Акжол – Роман: Кимиси утса да куттуктайм деп жөнөдүм. Акжолдун атасынын маеги

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Акжол Махмудов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжол Махмудов

26-апрелде Алматы шаарында Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт. Бул беттеш болот-болбойт деп эки жылдан бери маал-маалы менен уу-дуу сөз болуп келген. Эми кимиси жеңет деген баскычына жетти.

Грек-рим күрөшүнүн соңку тарыхында топ жарган бука моюн, буура сан балбандардын беттеши Иван Подубныйдын жаркын элесине арналган мелдештин алкагында болот. Атактуу кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен даңазалуу орус балбаны Роман Власовдун өтө берилген айрым күйөрмандары өз сүймөнчүгүн сүрөп, “ал кыйын, бул кыйын” деп интернетте дагы өз ара “күрөшүп” жаткан маалы.

Би-Би-Си Акжол Махмудовдун атасы Мухаммед Махмудов менен дал ушул темада кенен маек курду.

М. Махмудов: Өмүрүмдө биринчи жолу санаага батпай күйөрмандык кылам

Сүрөттүн булагы, Акжол Махмудовдун жеке баракчасынан алынды

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М. Махмудов: Өмүрүмдө биринчи жолу санаага батпай күйөрмандык кылам

М. Махмудов: Жалпы эл менен амандашып алып сөз баштайын. Эми чын-чынына келсе, менин оюмдагыдай болсо бул мелдеш болбой эле койсо деле жакшы болот эле. Себеби талдай келсек бул рейтинг аныктап же эки балбан өз эсебине упай топтоп ала турган күрөш эмес. Мунун бул жагынан эч кандай мааниси жок. Бул күрөш тигил же бул чемпионат деп эсепке кире турган күрөш эмес. Тарыхта тек гана Акжол менен Романдын күрөшү деп гана кала турган беттеш. Ушуну так түшүнүү керек.

Алматыга узатып жатып Акжолго уулум эч ойлонбо, кандай болсо дал ошондой күрөш. Жеңсең элин көтөрүп алат, жеңилсең жер көтөрөт. Бирок мен сага ишенем дедим.

Грек-рим күрөшүндө азыр да аралышп жүргөндөрдөн олимпиаданы төрт жолу жеңип алган кубалык балбан Лопез бар. Дүйнө жүзүндө эркектер арасында мындай көрсөткүчкө жеткен жападан жалгыз балбан. Лопезден кийинки эле дал ушул Роман Власов. Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Ал төрт жолу Европаны, 3 жолу дүйнөнү жеңип алган атактуу спортсмен.

Акжолдун кезектеги жеңиштеринин бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акжолдун кезектеги жеңиштеринин бири

Акжол менен Роман жакшы мамиледеги ынак адамдар. Кат-кабар алышып, такай ал жай сурашып, катташып турушат. Роман Власовду аябай жакындан билбесем да жакшы тааныйм. Акжолдон тогуз жаш улуу. Абдан тарбиялуу, адамгерчиликтүү жигит. Абдан сезимтал. Уулумдун аркасы менен мен да кат алышып турам.

Беттешти ошол жерде олтуруп, өз көзүм менен көрүү үчүн барам. Өмүрүмдө биринчи жолу Акжолго күйөрмандык кылбай, санаага батпай туруп күрөш көрөм. Жөн жай гана олтуруп, күрөштү кандай болсо ошондой көрөм. Роман менин балама душман эмес. Алар килем үстүндө кармашканы менен килем сыртында андай эмес. “Күрөштө “душман”, күрөштөн кийин бир тууган” дегендей адамдар. Күрөш бүткөндөн кийин кимиси утса да барып, колун кысып куттуктайм.

Машыгуудан кийин

Сүрөттүн булагы, Акжол Махмудовдун жеке баракчасынан алынды

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машыгуудан кийин
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Күйөрмандардын сүрөөнү абдан кызып жатканын байкадыңыз болуш керек?

