Aльпинисттер кыргыз тоолорунун бийиктигине кызыгат

Сүрөттүн булагы, AFP
Кыргызстанда үч испаниялык альпинист кар көчкүнүн алдында калып каза тапканы кабарланды. Чуй аймагындагы Ак-Тоо чокусуна он чакты испаниялык альпинист чыккан. Алардын үчөө 21-июнда каза таап, Бишкекке алып келишкен.
Альпинисттердин сөөгүн учурда өз мекенине жеткирүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Кыргызстандын вице-премьер министри Абдырахман Маматалиев бул алпинисттер эч кандай мамлекеттик каттоодон өтпөстөн туруп тоого чыкканын, андыктан алардын коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти өздөрү же чакырган туристтик компания алаарын маалымат жыйынында айтты.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга жылына эки миңге жакын альпинисттер келет. Би-Би-Си Кыргыз кызматы тоо туризми салыштырмалуу жөнгө келтирилген Непалдагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт Навин Синх Кхадка менен маектешип, Эверест тоосуна чыгаар алдында бийликтер чет элдик альпинисттерге кандай коопсуздук талаптарын коюшат? - деп сурады.
Навин Синх Кхадка: Негизинен чет элдик альпинисттер тоого чыгаар алдында биринчи кезекте жергиликтүү малчыларга таянышат. Алар тоого коштоп барышат. Андан сырткары өкмөт альпинисттер чыны менен тажрыйбалуубу? Тоого аман-эсен барып келе алабы деген суроолордун айланасында иликтөө жүргүзөт. Тоого чыгуу үчүн уруксат алууда керек. Ал үчүн мамлекетке акча төлөшөт. Эгер мындай ураксат кагаз болбосо, анда жергиликтүү бийликтер альпинистти тоого чагарышпайт.

Би-Би-Си: Бийик тоого чыгууда альпинисттин алдында адатта кандай коркунучтар бар?
Навин Синх Кхадка: Тоонун кыртышы же түзүлүшү абдан бош болот. Аба-ырайыда болор-болбос өзгөрүү болсолсо эле мунун арты тоолордогу чоң өзгөрүүлөргө алып келет. Айрым учурларда бир градус өзгөрүү деле тоодо кар көчкүлөргө себеп болот. Андыктан альпинисттер мындан ары глобалдык климаттык өзгөрүүнү эске алып машыгуусу зарыл. Мына Эверест чокусун алалы, былтыр альпинисттердин маршурутун өзгөртүштү. Себеби мурдагы машрутта кар көчкүлөр көп каттала баштады.
Би-Би-Си: Көбүнчө Европа өлкөлөрүнөн чыккан альпинисттер эмне үчүн Непал же Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө барууга кызыгышат?
Навин Синх Кхадка: Бул чокулардын бийиктигине байланыштуу. Кыргызстанда тоолор бийик. Индия, Непал, Пакистан, Гималай кыркалары жана Кыргызстандагы тоолордун бийиктиги 5 миңден 8 миң метрге чейин жетет. Европадагы Альпы тоолору анын жарымысы дагы болбойт. Андыктан, эң башкысы - бийик чокулар. Андан кийин бул аймактагы жаратылыштын кооздугуна да кызыгышат.












