Орус пропагандасы Африка менен Латын Америкасында аудиторияны байкатпай кантип өзүнө тартып жатат?

- Author, Джулиана Граньяни
- Role, Би-Би-Синин дезинформацияга каршы күрөш бөлүмү
- Author, Мария Коренюк
- Role, Би-Би-Синин дезинформацияга каршы күрөш бөлүмү
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Хавьер Гальярдо күнүн классикалык музыка телеберүүлөрүн көрүү менен баштаганды жакшы көрөт. Бул анын күнүмдүк тартибинин бир бөлүгү, анткени музыка ага ишке жакшы маанай менен киришүүгө жардам берет. Июнь айындагы дүйшөмбүлөрдүн биринде ал адаттагыдай эле телевизорду күйгүзгөн. Бирок музыканын ордуна экрандан согуш жүрүп жаткан аймактан тартылган кадрлар көрсөтүлгөн.
"Эмне болуп жатат?" — деп таң калды Хавьер. Жыйырма мүнөттөн кийин ал телевизорду өчүрүп салды: "Бул мага жаккан жок".
Экрандын төмөнкү бурчунда жашыл логотип менен RT деген жазуу көрүнүп турду. Хавьер интернеттен издеп, бул орусиялык телеканал экенин билди.
Хавьер Чилиде жашайт. Укканына караганда, өлкөдөгү жеке менчик Telecanal телеканалы өзүнүн жыштыгын мурда Russia Today деген ат менен белгилүү болгон Орусиянын мамлекеттик жаңылыктар телеканалына – RTге өткөрүп берген.

Сүрөттүн булагы, Photo by YURI KADOBNOV/AFP via Getty Images
Чилинин Телеберүү боюнча улуттук кеңеши Telecanal телеканалы мыйзам бузганы үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Учурда канал орусиялык телеканалга жыштыкты кандай негизде өткөрүп бергенин түшүндүрө элек.
Ошондой эле Telecanal Би-Би-Синин суроосуна да жооп берген жок.
Бул аралыкта Чилидеги көрөрмандар эч нерсеге түшүнүшкөн жок.
"Мен капа болдум. Алар муну алдын ала эскерткен да жок, эмнеге ушундай кылышканын түшүнгөн жокмун", —дейт Хавьер.
Акыркы үч жыл ичинде Орусиянын RT мамлекеттик жаңылыктар телеканалы, ошондой эле маалымат агенттиги жана Sputnik радиосу дүйнөгө кулачын кеңири жайып баратат. Азыр алар Африкада, Жакынкы Чыгышта, Түштүк-Чыгыш Азияда, Латын Америкасында жана Балкан өлкөлөрүндө көрсөтүлүп жатат.
Бул жараян Батыш мамлекеттеринде RTге карата чектөөлөр киргизилген учурга дал келди.

