Москвалык кыргыздар: кризис шартындагы оптимизм

Кризис дагы эле басып турганына карабай, Россияга барган кыргыз мигранттарынын саны көбөйүүнүн үстүндө. 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийин кыргызстандыктар үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлду. Бирок орус акчасынын куну кеткенине байланыштуу мигранттардын кирешеси азайып, алардын үйүнө жиберген акчаларынын көлөмү да кыскарууда. Бирок бул Москва регионундагы кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы начарлап кетти дегенди билдирбейт.
Кыргызстан ЕАЭСке киргенден кийин Россияда кыргыз мигранттарынын көбөйүү тенденциясы жүрүп жатканын Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Алексей Мзареулов «Пикир» эксперттик тобу өткөргөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын сөзүнө караганда соңку маалыматтар боюнча Россиядагы орус жарандыгын алган кыргыздар 500 мин болуп калды. Ал эми кыргыз жарандыгы менен иштеп жүргөндөр 560 миң деп саналууда.
Алексей Мзареуловдун айтымында, Россиянын федералдык миграция кызматы административдик же миграция мыйзамдарды бузган кыргыз жарандарын кара тизмеден чыгарып, амнистия берүү иштерин улантууда. Ошол себептүү легалдуу келип, ишке орношуп жаткан кыргыз мигранттары көбөйүүдө. Бирок орус бийликтери азыркы учурда ишкана мекемелерди кыргыз мигранттарын ишке алуу менен чектелбестен, аларды турак-жай менен камсыз болуу маселесиндеги жоопкерчилигин да күчөтүү жагын карап жатат.
«Азыр бул маселе боюнча чоң иш жүрүп жатат. Иш берүүчү кандайдыр бир түрдө мигранттын жашоосу үчүн дагы жоопкерчилик көтөрсүн деп жатабыз»,-дейт Алексей Мзареулов.
Жаңы субэтнос

Кыргызстандык мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россиянын башка региондоруна караганда Москвага келип жатат. Анткени, башка региондорго караганда Москвада иштин түрү көп жана эмгек акы деңгээли салыштырмалуу жогору. Москва шаарын жана областынын ичинде жашаган кыргыздардын саны жарым миллионго чамалап барат.
«Мурда көчө шыпырып, пол жууп жүргөн жердештерибиз азыр супермаркеттерде жок эле дегенде кассасында отурат. Кара жумуштарда эмес, жылуу, таза жерде жакшы жумуштарда иштешип жатат. Банктарда кызматкер болуп иштегендер бар. Он пайыздан он беш пайызка чейинкиси ирденип калган ишкерлер. Ушул Москва регионунда москвалык кыргыздар деген субэтнос пайда болду деп айтып жатабыз. Өзүбүздүн тилибизди, динибизди жана маданиятыбызды сактап эле эмес, аны өнүктүргөнгө аракет кылып, ошого шарттар түзүлүп калды. Келечекте ушул региондо иштеп жаткан кыргыздардын Кыргызстанга тийгизген пайдасы аябай чоң болот деп ойлойм», - дейт «Кыргыз биримдиги» уюмунун лидери Абдыганы Шакиров.
Мигранттардын саны көбөйүп жатканы менен алардын Кыргызстанга жиберген акчаларынын көлөмү өткөн жылы үчтөн бирге түшүп кеткен бойдон анча өзгөрө элек. Андан мурдакы жылдары кыргыз мигранттары жиберген акчанын көлөмү жылына 1,3 -1,5 млрд доллар болуп жаткан. Абдыганы Шакировдун айтымында, кыргыз мигранттары жиберген акчалардын азайып кеткенинин кризистен башка да себептери бар.
«Экономика министрибиз акча которуулар 25 пайыздан 40 пайызка чейин кыскарды деп айтпадыбы. Анын баарынын себеби ошол экономикалык кризис. Экинчи жагы – биздин жарандардын көпчүлүгү Россия жарандыгын алып жатат. Жарандыгын алгандан кийин, албетте, акчасын чогултуп, үй алып отурукташууну пландайт экен да. Кыргызстанга акча которуу азайып кеткенинин бир себеби ушул»,-дейт Абдыганы Шакиров.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги берген маалымат боюнча, Москванын борбордук округу Кыргызстандан бир нече миң адамды борборлоштуруп ишке алуу жөнүндө сунуш менен чыгууда. Демек, Москва регионунда иштеген кыргыздардын саны дагы өсүү жолунда болот дегенди билдирет.
Ошол эле учурда инвестициялык жыйындарда Москвага же Россиянын башка региондоруна барып иштеп, байлык топтоп, кайра кыргыз экономикасына инвестиция салганга жарактуу ишкерлер мууну жаралып жатканын да айтып калышат.








