюнан тарткам. Долонолор куурап жатат. Куурагандан кийин бул жер көчкүгө алып келет. Бул сүрөттү да жаңгак токоюнан тартып алгам. Жер көчүп кеткен. Минтип, куураган бактар кыйылып, жаңгак токойдун жанындагы набайканаларга отун катары ташылып жатат.
GFW: Кыргызстан 2023-жылы 169 гектар табигый токойдон кол жууду
Кыргызстанда токойлор ар беш жылда ири масштабдуу санактан өтөт. 2023-жылы жүргүзүлөн соңку эсепке ылайык, Кыргызстандын жалпы аянтынын дээрлик 6,3 пайызын токой ээлегени аныкталган.
Демек, 2018-жылы жүргүзүлгөн биринчи инвентаризацияга салыштырмалуу жашыл аянттар 1,2 пайызга көбөйгөн.
Чиновниктердин билдиришинче, кол менен урук сээп көбөйтүүдөн тышкары токойлор табыгый түрдө жаңыланууда.
Бирок Global Forest Watch (GFW) онлайн-платформасынан алынган көрсөткүчтөр такыр башкача.
GFW – Дүйнөлүк ресурстар институтунун (WRI) демилгеси. Тиркеме Google баштаган 40тай эл аралык уюмдун өнөктөштүгү менен ишке ашып келет.
Бул платформа спутниктердин жардамы менен жер шарындагы токойлордун аянтын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөйт.
Тиркемеден алынган маалыматка караганда, 2020-жылы Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,3 пайызын гана токой түзгөн.
2023-жылы өлкө 169 гектар аянттагы табигый токойдон кол жууган.

Спутниктен алынган маалыматтарга таянсак, 2001-жылдан бери өзгөчө Чүй боорундагы токой аянттары кескин кемиген.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө токойлордун ролу зор. Алар атмосферага кислород бөлүп чыгарат жана көмүр кычыл газын сиңирет. Топуракты эрозиядан сактап, дарыялардын жана көлдөрдүн тазалыгын камсыздайт. Жердин температурасын, нымдуулугун жөнгө салат.
Дүйнөлүк банктын баяндамасына караганда, климаттын өзгөрүшүнөн улам 2030-2050-жылдар аралыгында Борбор Азияда эле 5 миллион киши жер которушу мүмкүн экени айтылган.
Макаланын автору Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти Айдай Аманкулова








