Афганистандын тарыхый жерлерин талап-талкалоо уланууда

    • Author, Кавун Хамуш
    • Role, BBC World Service

Чикаго университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, Афганистандагы ондогон археологиялык эстеликтер системалуу түрдө талап-тоноо максатында бульдозер менен талкаланган.

Алардын айтымында, спутниктен алынган сүрөттөрдү анализдөө - талибдер 2021-жылы бийликке кайтып келгенден бери мурда башталган талап-тоноочулукту улантып жатканын кашкайта көрсөтүп турат.

Талкалангандардын арасында соңку коло жана темир дооруна, алардын ичинен айрымдары биздин заманга чейинки 1000-жылдан мурдараак мезгилге таандык байыркы конуштар бар.

Табылган тарыхый эстеликтердин көбү эки миң жылдан ашык убакыт мурун Бактриянын чордону болгон Афганистандын түндүгүндөгү Балх чөлкөмүндө жайгашкан.

Ал биздин заманга чейинки 6-кылымда Ахемениддер империясынын тушунда байыркы Афганистандын эң бай жана калкы көп аймактарынын бири болгон.

Биздин доорго чейинки 327-жылы Искендер Македонский аймакты басып алып, Ахемениддердин башкаруучусун жеңгенден кийин Роксана аттуу бактриялык аялга үйлөнгөн.

Чыгыштан батышка карай кеткен Жибек жолунда жайгашкан аймактын борбордук шаары Бактра, кийинчерээк Балх деп аталып - зороастризм дининин да, буддисттердин билиминин да борбору болгон. Кийинчерээк ал исламдын маанилүү шаарына айланган.

Чикаго университетинин Маданий мурастарды сактоо борборунун изилдөөчүлөрү спутниктен тартылган сүрөттөрдүн жана башка куралдардын жардамы менен Афганистан боюнча 29 000ден ашык археологиялык эстеликтерди аныкташты.

Бирок алар 2018-жылдан баштап Балх аймагында жаңы көрүнүштү байкашкан.

Алар сүрөттөрдөн тактарды таап, бул тактар убакыттын өтүшү менен жолдордо пайда болуп, анан жок болуп тургандыктан, бульдозердин издери экенин ишенимдүү айтышты.

Бул жаңы эле бульдозер сүзгөн аймактарды мародерлор казгандан кийинки толтурулган чуңкурлардын кыйла кийинки сүрөттөрүнөн да көрүүгө болот деп түшүндүрдү борбордун директору профессор Гил Штайн.

"Негизинен, адамдар системалуу түрдөгү талап-тоноону жеңилдетүү үчүн эбегейсиз жерлерди тазалап жатышты" деди ал мага.

Анын командасы 2018-жылдан 2021-жылга чейин 162 байыркы калктуу конуш "таң калыштуу ылдамдыкта жумасына бирден талкаланганын" жана андан кийин талиптердин тушунда 37 жерде мындай зыянкеч практика уланганын билдирди.

Окумуштуулар потенциалдуу талап-тоноочуларга маалымат бербөө үчүн так жерлерди жарыялабай жатышат.

Көптөгөн жерлерди документтештирүү иштери алгачкы этапта турат.

Бул изилдөөчүлөр кербен сарайлар катары белгилүү болгон алгачкы жол жээгиндеги мейманканаларда, дөбөлөрдө, чептерде жана канал системалары болгон жерлерде эмнелер көмүлгөнүн билишпейт дегенди билдирет.

Бирок мындан 97 чакырым гана алыстыкта Тела-Тепе жайгашкан, ал жерден 1978-жылы 2000 жылдык Бактрия алтын кору табылган.

"Алтын дөбөдө" 20 000 сейрек кездешүүчү буюмдар, анын ичинде алтын зер буюмдары, оймо-чиймелүү таажы жана Афганистандын катылган байлыктары деп аталган тыйындар болгон.

Кембридж университетинин изилдөөчүсү Саид Реза Хусейни: "Ар бир дөбөдөн цивилизациянын катмарларын ача аласыз" дейт.

Балхта төрөлгөн ал 20 жашында ыктыярчы катары Ооганстандын түндүгүндөгү археологиялык эстеликтерди, анын ичинде изилдөөчүлөрдүн айтымында, бульдозер менен талкаланган жерлерди изилдеген. Ал Чикаго университетинен тартылган сүрөттөрдү көрүп таң калды.

