You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы кымбат”: Президент отставкага кетти
Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, отставкага кеткенин жар салды.
"Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет...Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам",-деп айтылат президент тараткан билдирүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы сааттарга чейин «азыркы кырдаалда кызматтан кетпей турганын» айтып келди. Бирок анын отставкасын талап кылган каршылык акциялары кайра күчөп кеткенден кийин ушундай чечимге барган.
"Бүгүнкү окуялар Жээнбеков көчөдөгү адамдардын басымы, шантажы менен кетип жатканын көрсөттү. Бул эми биздин мамлекетти оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Конституция боюнча азыр Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек. Бирок эми Садыр Жапаров менен Канат Исаев тирешсе, андан аркысы кандай болот? Абдан бир кыйчалыш жагдай болуп жатат. Менимче азыр бул жерде, парламенттик менен президенттик шайлоону бир өткөрүп, биротоло бийликти колго алуу саясаты жатат. Темирди кызуусунда сок саясаты жүрүп жатат",-деди серепчи Айданбек Акматбек уулу.
Экс-президент Роза Отунбаева баштаган Кыргызстандын мурунку спикер, өкмөт башчыларынан турган ондогон саясатчылар бүгүн эртең менен президент Сооронбай Жээнбековдун кабылдоосунда болуп, өлкөдөгү соңку саясий акыбалды Садыр Жапаровлдун катышуусунда талкуулоого белсеништи.
"Жолугушууга чакырылган Садыр Жапаровду бир саатча күтүп отурдук. Тилекке каршы, ал келген жок. Президент эки-үч күн ичинде кетем дебегенин, бирок өлкө мыйзамдуу нукка түшкөндөн кийин кетүүгө даяр экенин билдирген. Менимче Садыр Жапаровго кысым көрсөткөндөр болушу мүмкүн. Анын артында да күчтөр бар окшойт. Шайлоодон кийин жалгыз гана талап болгон, өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу. Ал иш аткарылды. Бирок алар экинчи этапка өтүп, президент кетсин дегени менен саясий кризиске кептеди Бул туура эмес",- деди ал жолугушууда болгон Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев.
Кечээ жаңы дайындалган премьер-министр С.Жапаров менен президент жолуккан учурда С.Жээнбековду убадасына туруп, кызматтан кетүүгө чакырган эле.
Президенттин басма сөз кызматы жолгушуудан кийин маалымат таратып, Сооронбай Жээнбеков 9-октябрдагы убадасына тураарын, кайрадан парламенттик шайлоо өтүп, президенттик шайлоо дайындалган кийин гана кызматтан кетерин кабарлады.
Жапаров кечинде президент менен жолуккан. Андан чыгып, тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, «эртеңге чейин күтүп тургула, президент кетерин саналуу убакыт калды» деп айтты. Анын тарап кетүү чакырыгын тарапташтары укпай койду.
Буга чейин президент билдирүү таратып, «өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын» деп билдирген. Бирок айрым саясатчылар президентти отставкага кетпөөгө чакырган билдирүүлөрдү таратып жатты. Мындай кайрылууну парламенттин кезексиз жыйынында дагы бир катар депутаттар жасады. Алар президент кетсе, өлкөдө башаламандык чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.
Башаламандыктар учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаров митингчилердин талабы менен премьер-министрликке көрсөтүлүп, аны депутаттар колдоп берди. Кечээ өкмөттүн курамы жана программасы бекитилгенден кийин отставка маселеси курч коюла баштаган.
Өлкө саясий кризистен чыгууга далаалат кылганы менен коомдо дагы ички ажырым пайда болду. Бир тарабы президент ишин улантсын десе, экинчи тарабы аны кызматтан кетирүүнү талап кылды.
Жээнбековдун президенттик тагдыры
Өлкөдөгү саясий кризистен кийин отставкасын жарыялаган президент Сооронбай Жээнбеков мындан үч жыл мурун кызматка киришкен. Анын президенттиги маалында Кыргызстандын саясатында курч окуялар болду.
С.Жээнбеков Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө президент Алмазбек Атамбаевдин досу жана эң ишенимдүү кишилеринин бири катары айтылып жүрүп, анын колдоосу менен шайлоодон утуп чыккан эле. Жээнбековду жакындан билгендер аны саясатта чырлуу иштерге аралашпаган, түз жүргөн, адамгерчилиги менен калк арасында аброй күткөн киши катары сыпаттап келишкен.
Жээнбековдун шайлоо алдындагы эң чоң убадасы - "Атамбаевдин коррупцияга каршы баштаган күрөшүн улантуу" болгон эле. Бирок анын коррупция менен күрөшү эң оболу Алмазбек Атамбаев экөөнүн мамилесин бузду.
Бишкек ЖЭБдеги, Тарых музейиндеги чыр жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, Атамбаевдин убагында чоң кызматта отурган бир топ адам камакка алынды. Анын ичинде мурдакы эки премьер-министр, Бишкектин мурдакы эки мэри, министрлер бар.
Жээнбеков президенттик кызматта турган эки жыл ичиндеги эң көп талкууланган тема - Атамбаев экөөнүн чатагы. Экөөнүн тирешүүсү ырбап отуруп, акыры Атамбаев темир тор артына түштү.
Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүндөгү "тамакка сайылган сөөк" бул - "Раим миллион" деп элге кеңири таанылган Раимбек Матраимов болуп калды. Мурда Бажы кызматында иштеген Матраимовдун көмүскө ишмердиги жөнүндө бир катар басылмалар иликтөөлөрүн жарыялашты. Жарандык активисттер бир нече ирет митинг өткөрүп, бул иликтөөдө айтылгандарга укуктук баа берүүнү талап кылып чыгышкан. Бирок президент факты жетишсиз деп, ага кылымыш ишин козготкон жок. Ушул маселеден улам коомчулукта ага сындар күчөдү.
Дагы бир жагдай, Жээнбеков президентикке келгенден кийин анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун дарегине айрым тараптардан сын пикирлер айтылып турду. Бир тууганынын "Бримдик" партиясы менен шайлоого аттанганы дагы президентке болгон тескери пикирлерди күчөттү. Акыр соңунда Матраимовдордун тиешеси бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен президенттин иниси талапкерлигин койгон партиянын шайлоону утуп чыгышы, нааразылыктын берден-бир себеби болуп калды.