"Македонскийдин аскерине дары, эркек уругуна жакшы": кыргыз жаңгагы тууралуу легенда жана илим

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Илимий макалаларда Англия жаңгагы (English walnut) же Персия жаңгагы (Persian walnut) деген аталыш менен таанылган кадимки жаңгак (Juglans regia L.) Карпат тоолорунан баштап Түркия, Ирак, Иран, Кыргызстан, Афганистан, Индия сымал бир канча өлкөлөрдө табигый шартта таралган.
Ушул себептен улам жогоруда аталган өлкөлөр жаңгактын мекени болуп эсептелет. Бул өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токоюна ээ, ошонусу менен өзгөчөлөнүп турат.
Мен 2018-2023 жылдар арасында Түркиянын Конья шаарында жайгашкан Сельчук университетинин айыл чарба факультетинде докторантура окудум. Докторлук диссертациямда Кыргызстанда жайгашкан Өзгөн жаңгак токоюнда перспективдүү формаларды аныктоого аракет кылдым. Изилдөөдө Өзгөн жаңгак токоюнан сырткары Жалал-Абад областынын кээ бир аймактарын да камтыдым. Ошондон улам бир нече жылга созулган илимий изилдөөмө таянып, Кыргызстандын өзгөчө жаңгагы, анын уникалдуулугу тууралуу ой бөлүшкүм келди.
Өлкөбүздөгү бул теңдеши жок жаңгак токоюнун жалпы аянты кээ бир булактарда 600 000 гектар деп берилсе, кээ биринде 721 000 гектарга жетет деп жазылган. Англия жаңгагы деп аталып калуусунун себеби 1492-жылы испаниялык деңиз саякатчысы Христофор Колумб Америкага жол салгандан кийин Англия аркылуу Америкага көптөгөн өсүмдүк түрлөрү Евразия материгинен ташыла баштаган.

Сүрөттүн булагы, Нурсултан Атокуров тарткан сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу корголгон.
Алардын бири болгон жаңгак (Juglans regia L.) түрү да Англия аркылуу Америкага жетип, Англия жаңгагы деп аталып калган. Ушул жерден Англияга же болбосо Европага бул жаңгак кандай барып калгандыгын карап көрсөк, тарыхта уламыш катары айтылып келе жаткан Александр Македонский Орто Азияга чейин басып келген учурда аскерлери дартка чалдыгып айласы кетет. Ошондо жаңгактан жасалган дарынын жардамы менен айыгышат.
Македонский согуштан кайтып бара жатып Кыргызстандан жаңгакты өзү туулуп өскөн Грециядагы Пелла шаарына алып кеткен. Бул жерден Европага, андан ары да Америкага тараган болушу толук ыктымал. Ал эми Перс жаңгагы деп аталуусунун себеби Каспий деңизинин түштүгүндө жайгашкан Гиркан токоюнда табигый жаңгак токоюнун жайгашуусу болуп саналат.
Негизи илимде чоң аянттарда жапайы түрлөрү өскөн ареалды мажор, башкача айтканда чоң деген мааниде, ал эми салыштырмалуу кичинекей аймакта жапайы түрлөрү өскөн ареалды минор ата мекени деп аташат.
Бул нерсеге таянсак, Кыргызстанда жайгашкан Арстанбап дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою болгондуктан жаңгактын мажор ата мекени болуп эсептелет. Дүйнөдө жаңгак боюнча илимде эч ким грек жаңгагы деген терминди колдонбосо да, тилекке каршы КМШ өлкөлөрү, өзгөчө жаңгактын ата мекенинде жашап жаткан кыргызстандыктар жаңгакты башка өлкөлөрдүн мөмөсү катары таанытып жатканы абдан кейиштүү.
Бизге салыштырмалуу аз аянтта жапайы өскөн жаңгак токою бар Түркия (Анадолу жаңгагы) же Иран өлкөлөрүндөй эле эч тартынбай кыргыз жаңгагы деп атасак болмок. Анте албасак дагы жөн гана кадимки жаңгак дегенге эмнеге болбосун?