М. Махмудов: Бул спорт. Спортто жеңүүчү болушу керек. Бирөө жеңиштин рахатын татса, бирөө жеңилүү ызасын тартышы керек. Роман соңку канча бир жылдагы жаркыраган жылдыз. Акжол эми жанып келе жаткан жылдыз. Бул мелдеш жеке мен үчүн Акжол Романды уткан деген сөз эле калбаса, турнир катары мага эч кандай мааниси жок. ММА дегендегидей беттешти кызытыш үчүн трек-шток деген болот экен. Ошондо эмне дейин деп уулум кеңешип калды. “Балам, Роман бир эмес эки олимпиаданы жеңген, башкасын айтпай эле кой. Андай адамга үнүңдү катуу чыгарба. Ал тарбиянын жоктугу дедим. Спорто андай болбошу керек. Экөө видео аркылуу беттешип, бир саат сүйлөштү. Абдан жакшы пикир алышты. Эл да ыраазы болду. ММА дегенде бири-бирин келекелеп жүрбөйбү, андай болбошу керек.

Би-Би-Си: Кезинде Акжол капысынан жаракат алып калганда Роман Власов дагы четте калбай кол сунган экен.

М. Махмудов: 2018-жылы Акжол “Жылдын мыкты спортчусу” деп сыйланып, сыйлоо аземинен келди. Анан ата мен эртелеп бара берейин деп калды. Макул дедим. Кеткен. Көп өтпөй эки досу көтөрүп келди. Ошондо “уулум, тарамыштан кетсе бизге оор болот” дедим. Тан эрте машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов келди. Баарын айтып бердим. Кийин жеңеден уксам Акжолдун жаракат алганын түндө билип, Мейрамбек Ахмедов таң атканча ыйлап чыккан экен.

Жакын санаалаштын баары ал-жай сурап, колдоо көрсөтүп келип жатты. Мен шекшип жатканым туура чыгып калды. Тарамыштан кеткен экен. Мен муну жакшы билем. Мындай жаракатты Германияда эң мыкты дарылайт.

Ошентип турганыбызда эле үч күндөн кийин кайра Мейрамбек агай келип калды. “Мынакей, минтип Роман жазып жатат" деп анын смстерин мага жолдоду. Көрсө Роман ошол учурда Кабардино-Балкария машыгууда экен. Мага салам айтып, "мен дароо бара албай калдым. Эгер зарыл болсо Новосибирск шаарына келиңиздер. Операция боло турган болсо бүт чыгымын өзүм көтөрөм" дептир. Жакшы сөз жан эргитет дейт го. Роман ал-жай сурап жазып, медициналык борборунан бери камдатып, эгер иш ошончолук олуттуу болсо керек болсо машыгуусун таштап салып өзү кошо келе турганын айтыптыр.

Мейрамбек Ахмедов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мейрамбек Ахмедов

"Эгер жеңил жаракат болсо менин атымдан эле бара бериңиздер. Толук өзүм дарылатып берем" деди. Ошондо менин төбөм көккө жеткен. Роман Власов адамгерчиликтин ушундай бийик үлгүсүн көрсөткөн. Абдан ыраазы болгом. Азыркыга чейин ошондогу колдоосу көз алдымда турат. Анан эң жакшы дарылайт деп Германияга кеткенбиз. Менин эч кандай туугандык байланышым жок, бирок байке дейм, байке деп сыйлайм. Себеби ошол кезде Канат Аманкуловдун аркасы менен мамлекет Акжолго аябай чоң колдоо көрсөткөн. Чыгымды мамлекет төлөп берген. Ошондуктан Акжолдун мамлекет алдындагы карызы абдан чоң. Эгер Париж олимпиадасында утса Акжол “уулум, мына эми карызыңдын жарымын кутулдуң. Калганын эми кийинкисинде” дейбиз да.

Бул спорт. Эми экөө тең азарт менен чыгат, алты мүнөт күрөшөт. Менин кудайдан тилегеним, жаракат албай беттешип, алты мүнөттөн кийин экөө мурункудан да жакын, мурункудан да ынак болуп, өмүр бою ага-ини болуп калса экен дейм.

Маектин видеосун толугу менен бул шилтемеден көрсөңүз болот: