Берлускони сенаторлорду сатып алганы үчүн үч жылга түрмөгө кесилди

Сүрөттүн булагы, Getty
Италиянын мурдакы премьер-министри Сильвио Берлускони сенаторлорду сатып алганы үчүн айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды.
Неаполдогу сот 2007-жылы өлкөнүн өкмөтүн кетирүү үчүн пара берилген 2007-жылдагы ишти карады.
Прокуратура болсо Берлусконини беш жылга түрмөгө кесүүнү талап кылды.
Сот экс-премьер сенаторлорду сатып алуунун натыйжасында өкмөттүк кризис жаратып, анын натыйжасында премьер-министр Романо Проди кызматтан кетип, ал эми Берлускони кызматка келген деп тааныды.
Берлускони мурдагы дагы ар кандай иштери үчүн, анын ичинде салыктан качкандыгы жана жашы жетиле электер менен жыныстык байланышка барганы үчүн соттолгон болчу.
Италиянын мыйзамдары боюнча 78 жаштагы Берлускони түрмөдө отурбай, үй камакта болууга же коомдук иштерге калууга укугу бар.