Сүрөттүн булагы, Kirill KUDRYAVTSEV / AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2022-жылдын февралында Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин RT телеканалынын берүүлөрү АКШда, Улуу Британияда, Кананада жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө чектелген. Ошондой эле ири технологиялык компаниялар Украинадагы согуш боюнча жалган маалыматтарды таратты деген жүйө менен телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларын бөгөттөшкөн.
2024-жылы АКШ RTнын жетекчилигине, анын ичинде башкы редактор Маргарита Симоньянга каршы санкция киргизген. Алар "мамлекеттик институттарга болгон коомдук ишенимди кетирип жатат" деп айыпталган.
Бул чаралар Кремль президенттик шайлоолорго кийлигишүү боюнча кеңири масштабдуу кампания уюштурду деген дооматтарга кабылган маалда кабыл алынган. RT болсо мындай кампанияларга тиешеси бар экенин четке каккан.
Ошентсе да башка көптөгөн өлкөлөрдө RTнын таасири артып жатат.
2023-жылы телеканал Алжирде корпункт ачып, серб тилинде телеберүү баштады. Ошондой эле Африкадан, Түштүк-Чыгыш Азиядан, Индиядан жана Кытайдан келген журналисттер үчүн акысыз окутуу программаларын ишке киргизди.
Телекомпания мындан тышкары Индияда да кеңсесин ачканын жарыялады. Ал эми февраль айында орусиялык Sputnik Эфиопияда ишин баштады.
Мунун баары Батыш маалымат каражаттары айрым аймактарда активдүүлүгүн азайтып жаткан учурга туура келди. Бюджеттин кыскарышы жана тышкы саясаттагы артыкчылыктардын өзгөрүшү айрым ЖМКларды кыскартууга, ал тургай ишин токтотууга мажбур кылды.
Эки жыл мурда Би-Би-Си өзүнүн араб радиоканалын жаап, аны санарип форматтагы жаңылыктар менен алмаштырган. Кийинчерээк Газа сектору менен Судандын калкы үчүн атайын радиоберүүлөр чыгарыла баштаган.
Дал ошол мезгилде орусиялык Sputnik Ливанда күнү-түнү берүүлөрүн көрсөтө баштаган. Ал Би-Би-Синин Араб кызматы баш тарткан жыштыкты ээлеп алган.
Ошол эле учурда АКШ өкмөтү каржылаган эл аралык "Америка добушу" кызматкерлеринин көпчүлүгүн кыскартты.
"Орусия сууга окшош: цементтеги жаракалар кайсы жерде болсо, ошол жерден сиңип кирет", — дейт Стэнфорд университетинин өкүлү Кэтрин Стоунер.
Бирок Орусиянын акыркы максаты эмне? Жаңы дүйнөлүк тартип шартында орусиялык медианын таасиринин күчөшү эмнени билдирет деген суроо ачык бойдон калууда.
"Баары эле аңкоо конспирологдор эмес"
"(Батыштан тышкаркы өлкөлөр) интеллектуалдык, маданий жана идеологиялык жагынан абдан ыңгайлуу чөйрө болуп эсептелет. Себеби бул аймактарда антиамерикалык, антбатыштык маанайлар дагы деле күчтүү", — дейт Манчестер университетинин профессору, Орусияны изилдеген Стивен Хатчингс.
Анын айтымында, орусиялык пропаганда абдан чебер жайылтылат: анын мазмуну ар бир аудиториянын кызыкчылыгына жараша өзгөртүлөт. Бул кээде ар башка аймактардагы ар түрдүү идеологиялык позицияларга ыңгайлашууга алып келет.

Сүрөттүн булагы, KIRILL KUDRYAVTSEV/AFP via Getty Images
Мисалы, RTны алсак, Батышта аны көбүнчө "орусиялык мамлекеттик компания жана дезинформация тараткан канал" катары көрүшөт. Бирок дүйнөнүн башка аймактарында RTны жөн гана өзүнүн редакциялык позициясы бар кадимки телеканал деп эсептешет.
Ушундан улам көп учурда көрөрмандар RTге ишенүүгө ыкташат — "алардын баары эле жалганга ишене берген аңкоо конспирологдор эмес".
Мындай ойду Глазго университетинин эл аралык мамилелер боюнча окутуучусу Рис Крилли да колдойт. Анын пикиринде, RTнын дүйнөдөгү окуяларды чагылдыруусу кеңири аудиторияга — "акыйкатсыздыкка нааразы болгон же Батыш белгилүү бир окуяларга түздөн-түз аралашкан деп ишенген адамдар үчүн" кызыктуу болушу мүмкүн.
"Абдан кылдат манипуляция"
Тышкы көрүнүшү боюнча RTнын англис тилиндеги сайты кадимки жаңылыктар порталындай сезилет, айрым окуяларды ал чындыкка жакын чагылдырат.
Ачык университеттин саясат таануу жана эл аралык изилдөөлөр боюнча улук окутуучусу Прешис Чаттержи-Дуди бирок бул "абдан кылдат манипуляция" экенин белгилейт Ал RT тууралуу китепти профессор Стивен Хатчингс жана Рис Крилли менен биргелешип жазган.
Алар жана башка изилдөөчүлөр RTнын эл аралык жаңылыктарын эки жыл — 2017-жылдын май айынан 2019-жылдын май айына чейин талдап чыгып, сюжеттердин тандалышы белгилүү бир нарративдерге шайкеш келгенин аныкташкан.
Мисалы, Европадагы окуяларды чагылдырууда RT өзгөчө көңүлдү нааразылык акцияларына жана баш аламандыктарга бурган. Ал эми Орусиядагы кабарларда көбүнчө аскердик машыгууларга басым жасалган.
Телекомпания ошондой эле ачык эле жалган маалыматтарды берген учурлар болгон. Маселен, 2014-жылдагы Крымдын аннексиясын "тынчтык жолундагы кайра биригүү" катары сүрөттөп, аскерий кийлигишүүнүн айкын далилдерин четке каккан. Ошондой эле телеканал 2022-жылдан берки толук масштабдуу согуш учурунда Орусия Украинада аскердик кылмыштарга барып жатканы тууралуу далилдерди танып келет.

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLYOV /AFP via Getty
RT ошондой эле репортаждарында айрым комментаторлор аркылуу 2014-жылдын июль айындагы малайзиялык MH17 учагынын кыйрашына Украина күнөөлүү деген дооматтарды тараткан. (Эл аралык жарандык авиация уюму бул кырсыктын жоопкерчилиги Орусияга таандык экенин жарыялаган. Ал эми эл аралык тергөөчүлөр учакка сокку жасоо үчүн колдонулган ракета системасы Орусиядан Украинанын чыгышындагы оккупацияланган аймакка жеткирилип, аны орусиялык аскерлер жана орусиячыл жикчилдер колдонгонун аныкташкан).
2018–2022-жылдар аралыгында изилдөөчүлөр Улуу Британияда RTнын көрсөтүүлөрүн көргөн 109 адамды сурамжылашкан. Бул убакта телеканалдын өлкөдөгү лицензиясын Ofcom регулятору жокко чыгара элек болчу. Изилдөөчү Прешис Чаттержи-Дуди белгилегендей, көпчүлүк респонденттер RT "бейтарап эмес" экенин түшүнгөнүн, бирок "чындыкты жалган маалыматтан айырмалап билүү үчүн өздөрүндө жетиштүү инструменттер бар" деп эсептешкенин айтышкан.
Бирок Чаттержи-Дуди изилдөөгө таянып, "[Аудитория] RT кайсы жерден жана кандай ыкма менен жалган айтып жатканын дайыма аңдай бербейт" деп эскертти.
Эмне үчүн Орусия кайрадан Африкага көңүл бурууда?
Профессор Стивен Хатчингстин айтымында, акыркы мезгилде Орусиянын мамлекеттик медиасы Африкадагы көрсөтүүлөрүн кыйла көбөйттү.
Февралда орусиялык бийлик өкүлдөрү Эфиопияга барып, "Спутниктин" жаңы кеңсесинин ачылышына катышкан. Бул медиа буга чейин эле Африканын башка өлкөлөрүндө англис жана француз тилдеринде көрсөтүүлөрүн таратып келет. Эми болсо Sputnik өзүнүн берүүлөрүнө Эфиопиянын расмий тилдеринин бири болгон амхар тилин кошту.
RTнын башкы редакторунун айтымында, телеканал мурда Батыштагы француз тилдүү аудитория үчүн иштеген редакциясын эми Африканын француз тилдүү өлкөлөрүнө багыттаган. Ошондой эле Лондон, Париж, Берлин жана АКШдагы редакцияларга бөлүнгөн каржылоо Африкадагы көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жумшалган.

