Мьянма: шайлоодо Аун Сан Су Чжи жеңди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мьянмадагы расмийлер парламенттик шайлоодо оппозициялык “Демократия үчүн улуттук лига партиясы жеңгенин жарыялады.
Нобель сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжинин партиясы парламенттеги жарышка коюлган 80% орундун үчтөн экисине жетишкен. Бул өлкөдө жаңы президентти тандап, ондогон жылдарга созулган аскердик башкаруунун аякташына жол ачат.
Парламенттеги орундардын чейрек бөлүгү өлкөдөгү аскерий жетекчилердин квотасы менен дайындалат. Демек, өлкөдө аскерий жетекчилер дагы деле таасирин сактап калууда.
Жаңы Конституцияга ылайык, Аун Сан Су Чжи өзү президенттикке талапкер боло албайт. 25 жыл бою Бирма деген аталыш менен белгилүү болгон бул өлкөдө байкоочулар биринчи жолу ачык шайлоо өттү деп баа беришүүдө.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбү күнү эле белгилүү болуп, бирок расмий түрдө бекитилбей жаткан. Апта башында “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын миңдеген жактоочулары тарыхый жеңишти белгилөө үчүн көчөгө чыккан.
Аун Сан Су Чжи өзүнүн жактоочуларына кайрылып, жарыштан жеңилип калгандарды сыйлоо иретинде жеңишти шаан-шөкөткө айландырып жибербөөнү өтүнгөн.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мьянманын жаңы парламенти президентти тандоо процессин январь айында башташы күтүлүүдө.
Аун Сан Су Чжинин партиясы парламенттеги көпчүлүк орунду ээлегени менен бул өлкөдө аскерий бийликтин таасири дагы деле сакталып калмакчы. Анткени аскерий жетекчилер өздөрүнө бөлүп алган 25%дык орун аркылуу негизги министрликтерди ээлмекчи. Демек, “Демократия үчүн улуттук лига” эми аскерий башчылар менен кызматташууга аргасыз.
Буга кошумча, аскерийлер конституциялык өзгөртүү киргизишип, өмүрлүк жубайы же балдары чет өлкөлүк болгон атуулдарды мамлекет башчылылыкка дайындоого тыюу салышкан. Байкоочулар бул мыйзам атайын Аун Сан Су Чжини бийликке жолотпоо үчүн жазылган деп божомолдошууда. Бирок Су Чжи айым өз партиясы жеңишке жетсе, кандай болгон учурда дагы мамлекетти башкарууга катышам деп убада кылган эле.

Сүрөттүн булагы, Andre Malerba
Мьянманын армиясы жана азыркы президент Тейн Сейин бийликти тынч өткөрүп берээрин билдирди. Аскерий жетекчилер менен “Демократия үчүн улуттук лига” келерки аптада жаңы өкмөт түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштайт.
Мьянмада бардыгы болуп 30 миллиондон ашуун адам добуш берүүгө укукту. Апта соңунда өткөрүлгөн шайлоого алардын 80% катышканы айтылууда.