Сүрөттүн булагы, Медербек Жаанбаев
Мындай үлкөн токой жана андагы чексиз сандагы ресурстары Кыргызстандын биоартүрдүүлүк боюнча дүйнөдө өзгөчө орунга ээ өлкө экендигинин далили болуп эсептелет. Бул токой кыргыз тилинде Арстанбап деп колдонулса, орусча, түркчө жана англисче булактарда Арсланбоб деген ат менен таанылган. Арстанбап жаңгак токою негизинен Жалал-Абад областында жайгашса да бир аз бөлүгү Ош областынын Өзгөн районуна чейин кулач жаят.
Кыргызстанда жайгашкан бул уникалдуу токойдо жаңгактан башка мисте, ит мурун, долоно, бадам, алма, алмурут сымал көптөгөн мөмө түрлөрү табигый шартта өсүп, мөмө берет. Мамлекетке караштуу токой чарбалары ошол аймакта жайгашкан тургундарга белгилүү өлчөмдө токойду убактылуу пайдаланууга берип, киреше алат.

Сүрөттүн булагы, Медербек Жаанбаев
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми жергиликтүү тургундар бөлүнгөн аймагын башка адамдардан жана жаныбарлардан коргоп, ал жерде өсүп-бышкан козукарын, ит мурун, жаңгак, долоно, алма, кара өрүк сымал айыл чарба продукцияларын сатып, салыктарын төлөп, тиричилигин улантышат.
Жаңгактын курамында 13-22% протеин, 56-70% май (Омега 3, Омега 6), витаминдер (А, Е, С, В1, В2), минералдар (темир, цинк, жез, магний, фосфор) жана башка заттар камтылган. Жаңгактын түзүлүшү мээге окшош болушу менен бирге чындыгында мээге пайдалуу жана эс тутумду жогорулатат. Аны менен бирге жүрөк, кан айлануу системасына, депрессияга каршы жардам берет. Бул менен чектелбестен рак илдетинин алдын алат жана эркек уругунун сапатын жогорулатып, репродукцияны жакшыртат.
Жаңгактын гүлдөрү бир даракта, бирок башка жерлерде (өз-өзүнчө) жайгашкандыктан бир үйлүү (моноик) мөмө түрү болуп эсептелет. Жаңгак шамал менен чаңдашып, (анемофил) бал аарыларына, курт-кумурскалардын чаңдаштыруусуна анчалык көз каранды болбойт.
Эгерде көп санда чаңча жаңгактын ургаачы гүлүнө чогулса, чаңчалардан бөлүнүп чыккан кээ бир фитогормондордун натыйжасында жаңгактын мөмө берүүчү ургаачы гүлдөрү төгүлүп калат. Бул нерсе илимде аборция деп аталат жана Серр (АКШнын жаңгак сорту) сымал кээ бир сорттордо дагы да көп байкалат.
Ошондуктан заманбап жаңгак бак курууда чаңдаштыруучу сорттун пайызы 2,5-5% гана түзүүсү керек. Андан көп чаңдаштыруучу колдонулса, аборция көрүлөт жана түшүм төмөндөйт. Cебеби бир чоң жаңгак дарагы орто эсеп менен 5-20 миллиардга чейин чаңча өндүрөт. Алардын 1,25-5 миллиарды жандуу болуп чаңдашууга жарактуу болот. Чаңдаштыруучу сорттун негизги сорттон узактыгы эң көп 120 метрди түзүүсү керек.
Анын жанында жаңгак түрү көбүнчө эркек гүлдөрү ургаачы гүлдөрүнө салыштырмалуу эртерээк гүл ачат жана бул процесс илимде протоандри деп аталат. Ал эми кээ бир учурда ургаачы гүлдөрү эркек гүлдөрүнө салыштырмалуу эрте гүлдөгөн учурлар кездешет жана ал илимде протожини деп аталат. Сапаттуу жана мол түшүм алууда бул өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен көп жылдык бактарды куруу керектелет.

