Жанаөзенде өзгөчө кырдаал режими уланууда

16-декабрда Жанаөзенде болгон баш аламандыктардан 16 адам окко учкан, ондогон адамдар жаракат алышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 16-декабрда Жанаөзенде болгон баш аламандыктардан 16 адам окко учкан, ондогон адамдар жаракат алышкан.

Казакстандын Мангыстау облусунун Жанаөзен шаарында өзгөчө кырдаал абалы 31-январга чейин уланат. Бул тууралуу буйрукка өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койду.

"Мангыстау облусунун Жанаөзен шаарындагы өзгөчө кырдаалды 2011-жылдын 17-декабрынан 2012-жылдын 31-январы, саат 7:00гө чейин Казакстандын президентинин жарлыгы менен улантылсын..", - деген кабар президенттин расмий сайтына коюлду.

Жанаөзендеги өзгөчө кырдаал массалык башаламандыктардан кийин өткөн жылдын 17-декабрында башталган эле.

16-декабрда Жанаөзенде болгон баш аламандыктардан 16 адам окко учкан, ондогон адамдар жаракат алышкан.

90 миң калкы бар Жанаөзен шаарындагы массалык тополоң мунай өндүрүшүндө иштегендердин айлыктарды кесүүгө каршы чыккан иш таштоосунан улам башталган.

Назарбаев ага катышкандарды «бейбаштар» деп атап (Бул аталышты кийин Казакстандын Баш Прокуратурасы да Шетпе шаарында чыккан тополоңдун катышуучуларына каршы колдонду), алардын бул кылыгы кандайдыр бир күчтөр тарабынан каржыланган деп чыкты.

Бирок оппозициянын сайтындагы маалыматтар боюнча атышууну алгач полиция баштаган.

Бир аз убакыт мурда эларалык «Human Rights Watch» укук коргоо уюму Казакстан бийлигин жарандардын укугуна сый мамиле кылууга чакырган. Ошондой эле бул уюм Жанаөзендеги окуяны адилет иликтөөнү талап кылган.

"Полиция тополоңду баскысы келсе, күч колдонбоого аракет кылышы керек эле", – дейт бул уюм.

Узакка созулган иш таштоо

Башаламандыктарга мунай компанияда иштегендердин айлык акынын аз дегенинен улам чыккан нааразылык акциясы себеп болду.

Мунай тармагында иштегендердин айлык акысы Казакстандагы эң жогорку айлык акылардан болуп саналат. Расмий маалыматтар боюнча алардын орто айлыгы 2 миң АКШ долларына жетет. Бирок мунайчылар мындай айлыкты жактырышпай, аны дагы көтөрүп, чет элдик мунайчылардыкына тең кылууну талап кылышууда.

Ошондой эле мунайчылар 2011-жылдын май айында камакка алынган профсоюздун юристи Наталья Соколованы да камактан чыгарууну каалашат.

Ага карата социалдык бөлүп жарууну уюштурду деген айып коюлган.

Бейрасмий маалыматтар боюнча иш таштоолорго жалпысынан 15 миңдей адам катышты.

Мунайчылар жети айдан бери иш таштап, бирок бийлик менен сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп келет.