Аун Сан Су Чжи: Бирмада этникалык тазалоо болгон эмес

Бирма оппозициясынын лидери Аун Сан Су Чжи Лондонго болгон сапары маалында британ жетекчилигинин бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, Бирмадагы демократияны өнүктүрүү маселесин талкуулады.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бирма оппозициясынын лидери Аун Сан Су Чжи Лондонго болгон сапары маалында британ жетекчилигинин бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, Бирмадагы демократияны өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Бирманын оппозициячыл лидери Аун Сан Су Чжи өз өлкөсүндөгү соңку этникалык кагылышуу Рогинжа мусулмандарын жок кылууга багытталган эмес деп билдирди. Ал Би-Би-Сиге маегинде буддисттер да запкы жегенин, эки тарап тең бири-биринен кооптонуп келгенин белгиледи.

Качкындар агенттиктери өлкөдөгү тополоңдон улам 140 миңдей рогинжалык жер которгонун билдирүүдө. Лондонго келген Аун Сан Су Чжи жабыркагандардын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгон деген суроого жооп катары көптөгөн буддисттер да өлкөдөн качканын айтты:

"Жок, жок. Бул этникалык тазалоо эмес. Бул мурдагы маселелерден чыккан жаңы көйгөй. Бирмада көптөгөн мусулмандар биздин коом менен журулушуп жашап келгенин белгилеп өтөйүн. Бирок бул маселе былтыр көтөрүлдү. Бул эки тарап бири-биринен корккону үчүн чыкты. Дүйнө түшүнүшү керек, мындай кооптонуу мусулмандар тарапта гана эмес, буддисттерде да болду".

Буга чейин Нобелдин тынчтык сыйлыгынын жеңүүчү Су Чжини рогинжалык мусулмандардын укугун жетишээрлик коргоп чыга алган жок деп сынга алгандар болгон. Бирок ал буддисттердин мусулмандарга карата соңку мамилесине кооптонуу себеп болгонун айтты.

Бирма оппозициясынын лидери Аун Сан Су Чжи Лондонго болгон сапары маалында британ жетекчилигинин бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, Бирмадагы демократияны өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Ал Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин 2015-жылы демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн Бирма конституциясына өзгөртүү киргизүү керек деп айтты.

Бирмадагы аскердик өкмөт өлкөнү 20 жыл башкарып, 2011-жылы отставкага кеткен.

Аун Сан Су Чжи жетектеген демократия үчүн улуттук лига 2012-жылкы шайлоодо жеңишке жеткен болчу