Сүрөттүн булагы, Медербек Жаанбаев
Миңдеген жаңгак дарагынын ичинен 102 даана жакшы өзгөчөлүктөргө ээ жаңгакты бөлүп алып, аларды үч жыл бою фенологиялык жана помологиялык жактан изилдеп байкоо жүргүздүм. Изилдөө жыйынтыгында жумурткадай чоңдуктагы салмагы 27 грамды түзгөн, бир шиңгилде 12 даанага чейин мөмө байлаган, жука кабыктуу, данеги ак жана бүтүн чыккан, өтө түшүмдүү, эрте жашта мөмө берген жаңгактарга күбө болдум. Жогорудагы өзгөчөлүктөр ар башка жаңгакта болсо да алардын баары Кыргызстандын теңдеши жок жаңгак токойлорунда өсүп жатат.
Ашканабызда жаңгактын багын ача албай жатканыбыз зор кемчилик
Тилекке каршы өлкөбүздө ушундай кенен ресурсу болсо да бүгүнкү күнгө чейин жаңгак, мисте сымал мөмө түрлөрүндө аз санда изилдөө жүрүп, жыйынтыгында перспективдүү формалар тандалып алынган, бирок ата мекендик сорттор жана кыюу астылар чыгарылган эмес. Бул деген жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө көптөгөн продукт жана татымалдар колубузда туруп даамдуу тамакты жасай албай жатабыз, тескерисинче ал тамакты сатып алып, башка өлкөлөрдүн экономикасына салым кошуп жатабыз деген сөз.
Ошондуктан мамлекетибиз бул тармактарга көңүл буруп, илимпоздордун ата мекендик жаңгак сортторун чыгаруусу, ишкерлердин ал сорттордун көчөттөрүн көбөйтүүгө жана заманбап жаңгак бактарын калыптандырып, өндүрүүгө шарт түзүп берүүсү абзел. Ошондо гана арзыбаган баада ар кимге кор болбой, барктуу да, баалуу да болмок.
Түркия үстүбүздөгү жылы коңшу Өзбекстанда өндүрүлгөн бирдей сорттогу жаңгактарды алышты. Ал эми бизде заманбап жаңгак бак жокко эсе. Эң чоңу 3 гектарды түзүп, сыноо иретинде курулган жаңгак багы болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Медербек Жаанбаев
Дүйнөдө көптөгөн жаңгак сорттору болсо да учурда экономикалык мааниде Чандлер, Хартлей, Ховард, Сер, Ашлей, Туларе, Педро, Киско, Пайне Фернор, Франкет, Фернетте, сымал сорттор өстүрүлүп жатат. Бул сорттор АКШ жана Францияга тиешелүү сорттор болуп саналат. Аны Дейвистеги Калифорния университетинин окумуштуулары профессор Южийн Сер жана анын кесиптеши Харолд Форд чыгарышкан.
Бул эки окумуштуу 1948-1965-жылдар арасы жаңгакта аргындаштыруу аркылуу бүгүнкү күндө эң маанилүү болгон жаңы сортторду чыгарышкан. Айта кетсек профессор Сер Техама, Сер, Густин, Чико жана Вина сортторун чыгарса, ал эми Форд Сердин ишин улантып Чандлер, Ховард, Санленд жана Туларе сортторун чыгарган.
Булардын ичинен Чандлер сорту дүйнөдө эң көп өндүрүлгөн сорттордун башында турат. Бул сорт Педро сорту менен UC 56-224 аталышындагы форманын ортосунда чаңдаштыруунун натыйжасында пайда болгон. Анын негизги себептери Чандлер сорту жазда кеч жалбырак чыгаргандыктан эрте жазда болуучу үшүктөрдөн коргоно алуусу, каптал бүчүрлөрүнүн 90 пайызы мөмө берүүсү жана абдан түшүмдүү болуусу, эрте жаштарда мөмө байлоосу, ак жана бүтүн чыккан маңызга ээ болуусу.

Сүрөттүн булагы, Медербек Жаанбаев
Тилекке каршы бул сорт кышкы суукта Фернор сортуна караганда чыдамы аздыгы жана күздө он беш күндөй кечирээк бышуусу Кыргызстан сымал кескин континенталдуу катаал климатка ээ өлкөлөр үчүн кооптуу болуп калууда. Акыркы беш жылдын ичинде Түркиядан алынып келинген Чандлер сортундагы жаңгактар Кыргызстандын Чүй жана түштүктөгү аймактарга отургузулган.
Жыйынтыгында көпчүлүк аймакта бул сорт кышкы катуу суукка чыдай албай куурап калды. Бул маселени чечүүдө биздин климатка окшош, деңиз деңгээли бийик жана жаңгак сорттору жакшы болгон өлкөлөрдүн башында Франция турат. Алардын чыгарган Фернор, Франкет, Фернетте сымал суукка чыдамдуу сортторду өлкөбүздүн багбандарына жана ишкерлерине сунуштап келебиз.
Жаңгактын тамыры кымбат, андан кымбат эмерек даярдатса, ошончолук мартабасы жогору көрүнүп калат деген сыяктуу чуулгандуу талкуулар болуп келди. Биз аны эмес, эбегейсиз жаңгак токоюнун ээси катары уникалдуу мүмкүнчүлүгүбүздү кантип толук пайдаланабыз, канткенде дүйнө элинин ашканасына даамдуу азык катары кымбат сунуштап, мен алам, мен алам деген кардардын кезегин калыптандырабыз дегенди ойлонууга убакыт эбак жеткен.
Айыл чарба илимдеринин доктору (PhD), Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу Медербек Жаанбаев.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












