Мексика шектүү наркобарондорду АКШга кармап берди

Мексиканын бийликтери америкалык укук коргоо органдары ири баӊги соодасына катышы бар деп шектенип жаткан 13 адамды АКШга өткөрүп берди.
Экстрадиция болгондордун ичинде кылмыштуу чөйрөдө өңү ак жана көзү көгүлтүр болгону үчүн «Барби» атыккан Эдгар Вальдес дагы бар. Ал мексикалык ири наркобарондордун бири болуп саналат.
Андан сырткары америкалыктарга «Зетас» жана Заливдин картелинин жетекчилери кармалып берилди. Экстрадицияланган 13 адам баары баӊгизаттарды мыйзамсыз соода, акчаларды адалдоо жана кылмыштуу топторго катышканы үчүн айыпталууда.
Шектүү адамдарды америкалыктарга өткөрүп берүү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Баӊги соодасынын ири киттерин кайтарууга армиянын бөлүктөрү чакыртылды.
Андан мурда "Альтиплано" түрмөсүнөн шектүү наркобарондордун бири Хоакин Лоэра качып кеткен эле.




