Талибан жаңы башчы тандадыбы?

Молдо Мансур

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Молдо Мансур

Тастыктала элек тасмада Молдо Ахтар Мансурду колдоп, жүздөгөн талип согушкерлери чогулганы көрсөтүлгөн.

Бул видео талиптердин ичиндеги ажырым тууралуу кабарлар чыккан мезгилге туш келди.

Молдо Мансур – Молдо Омардын өлгөнү тастыкталгандан кийин жаңы лидер деп жарыяланган. Бирок буга талиптердин Шура кеңешинин жогорку мүчөлөрү каршы чыгып, чечим кеңешилбей жасалганын айтышууда.

Алар жаңы башчыны шайлоо үчүн жакын арада жыйын өткөрөөрүн билдиришти.

Кайым айтышууну басаңдатуу үчүн Молдо Мансур лидер катары шайлагандан бери биринчи жолу аудио кайрылуу менен чыгып, талиптерди биримдикке чакырды. Ал өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн да четке какты.

“Тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу кабарлардын баары – пропаганда. Душмандар жихадды алсыздатуу жана биздин биримдикке шек келтирүү үчүн акчаны, медианы, динди жамынган адамдарды колдонду. Биз булардын баарына көңүл бурбашыбыз керек”, - деди Мансур.

Эгер талиптер сүйлөшүүлөрдү кайра жанданткысы келсе, анда Афган өкмөтү талиптердин кайсы тобу менен жолугушаары жана анын таасири кандай болоору белгисиз.

Маанилүүсү – кептин баары бул кадам кармашты токтото алабы деген суроодо турат.