"Бул тууралуу укканда жан дүйнөм кыйналат",- деди ал.

Көрүнүп турган кыйроонун артында ким турганы боюнча так жооптор жок.

Профессор Штайндын айтымында, бул көрүнүштүн президент Ашраф Гани жетектеген мурдагы өкмөттүн тушунда башталып, талиптердин тушунда уланганы маанилүү болуп саналат.

Ашраф Ганинин өкмөтү алсыз болгондуктан, өлкөнүн айрым бөлүктөрүн толук көзөмөлдөй алган эмес.

Балх, анын ичинде Ооганстандын түндүгүндөгү эң чоң шаар Мазари-Шариф, 2021-жылдын августунда борбор калаа Кабулду басып алганга чейин талиптердин колуна өткөн биринчи аймактардын бири болгон.

Профессор Штайн дөбөлөр жер казуучу жабдууларды сатып алууга же ижарага алууга жана аны элет жерине "эч ким кийлигишпестен" көчүрүүгө жетишерлик бай жана таасирдүү адамдар тарабынан талап-тонолуп жатат деп эсептейт.

Хусейнинин айтымында, ал 2009-жылы өлкөдөн чыгып кеткенге чейин эле аймактагы айрым археологиялык эстеликтер тонолгон.

«Жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жана элдик кошуундардын уруксатысыз эч ким казуу иштерин жүргүзө алган эмес», - деди ал мага.

"Алар үчүн тарыхый баалуулук маанилүү эмес, алар эмне табаарын көрүш үчүн жерди казып, жок кылышат. Мен муну өз көзүм менен көрдүм, жадагалса топуракты элек менен элеп текшерип көрүштү" деп улантты сөзүн.

Ал бир кезде милициянын командири апийим эккен байыркы жерге археологиялык изилдөө үчүн уруксат алуу иштерине катышканын айтат.

2001-жылы талибдер бийликте турган алгачкы мезгилде дүйнөдөгү эң чоң Будданын айкелдери жайгашкан 1500 жылдык Бамиян Буддаларын жардырып, дүйнөнү сестентти.

Бирок алар жыйырма жылдан кийин бийликке кайтып келгенде өлкөнүн байыркы мурастарын сыйлай турганын айтышкан.

Талибандын маалымат жана маданият министринин милдетин аткаруучу Атикулла Азизи талап-тоноо болуп жатат деген дооматтарды четке кагып, тарыхый жайларды кароого 800 адамдан турган аскер бөлүгү дайындалганын айтты.

Ал Би-Би-Сиге кээ бир уюмдар министрликке "бульдозерлердин кыймылы жана топуракты жылдырып жаткан элдер" боюнча сүрөттөрдү жөнөтүшкөнүн айтты, бирок "биз тарыхый жайларды текшерүү үчүн ар кандай топторду жөнөттүк жана мен сизди ишендире алам, эч биринде бир дагы маалымат такталган жок" деди.

Ошондой эле Талибандын Коргоо министрлиги сентябрда 27 миллион долларга жакын эски буюмдарды, анын ичинде айкелдерди, мумияларды, алтын таажы, китеп жана кылычтарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деп айыпталган үч киши кармалганын билдирди.

Анда буюмдар улуттук музейге өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери уланып жатканы айтылат.

Мен Азизи мырзанын жообун профессор Штайн менен бөлүштүм.

«Эмне үчүн адамдар муну четке кагышат деп божомолдой албайм, бирок далилдер менен бетме-бет келүү ыңгайсыз. Биз эки башка саясий режимде да улантуучулук болгонун көрсөтө алабыз," - деди ал.

Профессор Штайн тонолгон экспонаттар Афганистандан Иран, Пакистан жана башка өлкөлөр аркылуу ташылып, андан соң Европага, Түндүк Америкага жана Ыраакы Чыгышка кетет деп эсептейт.

Алардын айрымдары дүйнө жүзү боюнча аукциондордо жана музейлерде датасы жок жана аталышы жок коюлушу мүмкүн.

Ал эгер тонолгон экспонаттар эч качан каталогго кирбесе, аларды издөө кыйын экенин белгилейт. Анын пикиринде көптөгөн жерлерди кайтарууну колго алса, мындан да көбүрөөк баалуу буюмдарды табууга болот.

"Ооган мурасы чындап эле дүйнөлүк мурастын бир бөлүгү жана акыйкатта баарыбызга бирдей таандык" -дейт, профессор Штайн. (МА)