Сүрөттүн булагы, MLADEN ANTONOV /AFP via Getty
Өткөн жылы Орусиянын мамлекеттик медиасы RTнын Африкада жети корпункту бар экенин билдирген. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон эмес.
Африканын көпчүлүк калкы Орусияга оң көз карашта. Мунун себеби — бул аймактарда күчтүү бойдон сакталып турган антиколониалисттик жана антиимпериалисттик маанай. Ошондой эле кансыз согуш маалында СССР Африканын боштондук үчүн күрөшкөн кыймылдарын колдогону да эсте сакталууда.
"Африкадагы көрсөтүүлөрүн көбөйтүү менен Орусия Батыштын таасирин алсыратууну, африкалык өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болууну жана алар менен экономикалык байланыштарды чыңдоону көздөп жатышы мүмкүн", — деп эсептейт Рис Крилли.
RTнын африкалык журналисттер үчүн курсу
RT африкалык журналисттер жана блогерлер үчүн алгачкы онлайн-курсун ишке киргизгенде, анын мазмунун түшүнүү үчүн Би-Би-Синин Глобалдык дезинформацияга каршы күрөш бөлүмү да байкоо жүргүзгөн.
"Биз фактыларды текшерүү жаатында эң мыктылардын бирибиз жана эч качан жалган маалымат таратканыбыз далилденген эмес", — деп билдирген студенттерге RTнын башкы директору Алексей Николов.
Курстун бир семинары дезинформацияны табууга жана аны ачыктоого арналган. Бирок окутуучу анда 2018-жылы Сириянын Дума шаарында болгон химиялык кол салууну "фейк жаңылыктардын классикалык мисалы" катары көрсөткөн. Муну менен ал кол салуу Орусиянын колдоосуна ээ Асад режими тарабынан жасалганын тастыктаган Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун эки жылдык иликтөөсүн толугу менен четке каккан.
Семинардын окутуучусу 2022-жылы украинанын Буча шаарында орусиялык аскерлер карапайым калкты жапырт өлтүргөнүн да четке каккан. Муну ал "эң белгилүү фейк" деп атаган. (Бул Бириккен Улуттар Уюмунун жана көз карандысыз булактардын орусиялык аскерлерди согуштук кылмыштарга айыптаган далилдерине карабастан айтылган.)
Би-Би-Си курстун катышуучулары менен маектешкен. Көпчүлүгү окутуучунун мындай ырастоолоруна анчалык деле маани берген эмес. Айрым катышуучулар RTны CNN же Al Jazeera сыяктуу кадимки эл аралык телеканал катары эсептешкенин билдиришкен.
Эфиопиялык журналист менен сүйлөшкөндө ал RTнын билдирүүлөрүн кайталаган жана Бучадагы өлтүрүүлөрдү "сценарий" деп атаган. Анын социалдык тармактагы профилдик сүрөтүндө Путиндин сүрөтү турган.
Сьерра-Леоне өлкөсүнөн келген журналист болсо дезинформация жана манипуляциялык тобокелчилик бар экенин мойнуна алып, бирок ар бир медианын өзүнүн стили жана "жаңылыктардын баалуулугу" бар экенин белгилеген.
Жакынкы Чыгыштан Латын Америкасына чейинки пропаганда
Профессор Стивен Хатчингстин айтымында, Жакынкы Чыгышта орусиялык мамлекеттик медиалар, мисалы, RT Arabic жана Sputnik Arabic, Газа секторундагы Израиль согушун чагылдырууда контентин палестиначыл аудиторияны өзүнө тартууга ылайыкташтырат.
Башка өлкөлөрдө, анын ичинде Латын Америкасында, RT көрсөтүүлөрүн көбөйтүүгө аракет кылууда.
RTнын сайтындагы маалыматка ылайык, телеканалдын берүүлөрү бул аймактагы 10 өлкөдө акысыз жеткиликтүү. Алардын катарында Аргентина, Мексика жана Венесуэла бар. Мындан тышкары RT дагы 10 өлкөдө кабелдик телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлөт.
Аналитикалык Governance and Political Analysis борборунун өкүлү, тарыхчы жана саясат таануучу Армандо Чагуаседанын пикиринде, испан тилиндеги эл аралык жаңылыктарды RT телеканалынын ийгилигинин бир бөлүгү деп эсептейт. Себеби бул көрсөтүүлөр аркылуу канал Латын Америкасындагы аудиториясын кеңейтүүдө жана өз таасирин жогорулатууда.

