Мяньма: диктатурадан - демократияга карай жарым кылым жол

Нобель сыйлыгыны лауреаты Аун Сан Су Чжи башында турган Улуттук Лига үч ай мурда болгон шайлоодо парламентте орундардын үчтөн экисин ээлеген.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нобель сыйлыгыны лауреаты Аун Сан Су Чжи башында турган Улуттук Лига үч ай мурда болгон шайлоодо парламентте орундардын үчтөн экисин ээлеген.

Мяньмада Аун Сан Су Чжи башында турган, үч ай мурда парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Улуттук лига көпчүлүктү түзгөн парламенттин биринчи сессиясы ачылды.

Жарым кылым бою аскердик хунта башкарган өлкөдө биринчи жолу парламент демократиялык өкмөттү түзүшү керек. Ошондой эле жаңы парламенттин алдындагы биринчи кезектеги милдеттердин бири жаңы президентти шайлоо болмокчу. Азыркы президент Тейн Сейн март айынын аягында кызматтан кетүүгө тийиш.

Узак убакыт бою өлкөнүн саясатында үстөмдүк абалды ээлеп келген армия өкүлдөрү дагы эле болсо таасирлүү күч, парламенттеги орундардын төрттөн бири алардын колунда.

Мянмада (мурдакы Бирмада) ондогон жылдар бою аскердик хунта башкарып, саясий репрессияларды жүргүзүп, өлкөнү тышкы дүйнөдөн обочодо кармап келди.

Демократия үчүн Улуттук лига биринчи жолу 1991-жылы болгон парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, бирок бул шайлоонун жыйынтыгын башкаруучу режим жокко чыгарган. Ал эми Аун Сан Су Чжини камап салышкан.