Даун Синдрому деген эмне?

Даун синдрому жөнүндө коомчулукта маалымат деңгээлин жогорулатуунун эл аралык күнү 21-мартта белгиленет.

Даун синдромунун бүткүл дүйнөлүк күнү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2012-жылдан бери белгиленип келатат.

Бул жылдын темасы - "стереотиптерди жеңебиз". Анын максаты Даун синдрому бар адамдар, алар кандай экени жана эмне кылуу жөнүндө адамдардагы калыптанып калган көз караштарга каршы күрөштү күчөтүү.

Бул эмне?

Даун синдрому — адамдын ашыкча хромосом менен төрөлүшү. Мындай генетикалык абал адатта адамды окутууга жана анын физикалык мүнөздөмөсүнө таасир этет.

Бул кимдир-бирөөгө жуга турган оору эмес. Даун синдрому табигый түрдө келип чыгат - анын себеби белгисиз.

Бул диагноз менен төрөлгөн адамдарда спермадагы же жатын жумурткасындагы өзгөрүүлөрдөн улам төрөлгөнгө чейин эле кокустан ашыкча хромосом пайда болот.

БУУнун маалыматына караганда, ал дүйнөнүн бардык аймагында бар жана адатта адамды окутууда, физикалык мүнөздөмөсүндө жана ден соолугунда ар кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

Даун синдромунун бүткүл дүйнөлүк күнүн уюштургандардын маалыматы боюнча ар бир 800 баланын бирөө ушундай диагноз менен төрөлөт.

Анын үч түрү бар: триосомия 21 (эң көп тараган түрү), транслокация жана мозаицизм.

Синдром аны биринчи таап чыккан доктор Джон Лэнгдон Даундун атынан аталган.

Даун синдромунун беш мүнөздүү белгиси

Физикалык сүрөттөгү белгилери:

· жалпак бет, кыска мурун

· страбизм, кыйшык көз

· кыска жана жоон моюн

· алаканында сызыктар бириккен

· бою башка балдарга жана чоңдорго салыштырмалуу кыска

(Булак: АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору)

Даун синдромун дарылоонун кандай ыкмалары бар?

Бул синдром менен төрөлгөн ар бир адамдын физикалык жана интеллектуалдык керектөөлөрүн, күчтүү жактарын жана кемчиликтерин эске алуу менен жардам көрсөтсө болот.

БУУнун маалыматы боюнча, саламаттык сактоонун, эрте кароо программасынын жана инклюзивдүү билим берүүнүн адекваттуу жеткиликтүүлүгү, ошондой эле тийиштүү изилдөөлөрдун болушу инсандын өсүп өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.

Даун синдрому бар адамдарды медициналык жактан жакшы карап гана жашоо сапатын көтөрсө болот.

Бул дарыгерлерге убагында байма-бай көрүнүп, психикалык жана физикалык абалын мониторинг кылып туруу, физиотерапия, эмгек терапия, логопед, кеңеш берүү жана атайын окутуу сыяктуу иштерди өз убагында аткаруу.

Бул алардын коомдук жашоого катышуусун жана жеке потенциалын ишке ашырууну жеңилдетет.

Жашоосу жакшы болуп, кадыресе мектепке барып жана иштеп жаткандар көп, ал эми кээ бири турмуш куруп өз алдынча жашап кетет.

Чоң кызматтарга жеткендер да бар. Мисалы Испанияда Мар Гальсеран өлкө чыгышындагы Валенсиянын регионалдык ассамблеясына шайланган.

Ал Даун синдрому менен жашагандардын арасынан европалык же улуттук парламентке кирген биринчи адам болуп саналат.

Ал эми Элли Гольдштейн Vogue журналынын мукабасына чыккан Даун синдрому бар биринчи модель болуп тарыхка кирген. Убагында аны дарыгерлер баса албайт жана сүйлөбөйт деп диагноз коюшкан экен.

Майыптардын укугу үчүн күрөшкөн британиялык Хайди Кроутер болсо бул синдром эрте байкалган балдарды бойдон алдырууга уруксат берген мыйзам менен күрөшүүдө.

Ал Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз берип азыркы эрежелерди дискриминация деп айтууда. (МА)