Сүрөттүн булагы, REUTERS/Dado Ruvic
2022-жылдын март айынан бери дүйнө жүзүндө RT YouTube платформасында бөгөттөлгөн, бирок анын материалдары кээде пайда болуп турат.
Мисалы, аргентиналык 52 жаштагы жыгач уста Анибаль Байгоррия RTнын берүүлөрүн жазып алып, аларга өз комментарийлерин кошуп YouTube каналына жарыялайп турат.
"Буэнос-Айресте жаңылыктардан негизинен шаардагы окуяларды гана билүүгө болот. RT болсо Латын Америкасындагы жана жалпы дүйнөдөгү окуяларды айтып берет", — дейт ал.
Байгорриянын айтымында, "ар бир адам өзү үчүн чындык эмне экенин чечүү укугуна ээ".
Аудитория канчалык чоң?
Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын дүйнөлүк таасирин так өлчөө кыйын.
RT 100дөн ашык өлкөдө 900 миллионго чукул телекөрүүчүсү бар экенин жарыялап, 2024-жылы материалдары интернетте 23 миллиард жолу көрүлгөнүн билдирген.
Бирок Копенгаген университетинин профессору Расмус Нильсен мындай сандарга күмөн санайт. Анын айтымында, жеткиликтүүлүк реалдуу аудиториянын көлөмүн көрсөтө албайт. Ал RTнын 900 миллион көрүүчүбүз бар деген ырастоосу шек жаратарын белгилеп, онлайн көрүүлөрдүн статистикасын так эмес жана манипуляциялык көрсөткүч катары баалайт.
Изилдөөчү Чаттержи-Дуди да түз таасирди эсептөө татаал экенине кошулат. Ошол эле маалда ал Орусиянын айрым ийгилигин мисал келтирди: Сахель аймагында (Сенегалдан тартып Суданга чейин созулган кеңири аймак) Москва аскерий ролун күчөтүп, жергиликтүү коомчулуктун олуттуу каршылыгына туш болгон жок. Орусия бул жерде Мали, Буркина-Фасо жана Нигердеги аскерий хунталарды колдоо аркылуу өз позициясын бекемдеп алды.
Орусия Украинага басып киргени үчүн актанганы — дагы бир кеңири тараган нарратив. Ал НАТОнун чыгышка кеңейишин жана Украинанын альянска жакындашын өз коопсуздугуна коркунуч катары көрсөтүп, "өзүн коргоо үчүн" кам көрүп жатканын айтууда.
Бул жүйө Батышта кабыл алынбаса да, глобалдык Түштүктүн көпчүлүк калкы арасында колдоо тапкан көз караш бойдон калууда.

Сүрөттүн булагы, Misha Friedman/Getty Images
Доктор Чагуаседа НАТОнун кеңейиши боюнча аргументти түшүндүрүп жатып: "Бул идея… өзгөчө академиялык чөйрөлөрдө, Мексикада жана жалпы Латын Америкасында жакшы кабыл алынат", — дейт.
Глобалдык Түштүктөгү айрым лидерлер Орусиянын Украинага каршы жүргүзгөн согушун ачык айыптоого батынган жок. 2022-жылы толук масштабдуу баскынчылыктан кийин БУУнун Башкы ассамблеясындагы биринчи добуш берүүдө көпчүлүк өлкөлөр согушту айыптаган. Бирок 52 мамлекет резолюцияларга каршы чыгып же добуш берүүдөн карманып, айрымдары катышпай койгон. Алардын арасында Боливия, Мали, Никарагуа, Түштүк Африка Республикасы жана Уганда болгон.

Сүрөттүн булагы, RONALDO SCHEMIDT/AFP via Getty Images
Доктор Крилли Орусиянын пропагандасынын максаты жөнүндө өз пикирин айтып жатып: "[Кремль] дүйнөлүк аренада Орусиянын обочолонуусун азайтууга аракет кылып, Москваны Батыштын агрессиясынын курмандыгы катары жана Глобалдык Түштүктүн коргоочусу катары көрсөтүүдө" , — дейт.
Эксперттин айтымында, RT жана башка орус дезинформациялык каналдары либералдык демократиянын алсыз жактарын колдонуп, ошол эле учурда Украинаны басып кирүүнү норма катары көрсөтүп, Орусияны авторитардык мамлекет эмес, дүйнөлүк саясатта кандайдыр бир "жакшы күч" катары сүрөттөп жатат.
Бул макалада айтылган сынга жооп иретинде RT: "Биз чындап эле дүйнө жүзү боюнча өзүбүздүн көрсөтүүлөрүбүздү көбөйтүп жатабыз", — деп билдирип, башка суроолорго комментарий берүүдөн баш тартты. Sputnik болсо Би-Би-Синин суроолоруна такыр жооп берген жок.
Профессор Хатчингс Орусиянын мамлекеттик медиасынын ишмердиги баарын тынчсыздандырышы керек деп эсептейт.
Анын пикиринде, Батыш негизги нерсени көз жаздымда калтырууда: өзүнүн медиа ресурстарын кыскартып, Russia Today сыяктуу оюнчуларга аянтты бошотуп берүүдө.
"Күрөшө турган да, жогото турган нерсе да аз эмес… Азырынча Орусия алдыда, бирок бул кармаш дагы бүтө элек", — дейт эксперт.
Top image credit: MLADEN ANTONOV/AFP via Getty








