Мээрбек Мискенбаев: Атамбаевди коргоп калабыз

Сүрөттүн булагы, Official
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирээт суракка баруудан баш тарткандан кийин, аны күчтөп кармап кеткен жатат деген талкуулар күчөдү. Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө топтолгон адамдар аны коргоп калууга күч жетиштүү экенин билдирип атышат.
Ички иштер министрлиги өз кезегинде күч операциясы жөнүндө жоромолдорду жокко чыгарууда. Бирок ошол эле учурда Атамбаевге кезектеги чара кандай болорун ачыктабай жатат.
"Атамбаевди коргоп калабыз"
"Өздөрү мыйзам талаасынан чыгып кетишти, мыйзам таласына кайталы десек болушпады. Штурм кылабыз дешет, келсин, эл бар, журт бар. Атамбаевди кандай жол менен болсо да, коргоп алабыз, күчүбүз жетет", -деп билдирди Би-.би-Сиге парламенттин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев.
Кой-Ташта чогулган экс-президенттин тарапкерлеринин саны 400гө жетти делип жатат.
Бирок жеринде чогулгандар саны бүгүн түшкүгө бул сандан алда канча аз экени байкалды.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу ишине күбө катары көрсөтмө берүү үчүн буга чейин үч жолу чакырылып, бирок барбады. Соңку чакыруу ага бейшембиде жолдонгон.
Көчмө сурак
Жаңыртылган Кылмыш процессуалдык кодексинин 121-беренесинде үч жолу суракка келүүдөн баш тарткан жарандарды күчтөп алып келүү каралат.
Жаран суракка жүйөөлү беш гана себеп боюнча барбай коюуга укуктуу.
"Суракка чакырылган жарандын жакын туугандарынын, мисалы жубайынын өлүмү же жаран суракка келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ооруга кабылса, табигый кырсыктар, чакыруу кагазын алган эмесмин деген себептер болушу мүмкүн. Бирок коомдук сайттардагы видео материалдарга ылайык, суракка келбей коюунун жогорудагыдай эч жагдайы жок экенин көрүүгө болот"-деп түшүндүрдү юрист Эмил Жапакбаев.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал эми юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев азыркы саясий жагдайда кырдаалды мындан да курчутпаш үчүн суракты жеринен деле алса болот деди Би-Би-Сиге:
"Тергөөчү өзү Кой-Ташка барып, көчмө сурак жүргүзсө деле болот, мыйзам ага тыюу салбайт".
Мыйзам боюнча суракка күчтөп алып келүүнү түнкү убакта жүргүзүүгө болбойт.
Мыйзам улук
Мурунку өлкө башчысынан кол тийбестикти алуу жагдайлары Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес, андыктан Жогорку Кеңеш "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун өзгөртүү жолу менен Атамбаевден кол тийбестикти алган.
Атамбаевдин тарапкерлери мыйзам Баш мыйзамга каршы деп, Конституциялык Палатага өткөн айда кайрылган. Экс-президенттин суракка барбай жатышынын башкы себеби дагы ушул.

Сүрөттүн булагы, Social media
Мурдагы мамлекет башчысына "кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган" деген айыптар коюлуп, экс-президенттик макамдан ажыратылган. (EK)












