Көл-Суу: муздагы бий, самоор чайы, укмуш көлдүн кышы менен жайы
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Кычыраган -32 градус сууктагы муз бийи, кайберендер, зоо арасында буркурап кайнаган самоор, көлдө сүзгөн теке сыяктуу кызыктын баарын баяндайбыз...
Желим таштанды жаратылыштын “жарасына” айланды. Кайда болбосун желимдин азабы...
Бир нече жыл мурун шаарда, жол боюнда, талаада желим таштанды жайнап кетти деп келдик. Анан ал көлдүн түбүнө жеткенин көрүп таң калдык.
Көрсө, бул башталышы экен. Желим таштанды Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестке чейин эбак жетиптир.
Андан да өкүнүчтүүсү окумуштуулар “океан, деңиздерден кармалган балыктардын этинен микропластиктерди тапты” деген кабар катуу ойго салды.
Эскертүү: Сүрөт, видеолорду уруксатсыз пайдаланууга болбойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундан улам экологияга зыянсыз туризм темасын иликтеп жатып кызыктуу бир каарманга туш болдум. Ал германиялык турист Вольф Ганг эле. Анын Кыргызстанга кызыгып, кайра-кайра келе берерин угуп жолугайын деп чечтим.
Вольфганг 2006-жылы Кыргызстанга алгачкы ирет келиптир. Ал учак менен кеминде 4500 км, андан ары дагы 500км унаа менен жүрчү алыс жолго деле кайыл болуп келе берет экен.

Сүрөттүн булагы, Вольфгангдын жеке архиви
Учактын билетине эле 70-80 миң сомдой коросо керек. Бул чыгымдардын бир эле бөлүгү. Анда ал эмнеге улам кайрылып келе берет? Мунун сыры эмнеде экенин өз көзүбүз менен көрөлүчү деп чогуу сапарга аттандык. Көрсө, биз бир укмуштуудай кооз, ажайып жерге жөнөгөн экенбиз.
Күндүн чыгышын жолдо бара жатып тоздук...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Вольфганг Кыргызстанга кеминде алты жолу атайын келиптир. Ал Кыргызстандын табиятынын күйөрманы, ыктыярчысы болуп калган экен.
Дөө байырлаган жер...
Кыргыз жер-сууларынын аталышы уламыштарга жык толгон. Биз азыр уламыш боюнча кезинде эбегейсиз дөө жашаган жерге бара жатабыз. Аңыз кепке караганда ал дөө ошол заманда эле тоо суусун буруп алам деп катуу аракет кылган имиш. Ал сууну топтоп бизге сактап бергиси келген сыяктанат. Кептин баары анын кетменинде. Ал зор кетмени менен зоону керте чаап, сууну тосуп анан көл пайда болгон имиш. Ал дөөнүн аты Ажымулук болгон экен.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Ага чейин ушунучалык тунуктугунан улам бары жогу билинбеген, бир карасаң жалтырап эле ташы көрүнгөн сууга келдик. Бул мүрөктүн суусундай мөлтүрөгөн Кулжа-Башы суусу. Мөңгүнүн суусуна жүзүмдү чайып жатып, окумуштуулардын келечекте суу алтындан да кымбат болоорун айтканы эсиме түштү...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Cапарыбыз уланды. Бул жерди жарым жапайы топоздор байырлайт экен. Оюн салып, букалары жер челип турду. Топоз эч нерсе эмес, "жайылган ирикке аркар аралышып кетчү" деген кептерди укканда апыртма катары карачу элем. Көрсө, ал сөз жөө жомок эмес экен. Ошол сындуу көрүнүштү өз көзүм менен көрдүм...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Жолдо бара жатканыбызда капыл-тапыл эле өтө жакын жерден аркар-кулжа чыга калса болобу! Кериле чуркагандарын көрүп аябай тамшандык. Улуу тоонун кайберендерин атайылап эле алдыбызга айдап келгендей болду. Биз камераны алып чыгып жандырганча көк мелжиген тоолордун асыл кайберендери бизден бир аз алыстай түштү. Ошентсе да кенен-кесир тартып алдык. Жолубуз болот экен деп кубанып калдык.
Ушундай кызыктарды көрүп олтуруп көздөгөн жерибизге кандай жеткенибизди да байкабай калдык.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Эми жол тандабасты жеткен жерибизге калтырып, менден да “улуурак” унаа "УАЗ" менен зоолорду көздөй жөнөдүк. Айтмакчы, европалык эң алгачкы туристтерди да дал ушул унаа жеткирген экен. Үй ээси Алмаз байке бизге жолду дагы, экстермалдуу туризмди дагы көргөзөм деп тамашалады. Тамашасы чын чыкты. Агыны катуу суу кечип, бирде ташка урунуп, бирде "УАЗ" секирип кетип бара жаттык. Адреналин чегинен ашып эле түштү. Сиз да барып калсаңыз этияттап, коопсуздукка көңүл буруңуз.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Так ушул жол менен барып, бир кырды ашканда көргөн көзүбүзгө ишенбей бакырып, кыйкырып кубанып жаттык. Себеби ажайып бир жайда, тоо көлүнүн жээгинде турдук. Камера, баары унутулду. Кыйкырып, сүйүнө эле бериптирбиз...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Эми сиз дагы биз менен кошо мөлтүрөгөн көл менен асман тиреген зоонун сулуулугуна тамшаныңыз...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Эми көргөн көзүңүзгө ишенбей кетишиңиз да мүмкүн, жакшылап карап көрүңүзчү. Бул чындап эле, ал жапайы...

Сүрөттүн булагы, Акмарал Алмаз кызы тарткан сүрөт
“Текечерди аман-эсен коё берип жибердик”,- деди аны кармагандар. Мен аларга абдан ишенгим келет. Себеби табиятка суук колду салуу жазасыз калбай турган иш. Бул жаратылыштын мыйзамы.
Кийик демекчи, кезинде аңчылыктан калбаган Алмаз байке өкүнүчүн жашырган жок.
“Мен кезинде маани бербей эле кийик атканыма абдан өкүнөм. Көрсө анын такыр кереги жок экен. Эми азыр тескерисинче аларды көбөйсө экен деп абдан коруп жатабыз. Ал жаратылыштын байлыгы экен да. Алар көбөйсө туристтерге да абдан кызык болот турбайбы. Эми аларды коргогонго өттүк. Атпайбыз. Туристтер да аларды жанынан көрүп, "элдин табиятка мамилеси абдан жакшы экен",- деп турса кандай сонун!”

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Кымгуут турмуштан, интернетке чырмалып калган бизге жайлоонун күнү укмуш берекелүү сезилди. Дүйнөнүн төрт бурчунан биз сыяктуу интернеттен “качкан” турситтер агылып келип жатты. Каш карайып кеч киргенде оттун табына олтуруп, Көл-Суунун кечинен бир ырахат алалы дедик. Алоолонгон кызыл жалын баарыбызды арбап алгандай эле болду...
Алоолонуп күйгөн от көрсөм,
Алоолонуп кетет жүрөгүм.
Канча оттуу өмүр өткөрсөм,
Ошончолук отту сүйөмүн... (Жолон Мамытов)
Эргүүдөн канат байладык көрүнөт. Ырыбыз да, сырыбыз да төгүлүп турду...
Улуу айдын жарыгында,
улуу түндүн жарымында... деп Нурлан Калыбековдун ырын да окуп жибердик.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Биз эми жылдыз санамай болдук. Андагыдай жылдыздарды, андай асманды көрө элегиме көп болгон эле. Бишкектин кап-кара ышы далай кооздукту томсортуп, думуктуруп салганына дагы бир жолу кейидим...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Тоонун таңы керемет. Аны угуп же карап коюу аздык кылат. Суу каймактап, теребелге шүүдүрүм түштү. Таза абада уйку да сонун канат. Таң эрте аттарды токуп, кайрадан көлгө аттанмай болдук. Эми көлдүн эң эле төрүнө бара турган болдук. Көрсө бир күндө моокумубуз канбай калган экен. Аттандык...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Бул күн бизге төрт мезгилди көрсөттү. Туманы зоолорду ого бетер сүрдүү кылып, улуу тоолор ого бетер калдайып турду. Мындай зоолордун алдында биз кыпын элебиз. Леонардо Дикаприо тартылган “Тирүү калгандар” тасмасындагы табияттан бул жердики ашса ашып, эч бир жагынан кем калбайт. Балким Голливуддун кайсы бир фильмдери ушул жерлерде да тартылып калар...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Кайык менен кеминде 10 км жүрүп, көлдүн аркы четине жеттик. Сууга түшкөн аркар-кулжаны жанынан көрүүгө үлгүрбөй калдык. Бирок баткакта ташка тамга баскандай издери турду. Бул жердегидей тулаң чөптү азырынча бир да жерден көрө элекмин.
Айтмакчы, ушул көл канча бир жылда толук соолуп, кайра пайда болуп турат экен. Кызыгы ошол кубулуш учурунда көлдүн таманыныдагы баткактар суунун калдыгы менен агып чыгып кетип, анан кайра толуп турат дешти.
Үч күндүк саякаттан кийин сапарыбыз карыды. Бирок бул жердин кышы кандай керемет, кандай сыноо болду экен деген ой мээмден чыкпай койду. Кыштын кыраан чилдесинде бир кайрылып келем, өз көзүм менен көрөм деп убада бердим. Убадамды аткарбасам болбостур...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Кышкысын Кынданын ашуусу жабылып, такыр бакша жол менен жөнөдүк.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Февраль айы. Суук -32 градуска чейин көрсөтүп жатты. Кыштоодогу малчылар бир апта мурункуга караганда суук бир топ кайтып калганын айтып, камырабай жүрүшөт. Укмуш карды, өзгөчө жолду басып кайрадан көлгө жакындап бара жатабыз.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Жайкысын бул көлдүн суусу канчалык тунук экенин көрсөттүк эле. Көрсө музунун тунуктугу андан кем калбайт экен. Мен мынчалык тунук музду азырынча көрө элекмин. Музу тим эле Богем Хрусталындай жаркырайт. Кычыраган суук менен алыс жолго карабай туристтерди ушул тунук муздар, кышкы көпкөк асман азгырып турат окшобойбу.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Мындай укмуш көрүнүштү сөз менен айтып болбосо керек. Биз атайын камынып, чоң даярдык менен келип табияттын кооздугуна сиздер менен кошо тамшангыбыз келди. Бул сюрпризибиз сизге да жагат болуш керек. Атайын чакырып барган муз бийчи дал ошол музда чимириле бийлеп жатты...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
“Негизи мындай керемет жерге келип калам деп ойлогон дагы эмесмин. Бул жомоктогудай, аябай жакшы бир түшүмдөй сезилип кетти. Ушул кооздук, ушул муздар кылымдарга сакталып калса деп тилейт экенсиң. Климат ысып жатат деп экологдор кайра-кайра айтып жатпайбы, ошол ысык бул тоолорго жетпесе, муздарын, мөңгүлөрүн кемитпесе дейм. Менин оюма койсо канча мүмкүн болсо ошончо узак жылдар келип музунда бийлей эле бермекмин", - дейт муз бийчиси Карина.
Кыштын кыраан чилдеси, көп-көк муздун үстүнө токтобой кар учуп жатты. Суктандык, тамашандык, муз үстүндө бийди көрдүк. Камера менен фотоаппарат колдон түшкөн жок. Үшүп, курсак ачып турганда талаанын тамагы ого бетер таттуу. Так ошол Көл-Суунун жээгине казан асып, куурдагын кууруп, самоорун кайнаттык...

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Талаанын тамагы бизге абдан жакты. Анын даамын кайрадан маал-маалы менен татып туруу адатка айланды. Эми андай саамалыкты айтылуу Ала-Арчада улантып, Көл-Суунун туризмдеги таржымалы, не бир кызыктары, экологиясы жана келечеги тууралуу кенен аңгемелештик.

Сүрөттүн булагы, BBC KYRGYZ SERVICE
Бул баянга учкай гана маалымат сыйды.
Көл-Суу тууралуу видеобузду толугу менен бул шилтемеден көрүңүз:















