1-канал: Путинге кол салуу аракети ашкереленди

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын мамлекеттик телеканалы өкмөт башчысы Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу аракетине бөгөт коюлганын билдирди. Биринчи канал, шектүүлөр Украинадагы Одесса портунда кармалганын маалымдаган.
Бирок, Украинанын да, Орусиянын да атайын кызматтары мындай маалыматты ырасташа элек.
Орусиянын 1-каналы Путиндин өмүрүнө кол салуу планына үч кишининин тиешеси бар деп кабарлаган. Маалыматка ылайык, алардын бири январь айында Одессадагы көп кабаттуу үйдөгү жарылууда көз жумган, экөө кармалган.
Телеканал эки кишини көрсөтмө берип жатканын тарткан. Анда алар Орусиянын премьер-министри Владимир Путинге жекшемби күнү өтүлүүчү президенттик шайлоодон кийин кол салууну пландашканын айтышууда.
Биринчи канал бул кишилер чечендердин талаа командири Доку Омаровдон буйрук алышкан деп белгилеген. Анткени менен, Орусиянын же Украинанын коопсуздук кызматтары бул маалымттарды ырастай элек.
Февралдын башында Украинанын күч органдары Одессада террорист деп шектелген орус атуулдарын кармаганын билдиришкен эле. Бул маалыматка Владимир Путиндин басма сөз катчысы дагы түшүндүрмө берген эмес.




